Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 段: (27) 章: 易卜拉欣
يُثَبِّتُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱلۡقَوۡلِ ٱلثَّابِتِ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۖ وَيُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلظَّٰلِمِينَۚ وَيَفۡعَلُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ
Аллах ыймандуулардын ыйманын бул дүйнөдө бекем күбөлүк келмеси менен толук бекемдейт. Алардын ыйманы толук болгон абалда бул дүйнөдөн кайтышат. Кабыр жашоосунда аларга суроо берилген кезде жана кыямат күнүндө кубаттайт. Аллах залымдарды Раббисине ширк келтирүү менен жана туура жолдон баш тартуусу менен адаштырат. Аллах каалаганын ишке ашырат – кимди адаштырууну кааласа, анда аны адилеттүүлүгү менен адаштырат. Ошондой эле кимди туура жолго салууну кааласа, аны Өзүнүн жакшылыгы менен туура жолго салат. Аллахты эч ким мажбурлай албайт.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• تشبيه كلمة الكفر بشجرة الحَنْظل الزاحفة، فهي لا ترتفع، ولا تنتج طيبًا، ولا تدوم.
Каапырлык сөзү жерге ажырык болуп өскөн ханзал өсүмдүгүнө окшош. Анткени ал жогору карап көтөрүлбөйт, жакшы мөмө бербейт жана тез куурап жок болот.

• الرابط بين الأمر بالصلاة والزكاة مع ذكر الآخرة هو الإشعار بأنهما مما تكون به النجاة يومئذ.
Намаз окуу, зекет берүү тууралуу айтылган буйруктар менен Кыямат күндүн чогуу эскерилүүсүндө байланыш бар. Анткени, кыямат күнү намаз окуган жана зекет берген адамдар (азаптан) кутулат.

• تعداد بعض النعم العظيمة إشارة لعظم كفر بعض بني آدم وجحدهم نعمه سبحانه وتعالى .
Аллахтын улуу жакшылыктарын эсептеп чыгып эске туюп жүрүү – Аллахтын жакшылыктарын четке каккан адамдар чоң каапырлыкка барышканына ишарат кылынат.

 
含义的翻译 段: (27) 章: 易卜拉欣
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭