《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 译解目录


含义的翻译 段: (123) 章: 塔哈
قَالَ ٱهۡبِطَا مِنۡهَا جَمِيعَۢاۖ بَعۡضُكُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوّٞۖ فَإِمَّا يَأۡتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدٗى فَمَنِ ٱتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشۡقَىٰ
Аллах Адам менен Хавага айтты: «Экөөңөр Иблис менен кошо бейиштен түшкүлө! Эми ал силерге, силер ага душмансыңар. Эми силерге Менин жолума багыттаган жолдомо келсе жана силерден ким аны ээрчисе, аны аткарса жана андан бурулбаса, анда ал акыйкаттан адашпайт, акыретте азапталып бактысыз калбайт. Аллах аны сөзсүз бейишке киргизет».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الأدب في تلقي العلم، وأن المستمع للعلم ينبغي له أن يتأنى ويصبر حتى يفرغ المُمْلِي والمعلم من كلامه المتصل بعضه ببعض.
Илим алуудагы адептерден – илимди угуп жаткан адам мугалим сөзүн толук айтып бүткөнгө чейин сабыр кылып, шашылбоо керек.

• نسي آدم فنسيت ذريته، ولم يثبت على العزم المؤكد، وهم كذلك، وبادر بالتوبة فغفر الله له، ومن يشابه أباه فما ظلم.
Адам унутту, анын урпактары да унутту. Ал бекем чечимге туруктуулук кыла албады, анын урпактары да ошондой. Ал тообо кылууга шашылды, ошондо Аллах аны кечирди. Ким Адам атага окшошсо, анда ал зулумдукка кабылбайт.

• فضيلة التوبة؛ لأن آدم عليه السلام كان بعد التوبة أحسن منه قبلها.
Тообо кылуунун артыкчылыгы. Анткени Адамдын тообо кылгандан кийинки абалы ага чейинки абалынан жакшыраак болду.

• المعيشة الضنك في دار الدنيا، وفي دار البَرْزَخ، وفي الدار الآخرة لأهل الكفر والضلال.
Каапырлардын жана туура жолдон адашкандардын бул дүйнөдө да, кабырда да, ал тургай акыретте да жашоосу тар болот.

 
含义的翻译 段: (123) 章: 塔哈
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 译解目录

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

关闭