Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Câu: (156) Chương: Chương Al-'Araf
۞ وَٱكۡتُبۡ لَنَا فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِنَّا هُدۡنَآ إِلَيۡكَۚ قَالَ عَذَابِيٓ أُصِيبُ بِهِۦ مَنۡ أَشَآءُۖ وَرَحۡمَتِي وَسِعَتۡ كُلَّ شَيۡءٖۚ فَسَأَكۡتُبُهَا لِلَّذِينَ يَتَّقُونَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَٰتِنَا يُؤۡمِنُونَ
"Бул дүйнөдө Сен жакшылык берип, кечирип, жакшы иштерди жасатып урматтаган адамдардын катарында кыл. Акыретте болсо, аларга бейиш даярдалып коюлган саалих пенделериңдин катарында кыл. Биз Сага тобо кылдык, кемчиликтерибизди моюндап, Өзүңө кайттык" - деди. Аллах Таала: "Бактысыздыкка алып баруучу ишти кылган адамдардан каалаганыма азабым түшөт, бул дүйнөдө ырайымым баардык нерсени ороп турат; Аллахтын ырайымы жаратылгандардан бирөөсүнө да жетпей калбайт, Анын артыкчылыгы менен жакшылыгы баарын курчап турат. Ал эми акыретте Мен ырайымымды Аллахтын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болгондорго, тиешелүү адамдарга байлыгынан зекет бергендерге, Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге жазамын.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• تضمَّنت التوراة والإنجيل أدلة ظاهرة على بعثة النبي محمد صلى الله عليه وسلم وعلى صدقه.
Тоорот менен Инжилде Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгына жана анын чындык экенине ачык далилдер келген.

• رحمة الله وسعت كل شيء، ولكن رحمة الله عباده ذات مراتب متفاوتة، تتفاوت بحسب الإيمان والعمل الصالح.
Аллахтын ырайымы бардык нерсени ороп алган, бирок, пенделерине болгон ырайымынын даражалары ар түрдүү, бул алардын ыйманына жана жакшы иштерине жараша ар түрдүү болот.

• الدعاء قد يكون مُجْملًا وقد يكون مُفَصَّلًا حسب الأحوال، وموسى في هذا المقام أجمل في دعائه.
Дуба абалга жараша, кээде жалпы, кээде өзүнчо болот. бул жерде Муса пайгамбар жалпы дуба кылган.

• من صور عدل الله عز وجل إنصافه للقِلَّة المؤمنة، حيث ذكر صفات بني إسرائيل المنافية للكمال المناقضة للهداية، فربما توهَّم متوهِّم أن هذا يعم جميعهم، فَذَكَر تعالى أن منهم طائفة مستقيمة هادية مهدية.
Аз сандагы ыймандууларды да эске алганы - Аллах Тааланын адилеттүүлүгүнөн. Исраил урпактарынын туура жолдон баш тартып, катуу каршылык көрсөтүүчү сыпаттарын айтканда, көп адамдар бул сыпаттар алардын баарына тиешелүү экен деп ойлоп калуусу мүмкүн эле, ошон үчүн Аллах Таала алардын арасында туура жолдогулары да бар экенин эскеркен.

 
Ý nghĩa nội dung Câu: (156) Chương: Chương Al-'Araf
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mục lục các bản dịch

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Đóng lại