《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 阿迪亚特   段:

Аaдият

وَٱلۡعَٰدِيَٰتِ ضَبۡحٗا
Алкынып чуркаган тулпарларга ант!
阿拉伯语经注:
فَٱلۡمُورِيَٰتِ قَدۡحٗا
(Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант!
阿拉伯语经注:
فَٱلۡمُغِيرَٰتِ صُبۡحٗا
Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант!
阿拉伯语经注:
فَأَثَرۡنَ بِهِۦ نَقۡعٗا
Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты.
阿拉伯语经注:
فَوَسَطۡنَ بِهِۦ جَمۡعًا
Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди.[1]
[1] Аллах тааланын күлүк аттар менен ант ичишинин себеби, алар Аллахтын керемет жаныбарлары жана теңдешсиз нээматы.
阿拉伯语经注:
إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لِرَبِّهِۦ لَكَنُودٞ
Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр![1]
[1] Аллах тааланын нээматтарына ибадат-кулчулук менен жооп бериши керек болчу. Бирок, ал мунун ордуна күнөө үстүнө күнөө жасайт.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّهُۥ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٞ
Буга анын өзү деле күбөдүр!
阿拉伯语经注:
وَإِنَّهُۥ لِحُبِّ ٱلۡخَيۡرِ لَشَدِيدٌ
Ал байлыкты катуу сүйөт!
阿拉伯语经注:
۞ أَفَلَا يَعۡلَمُ إِذَا بُعۡثِرَ مَا فِي ٱلۡقُبُورِ
Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда…
阿拉伯语经注:
وَحُصِّلَ مَا فِي ٱلصُّدُورِ
Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда…
阿拉伯语经注:
إِنَّ رَبَّهُم بِهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّخَبِيرُۢ
Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?![1]
[1] Негизинен Аллах тааланын бардык нерселерден кабардарлыгы ошол күнгө чектелбейт. Бул жердеги чектөө ал күндүн өтө маанилүүлүгүн ачып берүү үчүн. Ооба Аллах таала ал күндө пендеге ушул дүйнөдө жасаган бардык иштерин билдирет. Эгер ал иш өтө жашыруун, өтө сырдуу болсо да, адамдар ал күнөө ишти унутуп жиберген болсо да, Аллах унуткан эмес!
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 阿迪亚特
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية - 译解目录

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

关闭