Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 安比亚仪   段:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ مِن رَّسُولٍ إِلَّا نُوحِيٓ إِلَيۡهِ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدُونِ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга: «Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Жалгыз Мага сыйынгыла жана эч нерсени шерик кылбагыла!» – деп вахий кылганбыз.
阿拉伯语经注:
وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۚ بَلۡ عِبَادٞ مُّكۡرَمُونَ
Мушриктер: «Аллах периштелерди Өзүнө кыз кылып алды» – дешти. Аллах алардын айткан жалгандарынан аруу жана ыйык. Тескерисинче, периштелер Аллахка жакын жана Анын урматтуу кулдары.
阿拉伯语经注:
لَا يَسۡبِقُونَهُۥ بِٱلۡقَوۡلِ وَهُم بِأَمۡرِهِۦ يَعۡمَلُونَ
Алар Раббисинен мурун сүйлөшпөйт, аларга буйрук берилмейин унчугушпайт, Анын буйруктарын аткарышат жана Анын буйруктарына каршы чыгышпайт.
阿拉伯语经注:
يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡ وَلَا يَشۡفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ٱرۡتَضَىٰ وَهُم مِّنۡ خَشۡيَتِهِۦ مُشۡفِقُونَ
Ал алардын өткөн жана келечек иштерин билет. Өзү ыраазы болуп уруксат бергендерге гана шапаат сурай алышат. Алар Аллахтан коркуп сактанышат жана Анын буйрук-тыюуларына каршы чыгышпайт.
阿拉伯语经注:
۞ وَمَن يَقُلۡ مِنۡهُمۡ إِنِّيٓ إِلَٰهٞ مِّن دُونِهِۦ فَذَٰلِكَ نَجۡزِيهِ جَهَنَّمَۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلظَّٰلِمِينَ
Мисал катары айтсак, эгерде периштелерден кимиси: «Мен Аллахтан башка кудаймын» – деп айткан болсо, Биз аны ушул сөзү үчүн кыямат күнү жаза катары түбөлүк тозок менен азаптайбыз.Жана ушундай жаза менен каапырлык жана ширк кылган залимдерди да жазалайбыз.
阿拉伯语经注:
أَوَلَمۡ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ كَانَتَا رَتۡقٗا فَفَتَقۡنَٰهُمَاۖ وَجَعَلۡنَا مِنَ ٱلۡمَآءِ كُلَّ شَيۡءٍ حَيٍّۚ أَفَلَا يُؤۡمِنُونَ
Аллахка каапырлык кылышкандар билишпейби, мурда Асмандар менен Жер бири-бирине жабышып турат эле, ортосунда жамгыр жаай тургандай да боштук жок болчу. Кийин Биз ал экөөсүн бөлүп, Асмандан жерге түшкөн суудан бардык жандыктарды жана өсүмдүктөрдү жараттык. Алар мындан сабак алышпайбы жана жалгыз Аллахка ыйман келтиришпейби?!
阿拉伯语经注:
وَجَعَلۡنَا فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِهِمۡ وَجَعَلۡنَا فِيهَا فِجَاجٗا سُبُلٗا لَّعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ
Жер өз бетиндегилерди силкибеш үчүн Биз анын үстүнө бекем тоолорду жараттык. Жана анын үстүндө кенен жолдорду кылдык. Балким алар сапарга чыгышканда ошолор аркылуу көздөгөн жерлерине жол таап барышат.
阿拉伯语经注:
وَجَعَلۡنَا ٱلسَّمَآءَ سَقۡفٗا مَّحۡفُوظٗاۖ وَهُمۡ عَنۡ ءَايَٰتِهَا مُعۡرِضُونَ
Биз асманды урап калбагыдай кылып, шып сыяктуу устунсуз жараттык. Ошондой эле сөздөрдү угуп уурдабай тургандай коргоп койдук. Ал эми мушриктер асмандагы Күн жана Ай сыяктуу аят-белгилерди көрүп сабак алышпастан жүз үйрүштү.
阿拉伯语经注:
وَهُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ فِي فَلَكٖ يَسۡبَحُونَ
Аллах жалгыз Өзү түндү эс алуу үчүн, күндүздү тиричилик кылыш үчүн жаратты. Ал эми Күндү күндүздүн белгиси кылды, Айды түндүн белгиси кылды. Күн дагы, Ай дагы өзүнө тийиштүү орбитада жылып жүрөт. Алар андан бурулуп да, ооп да кетишпейт.
阿拉伯语经注:
وَمَا جَعَلۡنَا لِبَشَرٖ مِّن قَبۡلِكَ ٱلۡخُلۡدَۖ أَفَإِيْن مِّتَّ فَهُمُ ٱلۡخَٰلِدُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун эч бир адамды бул жашоодо түбөлүк жашай турган кылбадык. Бул жашоодо ажалың жетип сен өлүп, ал эми алар сенден кийин да түбөлүк тирүү калышат бекен?! Андай болбойт!
阿拉伯语经注:
كُلُّ نَفۡسٖ ذَآئِقَةُ ٱلۡمَوۡتِۗ وَنَبۡلُوكُم بِٱلشَّرِّ وَٱلۡخَيۡرِ فِتۡنَةٗۖ وَإِلَيۡنَا تُرۡجَعُونَ
Ар бир жан, ал ыймандуу болобу же каапыр болобу, бул дүйнөдө өлүмдү татат. Оо, адамдар! Биз силерди бул дүйнө жашоосунда диний милдеттер, жакшылыктар, кыйынчылыктар менен сынайбыз, өлгөнүңөрдөн кийин Бизге гана кайтасыңар. Ошондо Биз силерди кылган иштериңерге жараша сыйлык же жазаңарды беребиз.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• تنزيه الله عن الولد.
Аллах балалуу болуудан аруу.

• منزلة الملائكة عند الله أنهم عباد خلقهم لطاعته، لا يوصفون بالذكورة ولا الأنوثة، بل عباد مكرمون.
Периштелердин Аллахтын алдындагы орду – алар Ага моюн сунуу үчүн жаратылган, алардын эркек-ургаачылары жок. Алар ардактуу кулдар.

• خُلِقت السماوات والأرض وفق سُنَّة التدرج، فقد خُلِقتا مُلْتزِقتين، ثم فُصِل بينهما.
Асмандар менен Жер баскыч тартипте жаратылган. Башында экөөсү бири-бирине жабышкан абалда жаратылган, кийин эки бөлүк болуп ажыратылган.

• الابتلاء كما يكون بالشر يكون بالخير.
Сыноо жамандык менен болгон сыяктуу жакшылык менен да болот.

 
含义的翻译 章: 安比亚仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭