Check out the new design

《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 优努斯   段:
قَالَ قَدۡ أُجِيبَت دَّعۡوَتُكُمَا فَٱسۡتَقِيمَا وَلَا تَتَّبِعَآنِّ سَبِيلَ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ
(Анда Аллах): “Экөөңөрдүн дубаңар кабыл болду. Эми, (диниңерде) түз болуп, (дааватыңарды улантып) илимсиз адамдардын жолуна ээрчибегиле!”- деди.
阿拉伯语经注:
۞ وَجَٰوَزۡنَا بِبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡبَحۡرَ فَأَتۡبَعَهُمۡ فِرۡعَوۡنُ وَجُنُودُهُۥ بَغۡيٗا وَعَدۡوًاۖ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَدۡرَكَهُ ٱلۡغَرَقُ قَالَ ءَامَنتُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱلَّذِيٓ ءَامَنَتۡ بِهِۦ بَنُوٓاْ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَأَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Биз Исраил урпактарын деңизден (аман-эсен) өткөрдүк. Фараон менен анын аскерлери зулумдук жана душмандык кылуу үчүн аларды кууп келди. Качан гана Фараон (деңизге) чөгө баштаганда: “Ыйман келтирдим! Чын эле, Исраил урпактары ишенген Аллахтан башка кудай жок! Мен да мусулмандардан биримин!”- деди.[1]
[1] Муса пайгамбар он эки уруу коомун ээрчитип Мисирден чыкканда Фараон аскерлери менен кууп жөнөйт. Качкындар деңиз жээгине жетип, жол торолуп, арт жактан Фараон көрүнүп, шашты кетип турганда Аллах Мусага: “Таягыңды деңизге ур”- деп буюрат. Буйрукту аткараар замат деңизден он эки жол ачылып, Исраил урпактары андан аман-эсен наркы жээкке өтүп алышат. Алар жээкке чыкканда Фараон жана аскерлери деңиздин ортосунда эле. Аллахтын амири менен деңиз кайра кошулуп, бардыгына өлүм анык болуп калат. Ошондо Фараон: “Ыйман келтирдим!!!” деп Аллахка жалбарат. Кийинки аятта Аллах таала анын бул «ыйманы» пайдасыз экенин билдирет.
阿拉伯语经注:
ءَآلۡـَٰٔنَ وَقَدۡ عَصَيۡتَ قَبۡلُ وَكُنتَ مِنَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Эмиби?! Кечээ эле күнөөкөр болуп, бузукулардан болуп жүрдүң эле!
阿拉伯语经注:
فَٱلۡيَوۡمَ نُنَجِّيكَ بِبَدَنِكَ لِتَكُونَ لِمَنۡ خَلۡفَكَ ءَايَةٗۚ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ عَنۡ ءَايَٰتِنَا لَغَٰفِلُونَ
Бүгүн (сени өлтүрүп, бирок) денеңди куткарабыз, сенден кийинкилерге сабак болушу үчүн. Чынында, көпчүлүк адамдар биздин аяттарыбыздан кабарсыз калышкан.
阿拉伯语经注:
وَلَقَدۡ بَوَّأۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مُبَوَّأَ صِدۡقٖ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ فَمَا ٱخۡتَلَفُواْ حَتَّىٰ جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Биз Исраил урпактарын эң мыкты орундарга (Фараондон калган кооз жерлерге) орноштуруп, таза-адал нерселерден ырыскы бердик. Алар качан өздөрүнө илим (ыйык китеп) келгенге чейин (чындык жөнүндө) талашып-тартышышкан жок. Чынында, (Оо, Мухаммад,) Сенин Раббиң, алардын арасындагы талашкан нерселерине Кыямат Күндө Өзү өкүм чыгарат.
阿拉伯语经注:
فَإِن كُنتَ فِي شَكّٖ مِّمَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ فَسۡـَٔلِ ٱلَّذِينَ يَقۡرَءُونَ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكَۚ لَقَدۡ جَآءَكَ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُمۡتَرِينَ
(О, Мухаммад) Эгер Биз сага түшүргөн нерседе (туурабы же туура эмеспи деп) экиленип калсаң, өзүңдөн мурунку китепти (Тоорат, Инжилди) окуган (ынсаптуу) адамдардан сура.[1] Аныгында, сага Раббиңден Акыйкат (Куран) келди. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбогун!
[1] Бурмаланбаган Тоорат менен Инжилдин көп кабарлары Куранда да берилген. Чынында, бул үч китеп тең (Тоорат, Инжил, Куран) бир булактан (Аллахтын илиминен) болгон соң, бирин-бири колдоп кубаттоосу, тастыктоосу турган иш.
阿拉伯语经注:
وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَتَكُونَ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Жана сен Аллахтын аяттарын “жалган” деген адамдардан болбогун! Анда зыян тартуучулардан болуп каласың!
阿拉伯语经注:
إِنَّ ٱلَّذِينَ حَقَّتۡ عَلَيۡهِمۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ لَا يُؤۡمِنُونَ
Чынында, Раббиңдин сөзү (азабы аларга келиши) чындык болуп калган адамдар ыйман келтиришпейт.
阿拉伯语经注:
وَلَوۡ جَآءَتۡهُمۡ كُلُّ ءَايَةٍ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ
Эгер аларга (Аллахтан) бардык далил-моожизалар келсе да, жан кыйноочу азапты (өз көздөрү менен) көрмөйүнчө ынанышпайт.[1]
[1] Бирок, башына түшкөн азапты өз көзү менен көргөндөгү ыйман кабыл алынбай калат. Азыр эле таанышкан Фараондун тообасындай.
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 优努斯
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 - 译解目录

由沙姆斯丁·哈基莫夫·阿卜杜勒哈利克翻译,在立瓦德翻译中心的监督之下已完成开发。

关闭