Check out the new design

《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 尼萨仪   段:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَنُدۡخِلُهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٗاۚ وَمَنۡ أَصۡدَقُ مِنَ ٱللَّهِ قِيلٗا
Ал эми, ыйман келтирип, жакшы (соопту) иштерди кылгандарды, жакында астынан дарыялары агып турган, анда түбөлүк калуучу бейишке киргизебиз. Бул - Аллахтын акыйкат убадасы. Эч кимдин сөзү Аллахтын сөзүндөй чын болбойт.
阿拉伯语经注:
لَّيۡسَ بِأَمَانِيِّكُمۡ وَلَآ أَمَانِيِّ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِۗ مَن يَعۡمَلۡ سُوٓءٗا يُجۡزَ بِهِۦ وَلَا يَجِدۡ لَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
(Тозоктон кутулуу) силердин да, китеп ээлеринин да куру кыялдары менен эле болбойт. Ал эми, ким (кандай) күнөө иш жасаса, ошонун гана жазасын алат. Жана (жаза берилчү мезгилде) өзүнө Аллахтан башка дос-жардамчы таппай калат.
阿拉伯语经注:
وَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ وَلَا يُظۡلَمُونَ نَقِيرٗا
Эркекпи, аялбы, ким болсо да жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, (жасаган иштеринин) кымындайына да зулум кылынбаган абалда бейишке киришет.[1]
[1] Ушул аят ислам аялдарды эң жогорку даражада баалаганына далил болот.
阿拉伯语经注:
وَمَنۡ أَحۡسَنُ دِينٗا مِّمَّنۡ أَسۡلَمَ وَجۡهَهُۥ لِلَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ وَٱتَّبَعَ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۗ وَٱتَّخَذَ ٱللَّهُ إِبۡرَٰهِيمَ خَلِيلٗا
«Аллахтын шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшы динди туткан адам барбы? Аллах Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан».
阿拉伯语经注:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٖ مُّحِيطٗا
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Аллах ар бир нерсени Ороп Алуучу.[1]
[1] “Ороп алуучу” деген сөздүн мааниси: Аллахтын илими бардык маалыматтарды, Аллахтын угуусу бардык кабарларды өзүнө камтыйт, Аллахтын каалоо-кудурети бар болгондун баарына таасирдүү, ырайымы жана каары бардык жаралгандарга жетүүчү дегенди түшүндүрөт.
阿拉伯语经注:
وَيَسۡتَفۡتُونَكَ فِي ٱلنِّسَآءِۖ قُلِ ٱللَّهُ يُفۡتِيكُمۡ فِيهِنَّ وَمَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ فِي يَتَٰمَى ٱلنِّسَآءِ ٱلَّٰتِي لَا تُؤۡتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرۡغَبُونَ أَن تَنكِحُوهُنَّ وَٱلۡمُسۡتَضۡعَفِينَ مِنَ ٱلۡوِلۡدَٰنِ وَأَن تَقُومُواْ لِلۡيَتَٰمَىٰ بِٱلۡقِسۡطِۚ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِهِۦ عَلِيمٗا
(О, Мухаммад!) Сенден аялдар жөнүндө фатва (өкүм) сурашат. Айткын: “Аялдар жөнүндө силерге Аллах жана Китептеги жетим кыздар, алсыз-байкуш (жетим) балдарга арнап окулган аяттар өкүм берет. (Силерди, сулуулугуна же байлыгына) кызыгып үйлөнүп алып, (кийин) аларга берилүүсү парз кылынган махырды бербей койгон (жетим кыздардын укугун орундатууга) жана жетимдер үчүн адилет башчылык кылууга (буюрат). Кандай жакшылык кылсаңар Аллах аны, чынында, Билүүчү.
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 尼萨仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 - 译解目录

由沙姆斯丁·哈基莫夫·阿卜杜勒哈利克翻译,在立瓦德翻译中心的监督之下已完成开发。

关闭