Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 拜格勒   段:
وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَكُمۡ لَا تَسۡفِكُونَ دِمَآءَكُمۡ وَلَا تُخۡرِجُونَ أَنفُسَكُم مِّن دِيَٰرِكُمۡ ثُمَّ أَقۡرَرۡتُمۡ وَأَنتُمۡ تَشۡهَدُونَ
Биз силерден Тооратта бири-бириңердин каныңарды төгүүнүн жана бири-бириңерди өз жеринен кууп чыгуунун арамдыгы тууралуу бекем убада алганыбызды эстегиле. Кийин силер Биз ал тууралуу силерден алган келишимдин тууралыгына күбөлүккө өтүп, аны мойнуңарга алдыңар.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ أَنتُمۡ هَٰٓؤُلَآءِ تَقۡتُلُونَ أَنفُسَكُمۡ وَتُخۡرِجُونَ فَرِيقٗا مِّنكُم مِّن دِيَٰرِهِمۡ تَظَٰهَرُونَ عَلَيۡهِم بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَإِن يَأۡتُوكُمۡ أُسَٰرَىٰ تُفَٰدُوهُمۡ وَهُوَ مُحَرَّمٌ عَلَيۡكُمۡ إِخۡرَاجُهُمۡۚ أَفَتُؤۡمِنُونَ بِبَعۡضِ ٱلۡكِتَٰبِ وَتَكۡفُرُونَ بِبَعۡضٖۚ فَمَا جَزَآءُ مَن يَفۡعَلُ ذَٰلِكَ مِنكُمۡ إِلَّا خِزۡيٞ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يُرَدُّونَ إِلَىٰٓ أَشَدِّ ٱلۡعَذَابِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Андан соң силер бул келишимди бузуп, бири-бириңерди өлтүрдүңөр, өзүңөрдөн болгон бир топко каршы душмандардан жардам сурап, аларды өз жеринен зулумдук жана душмандык менен кууп чыктыңар. Эгерде алар душмандардын колунда силерге туткун болуп келишсе, аларды өз жеринен кууп чыгуу силерге арам болгондугуна карабастан, аларды туткундан бошотуу үчүн кун төлөгөнгө шаштыңар. Силер Тооратта келген туткундарды кун төлөп бошотуунун милдеттиги тууралуу кээ бир нерселерге ыйман келтирип, ал эми андагы айтылган кан төкпөгүлө, бири-бириңерди кууп чыкпагыла деген сыяктуу кээ бир нерселерге кантип каапырлык кылып жатасыңар? Силердин араңарда ушундай кылган адам үчүн бул дүйнө жашоосунда кордук менен төмөндүктөн башка жаза жок. Ал эми акыретте болсо эң катаал азапка кайтарылат. Аллах силердин кылганыңардан бейкапар эмес, Ал аны билип турат жана жакында силерге анын жазасын берет.
阿拉伯语经注:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱشۡتَرَوُاْ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا بِٱلۡأٓخِرَةِۖ فَلَا يُخَفَّفُ عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Алар убактылууну түбөлүктүүдөн артык көрүп, акыретти дүйнө жашоосуна алмаштыргандар. Ошондуктан аларга акыретте азап жеңилдетилбейт жана ал күндө аларга эч кандай жардамчы да болбойт.
阿拉伯语经注:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَقَفَّيۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ بِٱلرُّسُلِۖ وَءَاتَيۡنَا عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَيَّدۡنَٰهُ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِۗ أَفَكُلَّمَا جَآءَكُمۡ رَسُولُۢ بِمَا لَا تَهۡوَىٰٓ أَنفُسُكُمُ ٱسۡتَكۡبَرۡتُمۡ فَفَرِيقٗا كَذَّبۡتُمۡ وَفَرِيقٗا تَقۡتُلُونَ
Биз Мусага Тооратты бердик, анын артынан пайгамбарларды жибердик. Ал эми Мариямдын уулу Исага анын чынчылдыгын билдирген өлүктү тирилтүү, тубаса сокур, ала жана пес оорусу менен ооругандарды айыктыруу сыяктуу ачык айкын аят-белгилерди бердик жана аны Жебреил периште менен кубаттадык. Эй, Исраил урпактары! Силерге Аллах тараптан бир пайгамбар каалооңорго туура келбеген нерсени алып келген сайын силер акыйкатка текеберленип жана Аллахтын элчилерине бой көтөрүү менен алардын кээ бирлерин жалганга чыгарып, кээ бирлерин өлтүрө бересиңерби?!
阿拉伯语经注:
وَقَالُواْ قُلُوبُنَا غُلۡفُۢۚ بَل لَّعَنَهُمُ ٱللَّهُ بِكُفۡرِهِمۡ فَقَلِيلٗا مَّا يُؤۡمِنُونَ
Жөөттөрдүн Мухаммадды ээрчибейбиз дегенге шылтоосу: «Биздин жүрөктөрүбүз кулпуланган, айткандарыңдын эч бири ага жетпейт жана аны түшүнбөйт» – дегени эле. Абал алар ойлогондой эмес! Тескерисинче, Аллах аларды каапырлыктары үчүн Өз ырайымынан алыстаткан. Ошондуктан алар Аллах түшүргөн нерселердин аз гана бөлүгүнө ыйман келтиришет.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• من أعظم الكفر: الإيمان ببعض ما أنزل الله والكفر ببعضه؛ لأن فاعل ذلك قد جعل إلهه هواه.
Аллах түшүргөн нерселердин кээ бирлерине ыйман келтирип, кээ бирлерине каапырлык кылуу – эң чоң каапырлыктардан. Анткени мындай кылган адам өз напси каалоосун кудай кылып алган.

• عِظَم ما بلغه اليهود من العناد، واتباع الهوى، والتلاعب بما أنزل الله تعالى.
Жөөттөрдүн баш ийбестик, напси каалоону ээрчүү жана Аллах түшүргөн нерселерди оюн тутуу аркылуу жеткен нерселеринин оордугу.

• فضل الله تعالى ورحمته بخلقه، حيث تابع عليهم إرسال الرسل وإنزال الكتب لهدايتهم للرشاد.
Пенделерди тууралыкка багыттоо үчүн аларга пайгамбарларды байма-бай жиберүү жана китептерди түшүрүү – Аллахтын аларга болгон жакшылыгы жана ырайымлуулугу.

• أن الله يعاقب المعرضين عن الهدى المعاندين لأوامره بالطبع على قلوبهم وطردهم من رحمته؛ فلا يهتدون إلى الحق، ولا يعملون به.
Туура жолдон баш тарткандарды, буйруктарына баш ийбестик кылгандарды Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басып, аларды Өз ырайымынан алыстатуу менен жазалайт. Ошондо алар акыйкатка карай жол табышпайт жана аны иш жүзүнө да ашыра алышпайт.

 
含义的翻译 章: 拜格勒
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭