Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 奈哈里   段:
وَلَا تَتَّخِذُوٓاْ أَيۡمَٰنَكُمۡ دَخَلَۢا بَيۡنَكُمۡ فَتَزِلَّ قَدَمُۢ بَعۡدَ ثُبُوتِهَا وَتَذُوقُواْ ٱلسُّوٓءَ بِمَا صَدَدتُّمۡ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَكُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ
Өз каалооңорду ээрчип антыңарды каалаганда аткарып, каалаганда бузуп аны бири-бириңерди алдаган куралга айлантып албагыла! Эгерде силер ошондой кыла турган болсоңор, анда акыйкат жолдо бекем турсаңар да ал жолдон тайып кетесиңер. Өзүңөр адашып жана башкаларды адаштырганыңар себептүү азаптын даамын татасыңар. Силер үчүн эселеген азаптар болот.
阿拉伯语经注:
وَلَا تَشۡتَرُواْ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ ثَمَنٗا قَلِيلًاۚ إِنَّمَا عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Силер Аллахка берилген убаданы бузуп арзыбаган нерсеге алмаштырып жибербегиле! Чындыгында бул дүйнөдөгү Аллахтын алдындагы жеңиш, олжолор жана акыреттеги Анын алдындагы түбөлүк жыргалчылык – арзыбаган нерсе үчүн убаданы бузуп жеткениңерге караганда жакшыраак, эгер муну билген болсоңор.
阿拉伯语经注:
مَا عِندَكُمۡ يَنفَدُ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ بَاقٖۗ وَلَنَجۡزِيَنَّ ٱلَّذِينَ صَبَرُوٓاْ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Эй, адамдар! Силердин алдыңардагы мал-мүлктөр, ырахат-жыргалчылыктар канчалык көп болсо дагы акыры түгөнөт. Ал эми Аллахтын алдындагы сыйлыктар түбөлүктүү. Силер убактылуу нерсени түбөлүктүүдөн кантип артык көрүп жатасыңар? Убадаларын бузбай ага бекем болуп сабыр кылгандардын соопторун кылган ибадаттарынан да жакшыраак кылып беребиз. Жакшылыктын сыйлыгын он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да эселеп көбөйтүп беребиз.
阿拉伯语经注:
مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةٗ طَيِّبَةٗۖ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Эркек болобу же аял болобу, ал Аллахка ыйман келтирип, шариятка туура келгендей жакшы иштерди кылса, анда Биз аны бул дүйнө жашоосунда Аллахтын тагдырына ыраазы болуп, каниеттүүлүк кылып, ибадаттарга ийгилик берүү менен сөзсүз жакшы жашатабыз жана акыретте алардын соопторун бул дүйнөдө кылган жакшы иштеринин сообунан да артык кылып беребиз.
阿拉伯语经注:
فَإِذَا قَرَأۡتَ ٱلۡقُرۡءَانَ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ ٱلرَّجِيمِ
Оо, мусулман! Эгерде сен Куран окууну кааласаң, анда Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын азгырыктарынан сени коргоосун сура!
阿拉伯语经注:
إِنَّهُۥ لَيۡسَ لَهُۥ سُلۡطَٰنٌ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ
Аллахка ыйман келтирип, бардык иштеринде жалгыз Ага гана таянгандардын үстүнөн шайтан башкара албайт.
阿拉伯语经注:
إِنَّمَا سُلۡطَٰنُهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ يَتَوَلَّوۡنَهُۥ وَٱلَّذِينَ هُم بِهِۦ مُشۡرِكُونَ
Бир гана аны дос тутуп, ага азгырылгандарды жана анын азгырыгы себептүү Аллахка шерик кошуп, Аны менен катар башкаларга сыйынгандарды гана азгырыгы менен башкарат.
阿拉伯语经注:
وَإِذَا بَدَّلۡنَآ ءَايَةٗ مَّكَانَ ءَايَةٖ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مُفۡتَرِۭۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Эгерде Биз бир аяттын өкүмүн өчүрүп анын ордуна башка бир аятты алып келсек, алар: «Эй, Мухаммад! Албетте сен жалганчысың. Аллахтын атынан жалганды ойлоп таап жатасың» – деп айтышат. Алардын көпчүлүгү өзгөртүлгөн өкүмдүн артында Аллахтын сыры бар экендигинин билишпейт. Аллах кандай максатта Курандан кайсы өкүмдү өчүрүүнү же өчүрбөштү Өзү жакшы Билүүчү.
阿拉伯语经注:
قُلۡ نَزَّلَهُۥ رُوحُ ٱلۡقُدُسِ مِن رَّبِّكَ بِٱلۡحَقِّ لِيُثَبِّتَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَهُدٗى وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُسۡلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эч кандай катасы, өзгөрүүсү жана бурмалануусу жок бул Куран менен Жебреил периште Аллахтын алдынан акыйкат менен түштү. Аны Аллахка ыйман келтиргендин ыйманын бекемдеш үчүн түшүрдү. Андан жаңы нерсе түшкөн сайын, анын кээ бир өкүмдөрү өчүрүлгөн сайын ыймандары бекемдейт. Ошондой эле аларды акыйкатка багыттап, мусулмандар жете турган улуу соопторду сүйүнчүлөш үчүн түшүрдү».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• العمل الصالح المقرون بالإيمان يجعل الحياة طيبة.
Ыйман менен биргеликте кылынган жакшы иш-аракеттер жашоону жакшы жакка өзгөртөт.

• الطريق إلى السلامة من شر الشيطان هو الالتجاء إلى الله، والاستعاذة به من شره.
Шайтандын жамандыктарынан коопсуз болуунун жолу – Аллахтан коргонуу издөө жана анын жамандыгынан коргоосун суроо.

• على المؤمنين أن يجعلوا القرآن إمامهم، فيتربوا بعلومه، ويتخلقوا بأخلاقه، ويستضيئوا بنوره، فبذلك تستقيم أمورهم الدينية والدنيوية.
Ыймандуулар үчүн Куранды жол башчы кылуулары милдет. Алар андагы илимдер менен тарбияланып, адеп-ахлактарга жетип, нуру менен нурдануулары зарыл. Мына ушулар менен алардын эки дүйнөдөгү иштери жөнгө салынат.

• نسخ الأحكام واقع في القرآن زمن الوحي لحكمة، وهي مراعاة المصالح والحوادث، وتبدل الأحوال البشرية.
Куран түшкөн заманда кандайдыр бир максатта анын кээ бир өкүмдөрү өчүрүлгөнү анык. Бул нерсе коомчулуктагы кызыкчылыктарды, окуяларды эске алуу жана андагы абалдардын өзгөрүүсүнөн улам болгон.

 
含义的翻译 章: 奈哈里
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭