Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 段: (38) 章: 拉尔德
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلٗا مِّن قَبۡلِكَ وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَذُرِّيَّةٗۚ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَن يَأۡتِيَ بِـَٔايَةٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۗ لِكُلِّ أَجَلٖ كِتَابٞ
Оо, пайгамбар! Чынында сенден мурда да адамдардан пайгамбарларды жибергенбиз. Сен жаңы пайда болгон жалгыз пайгамбар эмессиң. Аларга да башка адамдар сыяктуу аялдарды жана бала-чакаларды бердик. Аларды үйлөнбөгөн жана бала көрбөгөн периштелер сыяктуу кылбадык. Сен дагы үйлөнүп, бала көргөн адамдардан болгон пайгамбарлардансың. Эми эмнеге мушриктер сенин ушундай болгонуңа таң калып жатышат? Аллахтын уруксатысыз эч бир пайгамбар өзүнөн бир аят-белги алып келүүсү мүмкүн эмес. Аллах тагдыр кылган ар бир иштин мөөнөтү эскерилген китеп бар. Ал мөөнөт оозуп да кетпейт кеч да калбайт.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الترغيب في الجنة ببيان صفتها، من جريان الأنهار وديمومة الرزق والظل.
Бейиштин сыпаттарын айтуу менен ага кызыктыруу. Мисалы, дарыялардын агып турушу, ырыскынын дайым болушу жана көлөкөлүүгү.

• خطورة اتباع الهوى بعد ورود العلم وأنه من أسباب عذاب الله.
Илим келгенден кийин аны ээрчибестен өз каалоосун ээрчип кетүүнүн коркунучтуулугу жана бул Аллахтын азабына кабылуунун себептеринен.

• بيان أن الرسل بشر، لهم أزواج وذريات، وأن نبينا صلى الله عليه وسلم ليس بدعًا بينهم، فقد كان مماثلًا لهم في ذلك.
Пайгамбарлар дагы адамдар экенин, алардын да аялдары жана урпактары бар экенин баяндоо. Ошондой эле биздин пайгамбарыбыз да бул нерселерде мурунку пайгамбарлардан өзгөчөлөнбөй ошолор сыяктуу эле пайгамбар экенин ачыктоо.

 
含义的翻译 段: (38) 章: 拉尔德
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭