Check out the new design

《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 穆罕默德   段:
إِنَّ ٱللَّهَ يُدۡخِلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يَتَمَتَّعُونَ وَيَأۡكُلُونَ كَمَا تَأۡكُلُ ٱلۡأَنۡعَٰمُ وَٱلنَّارُ مَثۡوٗى لَّهُمۡ
Чынында, Аллах ыймандуу жана жакшы амалдарды жасаган пенделерин түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Каапырлар болсо, (бул дүйнөдө) пайдалана беришет жана айбандар сыяктуу жеп-ичишет. Алардын орду - тозок!
阿拉伯语经注:
وَكَأَيِّن مِّن قَرۡيَةٍ هِيَ أَشَدُّ قُوَّةٗ مِّن قَرۡيَتِكَ ٱلَّتِيٓ أَخۡرَجَتۡكَ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡ فَلَا نَاصِرَ لَهُمۡ
(Оо, Мухаммад!) Биз, сени чыгарып жиберген шаарыңдан да кубаттуураак болгон нечендеген шаарларды кыйратып салганбыз. Анан аларга (эч кандай) жардамчы болбой калган.[1]
[1] Бул аят Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды өз шаары Меккеден чыгарып жиберген каапыр өкүмдарларга багытталган эскертүү болгону менен, анын өкүмү тээ кыяматка чейин момун-мусулмандарды куугунтуктап, өз жеринде Аллахка тынч ибадат кылууга жол бербеген өкүмдарларга да тиешелүү. Андай адамдарды Аллах Өзүнүн өч алуусу менен эскертип жатат.
阿拉伯语经注:
أَفَمَن كَانَ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّهِۦ كَمَن زُيِّنَ لَهُۥ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُم
Раббиси тарабынан (жиберилген) анык баян-далилдин үстүндө болгон киши, жаман иши өзүнө (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана напсинин каалоолорун (гана) ээрчиген адамга окшоп калмак беле?
阿拉伯语经注:
مَّثَلُ ٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۖ فِيهَآ أَنۡهَٰرٞ مِّن مَّآءٍ غَيۡرِ ءَاسِنٖ وَأَنۡهَٰرٞ مِّن لَّبَنٖ لَّمۡ يَتَغَيَّرۡ طَعۡمُهُۥ وَأَنۡهَٰرٞ مِّنۡ خَمۡرٖ لَّذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ وَأَنۡهَٰرٞ مِّنۡ عَسَلٖ مُّصَفّٗىۖ وَلَهُمۡ فِيهَا مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ وَمَغۡفِرَةٞ مِّن رَّبِّهِمۡۖ كَمَنۡ هُوَ خَٰلِدٞ فِي ٱلنَّارِ وَسُقُواْ مَآءً حَمِيمٗا فَقَطَّعَ أَمۡعَآءَهُمۡ
Такыба кишилер үчүн убада кылынган бейиштин мисалы: анда ичүүчүлөр үчүн (даамы, жыты, түсү) бузулбаган суу дарыялары, даамы айныбаган сүт дарыялары, ылаззаттуу шарап дарыялары жана таза-пакиза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Раббисинен кечирим бар. (Ушундай бейишке түшкөн адам) тозокто түбөлүк калып, (удаама-удаа) кайнак суу ичирилип, натыйжада ичегилери үзүлүп кеткен адамга окшойбу?
阿拉伯语经注:
وَمِنۡهُم مَّن يَسۡتَمِعُ إِلَيۡكَ حَتَّىٰٓ إِذَا خَرَجُواْ مِنۡ عِندِكَ قَالُواْ لِلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ مَاذَا قَالَ ءَانِفًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡ
Алардын (мунафыктардын) арасынан кээ бирөөлөрү сага (жүрөгү менен берилбей) кулак салышат. Ал эми, качан сенден чыкканда (берилип уккан) илимдүү адамдардан «(Мухаммад) азыр эмне деди эле?» деп сурашат. (Мунун себеби) Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Алар өз каалоолорун гана ээрчиген адамдар.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ ٱهۡتَدَوۡاْ زَادَهُمۡ هُدٗى وَءَاتَىٰهُمۡ تَقۡوَىٰهُمۡ
(Аллах) туура жолго түшкөн адамдардын хидаятын дагы да көбөйтөт жана аларды такыбалуу кылат.
阿拉伯语经注:
فَهَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا ٱلسَّاعَةَ أَن تَأۡتِيَهُم بَغۡتَةٗۖ فَقَدۡ جَآءَ أَشۡرَاطُهَاۚ فَأَنَّىٰ لَهُمۡ إِذَا جَآءَتۡهُمۡ ذِكۡرَىٰهُمۡ
Эми алар (мунафыктар) өздөрүнө капысынан кыямат келип калышынан башка эч нерсени күтүшпөйт. Кыяматтын (кээ бир) белгилери келип да калды! Анан эгер кыямат келип калса, алардын эскерме-сабак алуулары кайдан мүмкүн болсун?!
阿拉伯语经注:
فَٱعۡلَمۡ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مُتَقَلَّبَكُمۡ وَمَثۡوَىٰكُمۡ
(Оо, Мухаммад!) Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллах бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллахтан кечирим сура! Аллах силердин (бардык) кыймыл-аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет.
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 穆罕默德
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。 - 译解目录

由沙姆斯丁·哈基莫夫·阿卜杜勒哈利克翻译,在立瓦德翻译中心的监督之下已完成开发。

关闭