Check out the new design

《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 嘎推勒   段:

фaатыр

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ فَاطِرِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ جَاعِلِ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ رُسُلًا أُوْلِيٓ أَجۡنِحَةٖ مَّثۡنَىٰ وَثُلَٰثَ وَرُبَٰعَۚ يَزِيدُ فِي ٱلۡخَلۡقِ مَا يَشَآءُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык. (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты.[1] Аллах (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!
[1] Периштелердин элчилик кызматы Аллахтын тапшырмаларын, белек-сыйлыктарын, азап-жазаларын, ылайык болгон жерлерге, адамдарга жеткирүүдөн турат.
阿拉伯语经注:
مَّا يَفۡتَحِ ٱللَّهُ لِلنَّاسِ مِن رَّحۡمَةٖ فَلَا مُمۡسِكَ لَهَاۖ وَمَا يُمۡسِكۡ فَلَا مُرۡسِلَ لَهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Аллах адамдарга ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллах кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман.
阿拉伯语经注:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡۚ هَلۡ مِنۡ خَٰلِقٍ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ
Оо, адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 嘎推勒
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 - 译解目录

由沙姆斯丁·哈基莫夫·阿卜杜勒哈利克翻译,在立瓦德翻译中心的监督之下已完成开发。

关闭