Check out the new design

Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Anfal   Câu:
وَمَا لَهُمۡ أَلَّا يُعَذِّبَهُمُ ٱللَّهُ وَهُمۡ يَصُدُّونَ عَنِ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ وَمَا كَانُوٓاْ أَوۡلِيَآءَهُۥٓۚ إِنۡ أَوۡلِيَآؤُهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُتَّقُونَ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Харам мечитине кирип тооп кылуудан жана намаз окуудан тосуп азапка дуушар кыла турган ишке бут койгон адамдарды кайсы нерсе азаптан токтото алмак эле? Бутпарастар Аллахтын дотору эмес, Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылган такыбалар гана Аллахтын досору боло алат. Бирок, өздөрүн Аллахтын досу деп эсептеген бутпарастардын көбү алар Аллахтын достору эмес экенин билишпейт.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَمَا كَانَ صَلَاتُهُمۡ عِندَ ٱلۡبَيۡتِ إِلَّا مُكَآءٗ وَتَصۡدِيَةٗۚ فَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡفُرُونَ
Бутпарастардын Харам мечитинин алдындагы намаздары ышкырык жана кол чабуу эле. Эми эй, бутпарастар, Бадр күнү өлүм жанан туткун болуу азабын таткыла. Бул азаптар силердин Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарганыңар үчүн болду.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ لِيَصُدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيۡهِمۡ حَسۡرَةٗ ثُمَّ يُغۡلَبُونَۗ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِلَىٰ جَهَنَّمَ يُحۡشَرُونَ
Акыйкатта, Аллахка каапыр болгондор байлыктарын адамдарды Аллахтын дининен тосуу үчүн жумшашат жана келечекте да жумшай беришет, бирок каалаганына жетишпейт. Кийин байлыгынан да айрылып, максатына да жетпей, байлыктарын ушинтип иштеткени аларга өкүнүч алып келет. Аллахка каапыр болгондор кыямат күнү тозокко барышат жана анда түбөлүк калуучулар болуп киришет.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
لِيَمِيزَ ٱللَّهُ ٱلۡخَبِيثَ مِنَ ٱلطَّيِّبِ وَيَجۡعَلَ ٱلۡخَبِيثَ بَعۡضَهُۥ عَلَىٰ بَعۡضٖ فَيَرۡكُمَهُۥ جَمِيعٗا فَيَجۡعَلَهُۥ فِي جَهَنَّمَۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн байлыктарын жумшаган каапырлар тозокко барышканынын себеби, Аллах ыпылас каапырларды таза ыймандуулардан ажыратып жана ыпылас адамдарды, иш-аракеттерди, байлыктарды биринин-үстүнө бирин кабаттап, тозокко таштоосу үчүн. Мына ошол адамдар зыян тартуучулар; анткени, кыямат күнү алар өздөрүн да, үй-бүлөсүн да зыянга учуратат.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِن يَنتَهُواْ يُغۡفَرۡ لَهُم مَّا قَدۡ سَلَفَ وَإِن يَعُودُواْ فَقَدۡ مَضَتۡ سُنَّتُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Оо, элчи, коомуңдагы Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго айт: "Эгер Аллахка жана Анын элчисине каапырлыгыңарды токтотуп,Аллахка ыйман келтиргендерди Аллахтын жолунан тоспосоңор, Аллах силердин мурда кылган күнөөңөрдү кечирет. Ислам мурда жасалган күнөөлөрдү жок кылып жиберет. А эгер каапырлыгыңарды уланта берсеңер, мындай адамдарды Аллах эмне кылары мурдагы коомдордо болуп өткөн. Алар динди жалганга чыгарып, каапырлыгын уланта бергенде тез арада азапка кабылышкан.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَقَٰتِلُوهُمۡ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتۡنَةٞ وَيَكُونَ ٱلدِّينُ كُلُّهُۥ لِلَّهِۚ فَإِنِ ٱنتَهَوۡاْ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِمَا يَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Оо, ыймандуулар, ширк жана мусулмандарды Аллахтын дининен тосуу токтомоюнча, дин жана баш ийүү шериги жок Жалгыз Аллахка арналмайынча каапыр душмандарыңар менен согуша бергиле. Эгер каапырлар ширктерин жана Аллахтын жолунан тосууларын токтотушса, аларды таштап койгула. Акыйкатта, Аллах алардын кылгандарын көрүп турат, Ага эч нерсе жашыруун калбайт.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَإِن تَوَلَّوۡاْ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ مَوۡلَىٰكُمۡۚ نِعۡمَ ٱلۡمَوۡلَىٰ وَنِعۡمَ ٱلنَّصِيرُ
Эгер Аллахтын жолунан тосуусун жана каапырлыгын токтотууну буйруганыңарда андан баш тартышса, анда, эй, ыймандуулар, Аллах силердин жардамчыңар экенине бекем ишенгиле. Ал башкаргандарына эң жакшы башчы жана жардам бергендерине эң жакшы жардамчы. Кимдин башчысы Аллах болсо, ал утуп чыгат, кимдин жардамчысы Аллах болсо, ал жеңишке жетет.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• الصد عن المسجد الحرام جريمة عظيمة يستحق فاعلوه عذاب الدنيا قبل عذاب الآخرة.
Харам мечитинен тосуу - чоң кылмыштуулук, мындай кылган адамдар акыретке чейин эле бул дүйнөдө азапталат

• عمارة المسجد الحرام وولايته شرف لا يستحقه إلّا أولياء الله المتقون.
Харам мечитине ээлик кылуу чоң кадыр-барк, буга Аллахтын достору гана татыктуу

• في الآيات إنذار للكافرين بأنهم لا يحصلون من إنفاقهم أموالهم في الباطل على طائل، وسوف تصيبهم الحسرة وشدة الندامة.
Аяттарда, байлыгын жалганга иштеткен каапырларга эскертүү берилген, анткени алар кийин зыянга учурап, катуу өкүнүшөт

• دعوة الله تعالى للكافرين للتوبة والإيمان دعوة مفتوحة لهم على الرغم من استمرار عنادهم.
Тоң моюн, кежирликтерин улантканына карабастан, каапырларды тобого жана ыйманга чакырган Аллахтын дааваты дайыма ачык

• من كان الله مولاه وناصره فلا خوف عليه، ومن كان الله عدوًّا له فلا عِزَّ له.
Кимдин башчысы жана жардамчысы Аллах болсо, ага эч коркунуч жок. Ал эми кимдин душманы Аллах болсо, анын эч кубаты болбойт.

 
Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Anfal
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 - Mục lục các bản dịch

由古兰经研究释义中心发行

Đóng lại