Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 段: (90) 章: 奈哈里
۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَٱلۡإِحۡسَٰنِ وَإِيتَآيِٕ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَيَنۡهَىٰ عَنِ ٱلۡفَحۡشَآءِ وَٱلۡمُنكَرِ وَٱلۡبَغۡيِۚ يَعِظُكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ
Чындыгында Аллах пенделерин адилеттүүлүккө, Аллахтын жана адамдардын алдындагы милдеттерин аткарууга жана өкүм чыгарууда бирин экинчисинен артык көрбөгөнгө буйруду. Бирок артык көрүүнү талап кылганга укуктуу болгон абалда гана уруксат. Ошондой эле пендеге милдет болбогон жакшылык иштерди кылууга буйруду, мисалы, өз ыктыяры менен садака кылуу, зулум кылганды кечирүү, жакын туугандарга муктаж болгон нерселерин берүүгө буйруу, бардык жаман сөздөрдөн жана зына сыяктуу жаман иштерден тыюу, шарият жаман көргөн бардык күнөөлөрдөн тыюу, адамдарга текеберлик жана зулумдук кылуудан тыюу. Аллах бул аятта силерге буйруган жана тыйган нерселерди аткарууну осуят кылат. Балким Анын кылган окуятынан сабак аларсыңар.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• للكفار الذين يصدون عن سبيل الله عذاب مضاعف بسبب إفسادهم في الدنيا بالكفر والمعصية.
Аллахтын жолунан тоскон каапырлар үчүн эселеген азаптар бар. Анткени алар каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү бул дүйнөдө бузукулук кылышты.

• لا تخلو الأرض من أهل الصلاح والعلم، وهم أئمة الهدى خلفاء الأنبياء، والعلماء حفظة شرائع الأنبياء.
Жер бети илимдүү жана жакшы адамдардан куру калбайт. Мына ошолор туура жол башчылары, пайгамбарлардын орун басарлары жана пайгамбарлардын шарияттарын сактагандар.

• حدّدت هذه الآيات دعائم المجتمع المسلم في الحياة الخاصة والعامة للفرد والجماعة والدولة.
Бул аяттар мусулман коомчулугундагы ар бир адамдын, коомдун жана мамлекеттин жеке жана жалпы жашоосунун негиздерин чектеди.

• النهي عن الرشوة وأخذ الأموال على نقض العهد.
Убаданы бузуш үчүн акча алуудан жана паракорлуктан тыюу.

 
含义的翻译 段: (90) 章: 奈哈里
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭