《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 段: (163) 章: 艾尔拉夫
وَسۡـَٔلۡهُمۡ عَنِ ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلَّتِي كَانَتۡ حَاضِرَةَ ٱلۡبَحۡرِ إِذۡ يَعۡدُونَ فِي ٱلسَّبۡتِ إِذۡ تَأۡتِيهِمۡ حِيتَانُهُمۡ يَوۡمَ سَبۡتِهِمۡ شُرَّعٗا وَيَوۡمَ لَا يَسۡبِتُونَ لَا تَأۡتِيهِمۡۚ كَذَٰلِكَ نَبۡلُوهُم بِمَا كَانُواْ يَفۡسُقُونَ
Сен алардан (Исраил урпактарынан) деңиз жээгиндеги айыл жөнүндө сура. Ошондо алар ишемби күндөгү (Аллах тыюу салган) чектен чыгып кетишти: ишемби күндөрү балыктары толуп-толуп (суу бетинде) келе жаткан. Ишембиден башка күндөрү келбей калган. Биз аларды бузукулуктугуна жараша ушинтип сынайбыз.[1]
[1] Аллах аларга “Ишемби күндө балык уулабайсыңар” деген эрежесин парыз кылып, сыноо үчүн атайын ишемби күндөрү суу бетинде балыктарды көбөйтүп, башка күндөр жок кылып турган. Напси балээсин тыя албагандар айлакерлик кылып, тим эле Аллах билбей кала тургансып, ишемби күндө балык кармабаса да деңиз жээгине чуңкурларды оюшуп, ошого балыктарды камап, эртеси, жекшембиде кармап алышчу. Аллах ушинтип, алардын арасындагы бузукуларын сынап, тандап аларга азап жиберген. Азап жибергенге чейин Исраил урпактары үч бөлүккө ажырап калышкан:
1-бөлүк: Аллахты алдайм деп чекти бузган айлакерлер. Булар көпчүлүктү түзгөн.
2-бөлүк: Аларды бул зулумдуктан кайтаргандар.
3-бөлүк: Өздөрү күнөө кылбаса да заалым-кылмышкерлерди кайтарбагандар.
Кийинки аятта 3-бөлүк – бейгам адамдар менен, 2-бөлүк – жамандыктан кайтарган такыба кишилердин арасындагы суроо-жооп баяндалат.
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 段: (163) 章: 艾尔拉夫
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية - 译解目录

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

关闭