Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 哈吉拉   段:
وَلَقَدۡ جَعَلۡنَا فِي ٱلسَّمَآءِ بُرُوجٗا وَزَيَّنَّٰهَا لِلنَّٰظِرِينَ
Биз асманда чоң жылдыздарды жараттык. Адамдар сапарга чыгышканда алар аркылуу кургактык менен деңиздеги караңгылыктардан жол табышат. Аларды Аллахтын кудуретине далил кылуулары үчүн ага көз чаптырып караган адамдар үчүн кооздоп койдук.
阿拉伯语经注:
وَحَفِظۡنَٰهَا مِن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ رَّجِيمٍ
Ошондой эле асманды Аллахтын ырайымынан куулган бардык жин-шайтандардан коргоп койдук.
阿拉伯语经注:
إِلَّا مَنِ ٱسۡتَرَقَ ٱلسَّمۡعَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ مُّبِينٞ
Ал эми бийиктеги периштелер тобунун сөздөрүн жашырынып уккандарды болсо бир нурдуу жылдыз кууп жетип күйгүзөт.
阿拉伯语经注:
وَٱلۡأَرۡضَ مَدَدۡنَٰهَا وَأَلۡقَيۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ وَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَيۡءٖ مَّوۡزُونٖ
Адамдар жер бетинде жайгашуулары үчүн аны жайык кылдык. Ал адамдарды чайпабаш үчүн бекем тоолорду орноттук. Ошондой эле түрлүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Булар даанышмандыктын талабына ылайык чектелип белгиленген.
阿拉伯语经注:
وَجَعَلۡنَا لَكُمۡ فِيهَا مَعَٰيِشَ وَمَن لَّسۡتُمۡ لَهُۥ بِرَٰزِقِينَ
Эй, адамдар! Биз силер үчүн жер бетинде жашаган учуруңарда күн көрүүңөр үчүн тамак-аш жана суусундуктарды жараттык. Ошондой эле силерден башка силердин ырыскыңарсыз күн көрүшкөн адамдар менен жаныбарлар үчүн да жараттык.
阿拉伯语经注:
وَإِن مِّن شَيۡءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَآئِنُهُۥ وَمَا نُنَزِّلُهُۥٓ إِلَّا بِقَدَرٖ مَّعۡلُومٖ
Адамдар жана жаныбарлар пайдаланышкан кандай гана нерсе болбосун, Биз аны жаратууга жана ал аркылуу адамдарга пайда бергенге кудуреттүүбүз. Биз ошолордон кандай гана нерселерди жаратпайлы, алар Биздин даанышмандыгыбыздын талабына ылайык чектелип белгиленген өлчөмдө болот.
阿拉伯语经注:
وَأَرۡسَلۡنَا ٱلرِّيَٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَسۡقَيۡنَٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمۡ لَهُۥ بِخَٰزِنِينَ
Биз булуттарды чаңдаштыруучу шамалдарды жибердик. Чаңдашкан булуттардан жамгыр жаадырдык. Жамгырдын суусу менен силерди сугардык. Эй, адамдар! Жер бетиндеги бул сууларды булак жана кудуктарга силер топтобойсуңар. Акыйкатта аларды Аллах Өзү гана топтойт.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّا لَنَحۡنُ نُحۡيِۦ وَنُمِيتُ وَنَحۡنُ ٱلۡوَٰرِثُونَ
Чындыгында Биз Өзүбүз гана жоктон жаратып жана өлгөнгөн кийин кайра жан жан салуу менен өлүктөрдү тирилтебиз. Ошондой эле тирүүлөрдүн ажалдары келгенде аларды өлтүрөбүз. Биз жер бетин жана андагыларды мурас кылып Өзүбүз гана калабыз.
阿拉伯语经注:
وَلَقَدۡ عَلِمۡنَا ٱلۡمُسۡتَقۡدِمِينَ مِنكُمۡ وَلَقَدۡ عَلِمۡنَا ٱلۡمُسۡتَـٔۡخِرِينَ
Биз силерден алдын жана кийин ким төрөлгөнүн жана ким өлгөнүн билгенбиз. Булардын бири да Бизге жашыруун эмес.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحۡشُرُهُمۡۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٞ
Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын жакшылык кылгандарына сыйлык, жамандык кылгандарына жазасын бериш үчүн баарысын кыямат күнү чогултат. Чындыгында Ал башкаруусунда Даанышман жана Ал бардык нерсени Билүүчү.
阿拉伯语经注:
وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ
Биз Адамды чертсе үн чыккан кургак ылайдан жараттык. Ал жаратылган бул ылай көп убакыт турганы үчүн жыты өзгөрүп, кара түстө болчу.
阿拉伯语经注:
وَٱلۡجَآنَّ خَلَقۡنَٰهُ مِن قَبۡلُ مِن نَّارِ ٱلسَّمُومِ
Ал эми Адамдан мурун жиндердин түпкү атасын жалындаган күчтүү оттон жараттык.
阿拉伯语经注:
وَإِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي خَٰلِقُۢ بَشَرٗا مِّن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ
Оо, пайгамбар! Раббиңдин периштелерге жана алар менен чогу болгон Иблиске айтканын эсте: «Мен жакында кургак ылайдан адамды жаратам. Аны черткенде үн чыккан, жыты өзгөргөн кара түстө болот».
阿拉伯语经注:
فَإِذَا سَوَّيۡتُهُۥ وَنَفَخۡتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ
Аны келбетине келтирип, дене-түзүлүшүн толуктагандан кийин Менин буйругума баш ийип жана ага саламдашып сажда кылгыла.
阿拉伯语经注:
فَسَجَدَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمۡ أَجۡمَعُونَ
Периштелер моюн сунушту. Раббиси аларга буйрук кылгандай баарысы ага сажда кылышты.
阿拉伯语经注:
إِلَّآ إِبۡلِيسَ أَبَىٰٓ أَن يَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ
Бирок Иблис периштелер менен бирге Адамга сажда кылуудан баш тартты. Ал периштелер менен болсо дагы алардан эмес эле.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• ينبغي للعبد التأمل والنظر في السماء وزينتها والاستدلال بها على باريها.
Ар бир пенде асманга жана анын кооздугуна көз чаптырып жана ой жүгүртүп, аны менен Жаратуучуну далил кылуусу керек.

• جميع الأرزاق وأصناف الأقدار لا يملكها أحد إلا الله، فخزائنها بيده يعطي من يشاء، ويمنع من يشاء، بحسب حكمته ورحمته.
Бардык ырыскыларга жана ар кыл тагдырларга Аллах Өзү гана ээлик кылат. Алардын казынасы Анын гана колунда. Ал Өз ырайымдуулугу жана даанышмандыгына жараша андан Өзү каалаганына берет, Өзү каалаганынан тыят.

• الأرض مخلوقة ممهدة منبسطة تتناسب مع إمكان الحياة البشرية عليها، وهي مثبّتة بالجبال الرواسي؛ لئلا تتحرك بأهلها، وفيها من النباتات المختلفة ذات المقادير المعلومة على وفق الحكمة والمصلحة.
Жер шары адам баласы жашаш үчүн ылайыкталып жайык тегиз болуп жаратылган. Ал адамдарды силкибеш үчүн бекем тоолор менен бекемделген. Анда пайдалуулукка жана даанышмандыкка ылайык белгилүү өлчөмдөгү ар кандай өсүмдүктөр бар.

• الأمر للملائكة بالسجود لآدم فيه تكريم للجنس البشري.
Периштелерди Адамга сажда кылууга буйрууда жалпы адамзатка болгон сый-урмат камтылган.

 
含义的翻译 章: 哈吉拉
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭