《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 段: (95) 章: 玛仪戴
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقۡتُلُواْ ٱلصَّيۡدَ وَأَنتُمۡ حُرُمٞۚ وَمَن قَتَلَهُۥ مِنكُم مُّتَعَمِّدٗا فَجَزَآءٞ مِّثۡلُ مَا قَتَلَ مِنَ ٱلنَّعَمِ يَحۡكُمُ بِهِۦ ذَوَا عَدۡلٖ مِّنكُمۡ هَدۡيَۢا بَٰلِغَ ٱلۡكَعۡبَةِ أَوۡ كَفَّٰرَةٞ طَعَامُ مَسَٰكِينَ أَوۡ عَدۡلُ ذَٰلِكَ صِيَامٗا لِّيَذُوقَ وَبَالَ أَمۡرِهِۦۗ عَفَا ٱللَّهُ عَمَّا سَلَفَۚ وَمَنۡ عَادَ فَيَنتَقِمُ ٱللَّهُ مِنۡهُۚ وَٱللَّهُ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٍ
О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат.[1] Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу[2] же ушуга тең[3] орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу.
[1] Сахабалар - Аллах алардан ыраазы болсун - төмөндөгүчө өкүм кылышкан: көгүчкөнгө - кой, төө куш үчүн уйдан чоңураак жандык, ал эми, зебра сыяктуу жаныбарлар үчүн уй, өгүз, ж.б.у.с жандыктар төлөнөт. Эгер окшошу табылбаса, баасы тең болгонун төлөйт.
[2] Бул - жандыгы жок, бирок акчасы бар күнөөкөрдүн жазасы. Мында ал өлтүргөн олжосуна теңелген жандыктын баасына тең акчага же тамак-ашка канча мискин-кедейди тойдуруш мүмкүн болсо, ошончосун тойдурат.
[3] "Ушуга тең" дегени ар бир мискин үчүн жарым саа. Жарым саа тамактын теңи - бир күн. Бир саа орточо эсеп менен эки жарым, үч килограммга барабар. Абу Ханифада 1 саа 4 килограммга тең.
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 段: (95) 章: 玛仪戴
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية - 译解目录

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

关闭