《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 译解目录


含义的翻译 段: (10) 章: 法提哈
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُبَايِعُونَكَ إِنَّمَا يُبَايِعُونَ ٱللَّهَ يَدُ ٱللَّهِ فَوۡقَ أَيۡدِيهِمۡۚ فَمَن نَّكَثَ فَإِنَّمَا يَنكُثُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَوۡفَىٰ بِمَا عَٰهَدَ عَلَيۡهُ ٱللَّهَ فَسَيُؤۡتِيهِ أَجۡرًا عَظِيمٗا
О, пайгамбар! Меккелик мушриктер менен согушууга “Ризван” антын берип антташкандар, чынында Аллах менен антташты. Анткени, Ал Өзү аларды мушриктер менен согушууга буйруган жана аларга сыйлыгын Өзү берет. Антташуу учурунда Аллахтын колу алардын колунун үстүндө болду. Аллах аларды билип турат, алардын эч бир иши Ага жашыруун эмес. Ким антын бузса жана Аллахка берген "Анын динин колдойм" деген убадасын аткарбаса, анда антын бузуп, убадасын аткарбаганынын зыяны өзүнө гана тиет. Анысы Аллахка эч зыян тийгизбейт. Ал эми ким Аллахка берген "Анын динин колдойм" деген убадасын аткарса, анда Ал ага улуу сыйды - бейишти берет.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• مكانة بيعة الرضوان عند الله عظيمة، وأهلها من خير الناس على وجه الأرض.
Ризван антташуусунун Аллахтын алдындагы орду улук жана ага катышкандар жер бетиндеги адамдардын эң жакшылары.

• سوء الظن بالله من أسباب الوقوع في المعصية وقد يوصل إلى الكفر.
Аллах тууралуу жаман ойлоо күнөөгө түшүүнүн себептеринен, балким ал каапырлыкка да алып барышы мүмкүн.

• ضعاف الإيمان قليلون عند الفزع، كثيرون عند الطمع.
Коркунуч келгенде ыйманы алсыздар жок болуп кетишет, өздөрү каалаган нерсеге келгенде көбөйүп кетишет.

 
含义的翻译 段: (10) 章: 法提哈
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 译解目录

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

关闭