Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 段: (40) 章: 阿里欧姆拉尼
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَقَدۡ بَلَغَنِيَ ٱلۡكِبَرُ وَٱمۡرَأَتِي عَاقِرٞۖ قَالَ كَذَٰلِكَ ٱللَّهُ يَفۡعَلُ مَا يَشَآءُ
Периштелер Закарияга Яхья тууралуу сүйүнчүлөгөндө ал айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүм картайып, кемпирим төрөбөс болсо, анан мен кантип балалуу болмок элем?». Аллах анын сөзүнө жооп кылып мындай деди: «Сен карылык жашка келип, аялың төрөттөн калган кезде Яхьянын төрөлүүсү ¬– Аллах адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратуусуна мисал. Анткени Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Өз даанышмандыгы жана илими менен каалаганын кылат».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• عناية الله تعالى بأوليائه، فإنه سبحانه يجنبهم السوء، ويستجيب دعاءهم.
Аллах тааланын сүйүктүү пенделерине болгон камкордугу. Ал аларды жамандыктан алыстатат жана дубаларына жооп берет.

• فَضْل مريم عليها السلام حيث اختارها الله على نساء العالمين، وطهَّرها من النقائص، وجعلها مباركة.
Мариямдын артыкчылыгы, анткени Аллах аны ааламдагы аялдардан тандап алды, айып-кемчиликтерден тазалады жана берекелүү кылды.

• كلما عظمت نعمة الله على العبد عَظُم ما يجب عليه من شكره عليها بالقنوت والركوع والسجود وسائر العبادات.
Аллахтын пендеге берген жакшылыгы канчалык көбөйгөн сайын, ага шүгүр кылуу милдети да ошончолук чоң болот, мисалы, намазда дуба кылуу (кунут), рүкү-сажда кылуу ж.б. бардык ибадаттар.

• مشروعية القُرْعة عند الاختلاف فيما لا بَيِّنة عليه ولا قرينة تشير إليه.
Аныктыкты көрсөткөн далил болбогон талаш-тартышда чүчү кулак кармоо шариятта бар.

 
含义的翻译 段: (40) 章: 阿里欧姆拉尼
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭