《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 译解目录


含义的翻译 段: (50) 章: 艾哈拉布
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَحۡلَلۡنَا لَكَ أَزۡوَٰجَكَ ٱلَّٰتِيٓ ءَاتَيۡتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَ مِمَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَيۡكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّٰتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَٰلَٰتِكَ ٱلَّٰتِي هَاجَرۡنَ مَعَكَ وَٱمۡرَأَةٗ مُّؤۡمِنَةً إِن وَهَبَتۡ نَفۡسَهَا لِلنَّبِيِّ إِنۡ أَرَادَ ٱلنَّبِيُّ أَن يَسۡتَنكِحَهَا خَالِصَةٗ لَّكَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۗ قَدۡ عَلِمۡنَا مَا فَرَضۡنَا عَلَيۡهِمۡ فِيٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ لِكَيۡلَا يَكُونَ عَلَيۡكَ حَرَجٞۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сен махр (калың) төлөп алган аялдарыңды сага адал кылдык, Аллах сага олжо кылып берген кол астыңдагы туткун күңдөрдү да адал кылдык, ошондой эле сени менен Мединадан Меккеге көчкөн атаң менен бир тууган кишилердин кыздарына үйлөнүүнү, атаңдын эже-карындаштарынын кыздарына үйлөнүүнү, тайкеңдин кыздарына үйлөнүүнү, таежелериңдин кыздарына үйлөнүүнү сага адал кылдык. Ошондой эле махр (калың) сурабастан өзүн сага сунуштаган ыймандуу аялдарды сага адал кылдык, эгер сен аларга үйлөнүүнү каалаган болсоң. Өзүн белек кылуу никеси пайгамбарга гана тиешелүү, үммөттөн андан башка эч кимге уруксат эмес. Биз ыймандууларга алардын аялдарына тийиштүү парз кылган нерселерди билебиз, аларга төрттөн ашык аял алууга уруксат жок. Жана Биз алардын күндөрүнө тийиштүү шарият өкүмдөрүн да билебиз, алар өздөрүнүн күңдөрүнөн каалагандай ырахаттанууга укуктуу, алардын саны да чектелүү эмес. Жогоруда айтылгандарды сага да адал кылдык жана жалпы мусулмандарга уруксат берилбеген өзгөчөлүктөрдү сага гана уруксат бергенибиздин себеби сени сыгылбасын, кыйналбасын дедик. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الصبر على الأذى من صفات الداعية الناجح.
Кыйынчылыктарга сабыр кылуу ийгиликтүү үгүт кылуучу адамдын сыпаттарынан.

• يُنْدَب للزوج أن يعطي مطلقته قبل الدخول بها بعض المال جبرًا لخاطرها.
Жыныстык мамиле кылбастан аялына талак берген эркекке анын көңүлүн жоошутуу үчүн өз байлыгынан бергени жакшы амалдардан болуп эсептелет.

• خصوصية النبي صلى الله عليه وسلم بجواز نكاح الهبة، وإن لم يحدث منه.
Пайгамбар тараптан сунуш түшпөсө да өзүн ага белек кылып сунуштоо никеси ага гана уруксат берилген өзгөчөлүктөрдөн.

 
含义的翻译 段: (50) 章: 艾哈拉布
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 译解目录

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

关闭