《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 译解目录


含义的翻译 段: (94) 章: 玛仪戴
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَيَبۡلُوَنَّكُمُ ٱللَّهُ بِشَيۡءٖ مِّنَ ٱلصَّيۡدِ تَنَالُهُۥٓ أَيۡدِيكُمۡ وَرِمَاحُكُمۡ لِيَعۡلَمَ ٱللَّهُ مَن يَخَافُهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَلَهُۥ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Оо, ыймандуулар, Аллах Таала силер (ажы-же умра үчүн) харамда турган кезиңерде кургактыктагы жан-жаныбарларды, алардын кичинесин колуңар менен, чоңдорун куралыңар менен кармап ала тургандай жакын алып келип сынайт. (Харамда кургактыктагы жан-жаныбарларга уучулук кылууга тыюу салынган, Аллах адамдарды сыноо үчүн эч ким жок жерде аларга жан-жаныбарларды көрсөтөт).Бул сыноону Аллах Таала пенделеринен кимиси Аллахтын билимине терең ишенип, кайыптан коркорун жана кылган ишинин баарын билип туруучу Жаратуучусунан коркуп уучулуктан өзүн карманарын билүү үчүн, ошондой эле ким (такыбалык кылбай) чектен чыгарын билип, ошого жараша эсеп-кысап кылуу үчүн жүргүздү. Ким ажы же умрада харамда туруп, уучулук кылып чектен чыкса, Аллах Таала тыйган ишке бут койгону үчүн кыямат күнү ага жан кейиткен азап бар.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• عدم مؤاخذة الشخص بما لم يُحَرَّم أو لم يبلغه تحريمه.
Арам ишти, арам болуп тыюу салына электе аткарган адам же тыюу салынганга чейин өтүп кеткен адам күнөөкөр болбойт.

• تحريم الصيد على المحرم بالحج أو العمرة، وبيان كفارة قتله.
Ажы же умрада харамга кирген кишиге аңчылык кылуу арам экени жана анын жазасы кандай болору баяндалды

• من حكمة الله عز وجل في التحريم: ابتلاء عباده، وتمحيصهم، وفي الكفارة: الردع والزجر.
Аңчылык кылууга тыюу салуудагы Аллахтын сыры - пенделерин сыноо жана аныктоо, ал эми анын жаза төлөмүнүн сыры - жемелөө жана эскертип, токтотуу

 
含义的翻译 段: (94) 章: 玛仪戴
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 译解目录

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

关闭