Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 隋德   段:
وَوَهَبۡنَا لَهُۥٓ أَهۡلَهُۥ وَمِثۡلَهُم مَّعَهُمۡ رَحۡمَةٗ مِّنَّا وَذِكۡرَىٰ لِأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Биз ага жооп берип, анын зыян тарткан нерсесин жок кылдык. Ошондой эле ага үй-бүлөсүн кайтардык жана туура акыл жүгүрткөн адамдар «сабырдуулуктун акыбети – кутулуу жана соопко жетүү» экендиги тууралуу ой жүгүртүүлөрү үчүн Биз ага Өзүбүз тараптан ырайым катары анын үстүнө дагы ошончо бала-чаканы жана неберелерди кошуп бердик.
阿拉伯语经注:
وَخُذۡ بِيَدِكَ ضِغۡثٗا فَٱضۡرِب بِّهِۦ وَلَا تَحۡنَثۡۗ إِنَّا وَجَدۡنَٰهُ صَابِرٗاۚ نِّعۡمَ ٱلۡعَبۡدُ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٞ
Качан Аюб аялына ачуусу келип, ага жүз балак урам деп касам ичкенде Биз ага айттык: «Эй, Аюб! Касамыңды ишке ашырыш үчүн колуңа бир ууч курманын ичке сабактарын алып, аны менен аялыңды ур! Касам ичкенден кийин аны бузба». Ошондо ал бир ууч курманын сабагын алып, аны урду. Чындыгында Биз анын сыноолорубузга сабырдуулугун көрдүк. Ал кандай жакшы пенде! Чындыгында ал Аллахка дайым тообо кылып кайтуучу.
阿拉伯语经注:
وَٱذۡكُرۡ عِبَٰدَنَآ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ أُوْلِي ٱلۡأَيۡدِي وَٱلۡأَبۡصَٰرِ
Оо, пайгамбар! Сен Биз тандаган пенделер жана Биз жиберген элчилер болгон Ибрахим, Исхак жана Якубду эстечи. Алар Аллахка ибадат кылууда күч-кубаттуу, Анын ыраазылыгын издеген жана акыйкатка чындап көрөгөчтүк кылган адамдар болчу.
阿拉伯语经注:
إِنَّآ أَخۡلَصۡنَٰهُم بِخَالِصَةٖ ذِكۡرَى ٱلدَّارِ
Чындыгында Биз аларга өзгөчө касиет бердик. Ал касиет – акыретти эстөө менен жүрөктөрүн тирилтүү, жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүү жана адамдарды аларды аткарууга чакыруу.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّهُمۡ عِندَنَا لَمِنَ ٱلۡمُصۡطَفَيۡنَ ٱلۡأَخۡيَارِ
Акыйкатта алар Биздин алдыбызда моюн сунуу үчүн, ибадат кылуу үчүн тандап алынган адамдардан. Биз аларга пайгамбарлык милдетти тапшырып, аны адамдарга жеткирүү үчүн тандап алдык.
阿拉伯语经注:
وَٱذۡكُرۡ إِسۡمَٰعِيلَ وَٱلۡيَسَعَ وَذَا ٱلۡكِفۡلِۖ وَكُلّٞ مِّنَ ٱلۡأَخۡيَارِ
Оо, пайгамбар! Ибрахимдин баласы Исмаилди, Аль-Ясааны жана Зулкифлди эстегин. Аларга эң сонун мактоолорду айт. Анткени алар ошого татыктуу. Алардын баарысы Аллахтын алдында тандалган пенделерден.
阿拉伯语经注:
هَٰذَا ذِكۡرٞۚ وَإِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ لَحُسۡنَ مَـَٔابٖ
Бул аларга карата айтылган алкыш-мактоолор тууралуу Курандагы эскерүү. Ошондой эле Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштаган такыбалар үчүн акыретте эң сонун кайтып баруучу жай бар.
阿拉伯语经注:
جَنَّٰتِ عَدۡنٖ مُّفَتَّحَةٗ لَّهُمُ ٱلۡأَبۡوَٰبُ
Ал кайтып баруучу эң сонун жай – алар кыямат күнү кире турган түбөлүктүү бейиштер. Анын эшиктери аларга салтанаттуу ачылат.
阿拉伯语经注:
مُتَّكِـِٔينَ فِيهَا يَدۡعُونَ فِيهَا بِفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ وَشَرَابٖ
Алар кооздолгон сөрүлөрдө жамбаштап жатышып, кызматчылардан өздөрү каалаган түркүн-түрлүү мөмө-жемиштерди жана шарап сыяктуу алар каалаган суусундуктарды алдырышат.
阿拉伯语经注:
۞ وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ أَتۡرَابٌ
Алардын алдында күйөөлөрүнөн көзүн албаган, башкаларга көз салбаган жана баары тегиз бир куракта болгон аялдар бар.
阿拉伯语经注:
هَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِيَوۡمِ ٱلۡحِسَابِ
Оо, такыбалар! Силер дүйнөдө кылган жакшылык иштериңердин кыяматтагы эң жакшы сыйлыгы катары силерге убада кылынган нерсе – мына ушул.
阿拉伯语经注:
إِنَّ هَٰذَا لَرِزۡقُنَا مَا لَهُۥ مِن نَّفَادٍ
Чындыгында бул айткан сыйлыгыбыз – Биз берген ырыскы. Биз аны кыямат күнү такыбаларга насип кылабыз. Ал ырыскы дайым уланат, ал эч качан бүтпөйт жана түгөнбөйт.
阿拉伯语经注:
هَٰذَاۚ وَإِنَّ لِلطَّٰغِينَ لَشَرَّ مَـَٔابٖ
Биз айткан бул нерсе – такыбалардын сыйлыгы. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып Аллахтын чектеринен чыккандарга такыбалардын сыйлыгынан айырмаланган жаза бар. Алар үчүн кыяматта эң жаман кайтып баруучу жай бар.
阿拉伯语经注:
جَهَنَّمَ يَصۡلَوۡنَهَا فَبِئۡسَ ٱلۡمِهَادُ
Бул жаза – аларды ороп алуучу тозок. Алар анын ысыгынан жана жалынан азап тартышат. Аларга оттон төшөктөр бар. Алардын төшөгү кандай жаман!
阿拉伯语经注:
هَٰذَا فَلۡيَذُوقُوهُ حَمِيمٞ وَغَسَّاقٞ
Бул азап – кайнаган ысык суу жана тозокто азапталган адамдардын аккан ириңдери. Аны ичкиле! Бул алардын чаңкоосун кетирбеген суусундуктары.
阿拉伯语经注:
وَءَاخَرُ مِن شَكۡلِهِۦٓ أَزۡوَٰجٌ
Алар үчүн бул азапка окшогон башка дагы азаптар бар. Алар акыретте азапталыш үчүн аларга түркүн-түрлүү азаптар даярдалган.
阿拉伯语经注:
هَٰذَا فَوۡجٞ مُّقۡتَحِمٞ مَّعَكُمۡ لَا مَرۡحَبَۢا بِهِمۡۚ إِنَّهُمۡ صَالُواْ ٱلنَّارِ
Адамдар тозокко киргенде душмандар сыяктуу бири-бирин сөгүшөт, бири-биринен баш тартып, кээ бирлери: «Бул топ силер менен бирге тозокко кирет» – деп айтышканда, аларга мындай деп жооп беришет: «Алар кош келишпеди! Алар дагы биз сыяктуу тозок азабын тартышат».
阿拉伯语经注:
قَالُواْ بَلۡ أَنتُمۡ لَا مَرۡحَبَۢا بِكُمۡۖ أَنتُمۡ قَدَّمۡتُمُوهُ لَنَاۖ فَبِئۡسَ ٱلۡقَرَارُ
Ээрчиген жоон топ өздөрүнүн башчыларына айтышат: «Эй, башчылар! Өзүңөр кош келбедиңер! Силер бизди адаштырып жана азгырып ушул кыйноочу азапка түшүүбүзгө себепчи болдуңар. Бул эмне деген жаман жай! Тозок оту – баарынын турак-жайы».
阿拉伯语经注:
قَالُواْ رَبَّنَا مَن قَدَّمَ لَنَا هَٰذَا فَزِدۡهُ عَذَابٗا ضِعۡفٗا فِي ٱلنَّارِ
Ээрчигендер айтышты: «Оо, Раббибиз! Бизге акыйкат келгенден кийин бизди адаштыргандарды тозокто эселеп азапта».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• من صبر على الضر فالله تعالى يثيبه ثوابًا عاجلًا وآجلًا، ويستجيب دعاءه إذا دعاه.
Кыйынчылыкка сабыр кылган адамга эртеби-кечпи Аллах ага сообун берет жана дуба кылса дубасына жооп берет.

• في الآيات دليل على أن للزوج أن يضرب امرأته تأديبًا ضربًا غير مبرح؛ فأيوب عليه السلام حلف على ضرب امرأته ففعل.
Бул аяттарда күйөөсү аялын адептеш үчүн чектен чыкпастан урууга уруксат экенине далил бар. Аюб пайгамбар аялын урам деп касам ичип, кийин ал айтканын аткарды.

 
含义的翻译 章: 隋德
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭