Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 赛智德   段:
وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَدۡنَىٰ دُونَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَكۡبَرِ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Биз Аллахка баш ийбеген ал жалганчыларды эгер алар тообо кылышпаса, акыретте даярдалган чоң азапка чейин бул дүйнөдө кыйынчылыктарды жана балээлерди тарттырабыз. Балким алар Раббисине баш ийип кайтышар.
阿拉伯语经注:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِۦ ثُمَّ أَعۡرَضَ عَنۡهَآۚ إِنَّا مِنَ ٱلۡمُجۡرِمِينَ مُنتَقِمُونَ
Аллахтын аяттары эскертүү катары айтылганда андан сабак албастан, көңүл бурбастан жүз бурган адамдан өткөн залым эч ким жок. Чындыгында Биз Аллахтын аяттарынан жүз буруп каапырлык жана күнөөлөрдү кылган кылмышкерлерден сөзсүз өч алабыз.
阿拉伯语经注:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَلَا تَكُن فِي مِرۡيَةٖ مِّن لِّقَآئِهِۦۖ وَجَعَلۡنَٰهُ هُدٗى لِّبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Биз Мусага Тооратты бердик. Эй, пайгамбар! Сен Исра жана Мираж түнүндө Муса менен жолукканыңа шектенбегин. Биз Мусага түшкөн китепти Исраил урпактарын адашуудан туура жолго багыттоочу кылдык.
阿拉伯语经注:
وَجَعَلۡنَا مِنۡهُمۡ أَئِمَّةٗ يَهۡدُونَ بِأَمۡرِنَا لَمَّا صَبَرُواْۖ وَكَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يُوقِنُونَ
Биз, Исраил урпактарынан адамдар аларды акыйкат жолунда ээрчий турган, өздөрү да акыйкат жолго баштай турган башчыларды кылдык. Анткени, алар Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып, ыйманга чакыруудагы кыйынчылыктарга сабыр кылышкан. Алар пайгамбарларына түшкөн Аллахтын аяттары чындык экенине толук ишенишкен.
阿拉伯语经注:
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَفۡصِلُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын бул дүйнөдө талашып тартышкан маселелерин кыямат күнү калыстык менен чечип берет. Кимиси чынчыл, кимиси жалганчы экенин ачык билдирет жана ар бирине татыктуу сыйлыгын же жазасын берет.
阿拉伯语经注:
أَوَلَمۡ يَهۡدِ لَهُمۡ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّنَ ٱلۡقُرُونِ يَمۡشُونَ فِي مَسَٰكِنِهِمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٍۚ أَفَلَا يَسۡمَعُونَ
Эмне алар Биз мурунку коомдорду жок кылганыбызды көрүшпөй сокур болуп калыштыбы?! Мына ошолордун жок кылынганга чейинки жашашкан турак-жайларында басып жүрүшөт го! Алардын абалдарын көрүп сабак алышкан жок. Чындыгында ал коомдор каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү жок кылынуусунда үлгү-сабактар бар. Бул аларга пайгамбарлары Аллах тараптан алып келген нерсе чындык экендигине далил болот. Ал жалганчылар Аллахтын аяттарын кабыл алуу жана үлгү алуу менен угушпайбы?!
阿拉伯语经注:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا نَسُوقُ ٱلۡمَآءَ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡجُرُزِ فَنُخۡرِجُ بِهِۦ زَرۡعٗا تَأۡكُلُ مِنۡهُ أَنۡعَٰمُهُمۡ وَأَنفُسُهُمۡۚ أَفَلَا يُبۡصِرُونَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар көрүшпөйбү, Биз эч кандай өсүмдүк өспөгөн кургак жерге жамгырдын суусун жаадырып, ал суу менен алардын төөлөрү, уйлары, койлору жана алар өздөрү да жеген эгиндерди чыгардык го?! Алар муну көрүшпөйбү, кургак жерди өндүргөн Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин аңдап билишпейби?!
阿拉伯语经注:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡفَتۡحُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар азапты шаштырып мындай дешет: «Кыямат күнү биз менен силердин ортобузду бөлөт, анан биз тозокко түшүп, силерди бейишке киргизет деп силер ойлоп жаткан өкүм качан болот?».
阿拉伯语经注:
قُلۡ يَوۡمَ ٱلۡفَتۡحِ لَا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِيمَٰنُهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ
Эй, пайгамбар! Аларга айт: «Бул убада кыямат күнү болот. Чындыгында ал пенделердин ортосун бөлгөн күн. Ал кезде дүйнөдө Аллахка каапырлык кылгандар кыямат күнүн өз көзү менен көргөндөн кийин чындыкты тастыктагандары аларга пайда бербейт жана алар Раббисине тообо кылып кайтуулары үчүн мөөнөт да берилбейт».
阿拉伯语经注:
فَأَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ وَٱنتَظِرۡ إِنَّهُم مُّنتَظِرُونَ
Эй, пайгамбар! Алар адашууга батып кеткен соң сен алардан жүзүңдү бур жана алардын башына түшө турган нерсени күт! Алар да убада кылынган азапты күтүшсүн.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• عذاب الكافر في الدنيا وسيلة لتوبته.
Каапырдын бул дүйнөдө азапталышы анын тообо кылуусуна себеп болот.

• ثبوت اللقاء بين نبينا صلى الله عليه وسلم وموسى عليه السلام ليلة الإسراء والمعراج.
Пайгамбарыбыз менен Муса пайгамбардын Исра жана Мираж түнүндө жолугушкандыгынын аныктыгы.

• الصبر واليقين صفتا أهل الإمامة في الدين.
Сабырдуулук жана күмөнсүз терең ишеним диндеги башчылык кылгандардын сыпаттарынан.

 
含义的翻译 章: 赛智德
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭