Check out the new design

《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 伊斯拉仪   段:
۞ قُلۡ كُونُواْ حِجَارَةً أَوۡ حَدِيدًا
Айткын: «(Ооба! Шагыраган сөөк же чириген тарп гана эмес, эгерде) таш, темир болсоңор да,
阿拉伯语经注:
أَوۡ خَلۡقٗا مِّمَّا يَكۡبُرُ فِي صُدُورِكُمۡۚ فَسَيَقُولُونَ مَن يُعِيدُنَاۖ قُلِ ٱلَّذِي فَطَرَكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٖۚ فَسَيُنۡغِضُونَ إِلَيۡكَ رُءُوسَهُمۡ وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَۖ قُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَرِيبٗا
Же жүрөгүңөрдө (ойлогон) мындан да олуттуураак нерсе болсоңор да, (Аллах сөзсүз тирилтип алат!) «Ким кайра тирилтет?» деп сурашат. Айткын: «Силерди биринчи ирет жараткан Кудай». Кийин алар сага (ишенбей) баш чайкашып: «Ал качан?» дешет. Айткын: «Жакын калган болсо ажеп эмес».
阿拉伯语经注:
يَوۡمَ يَدۡعُوكُمۡ فَتَسۡتَجِيبُونَ بِحَمۡدِهِۦ وَتَظُنُّونَ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا قَلِيلٗا
(Исрафил периште «сур» кернейин тартып, Аллах) силерди чакырганда, Аны даңктап, жооп бересиңер. (Мүрзөңөрдөн тирилип чыгасыңар.) Жана (бул дүйнөдө) бир аз эле убакыт турдук деп ойлоп каласыңар».
阿拉伯语经注:
وَقُل لِّعِبَادِي يَقُولُواْ ٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ يَنزَغُ بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ كَانَ لِلۡإِنسَٰنِ عَدُوّٗا مُّبِينٗا
(О, Мухаммад), Менин пенделериме айт, эң жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн.[1] Шайтан алардын арасын бузуп жүрөт. Чынында, шайтан - инсандын анык душманы.
[1] «Жакшы сөз» деген бул Куран окуу, зикир кылуу (Аллахты эскерүү), илим үйрөнүү, насаат айтуу, ж.б.у.с пайдалуу сөздөр.
阿拉伯语经注:
رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِكُمۡۖ إِن يَشَأۡ يَرۡحَمۡكُمۡ أَوۡ إِن يَشَأۡ يُعَذِّبۡكُمۡۚ وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ وَكِيلٗا
Аллах силерди (өзүңөрдөн) жакшыраак билет.[1] (Аллах) кааласа силерге ырайым кылат, кааласа, азап берет. (Оо, Мухаммад!) Биз сени аларга (иштерин текшерүүчү) өкүл кылган эмеспиз.
[1] Ошондуктан, Аллахтын сөзүнө, эгер ал силердин каалооңорго дал келбей турса да, дароо макул болгула. Себеби силер кээде бир нерсени өзүңөр үчүн жакшы көрөсүңөр, чындыгында ошонун тескерисинде жакшылык болот.
阿拉伯语经注:
وَرَبُّكَ أَعۡلَمُ بِمَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَلَقَدۡ فَضَّلۡنَا بَعۡضَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ عَلَىٰ بَعۡضٖۖ وَءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ زَبُورٗا
Сенин Раббиң асмандардагы жана жердеги нерселерди (силерден) жакшыраак Билүүчү. Биз кээ бир пайгамбарларды кээ бирөөлөрүнөн абзел-жогору кылдык жана Даудга Забур (китебин) бердик.
阿拉伯语经注:
قُلِ ٱدۡعُواْ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُم مِّن دُونِهِۦ فَلَا يَمۡلِكُونَ كَشۡفَ ٱلضُّرِّ عَنكُمۡ وَلَا تَحۡوِيلًا
Айткын: «(О, мушриктер) Аллахтан башка (өзүңөр кудай деп) ойлогонуңарга дуба кыла бергиле, баары бир алар силерден эч бир зыянды арылта албайт жана (ишиңерди жакшы же жаман жагына) өзөгөртө албайт.
阿拉伯语经注:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ يَبۡتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ ٱلۡوَسِيلَةَ أَيُّهُمۡ أَقۡرَبُ وَيَرۡجُونَ رَحۡمَتَهُۥ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُۥٓۚ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحۡذُورٗا
Алардын[1] өздөрү (Аллахка) дуба кылышып, (Ага) кимиси жакыныраак (сүйүктүүрөөк) болууга жол издешет, ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында, Раббиңдин азабынан сак болуу зарыл.[2]
[1] Силер кудай деп ойлогон периштелер, пайгамбарлар жана олуялардын.
[2] Ушул үч нерсе: сүйүү, үмүт жана коркуу Аллах таалага пендени жакын кыла турган негизги нерселер. Периштелер, пайгамбарлар жана олуялар дагы ушул үч касиет менен Аллахка жакын болушкан. Эгер кимде ушул үчөө толук болсо, демек, анын иштери толук болуптур. Кимдин жүрөгү ушулардан бош болсо, аны ар тарабынан жамандык ороп алат. Пенденин Аллахка болгон сүйүүсү Анын айткандарын кынтыксыз аткаруу менен билинет.
阿拉伯语经注:
وَإِن مِّن قَرۡيَةٍ إِلَّا نَحۡنُ مُهۡلِكُوهَا قَبۡلَ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ أَوۡ مُعَذِّبُوهَا عَذَابٗا شَدِيدٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا
Биз (жер бетиндеги) бардык (каапыр) шаарларды, Кыяматтан мурдараак кыйратабыз же болбосо, катуу азап менен жазалайбыз. Бул Китепте (тагдырда) жазылган.
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 伊斯拉仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 - 译解目录

由沙姆斯丁·哈基莫夫·阿卜杜勒哈利克翻译,在立瓦德翻译中心的监督之下已完成开发。

关闭