Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 扎勒亚提   段:
كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُواْ سَاحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٌ
Меккеликтер (пайгамбарды) жалганга чыгарган сыяктуу мурдакы коомдор деле жалганга чыгарышкан. Аллах тарбынан кандай элчи келсе да, «ал жалганчы» же «жинди» - деп айтышкан.
阿拉伯语经注:
أَتَوَاصَوۡاْ بِهِۦۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٞ طَاغُونَ
Мурдакы жана кийинки каапырлар элчилерди жалганга чыгарууга бири-бирине осуят кылышты беле?! Жок, алардын баары (каапырлыкта) чектеринен ашкан элдер.
阿拉伯语经注:
فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٖ
Оо, элчи! Ал жалганга чыгаргандардан жүз бургун. Ага сен айыптуу эмессиң. Чынында сен аларга жиберилген нерсени жеткирдиң.
阿拉伯语经注:
وَذَكِّرۡ فَإِنَّ ٱلذِّكۡرَىٰ تَنفَعُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Алардан жүз бурууң аларга насаат кылып, эскертүүдөн тосуп койбосун. Аларга насаат айтып, эскерткин! Анткени, эскертүү Аллахка ыйман келтиргендерге пайда берет.
阿拉伯语经注:
وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ
Жин менен инсанды жалгыз Мага гана ибадат кылуулары үчүн жараттым. Мага шерик кошуулары үчүн жаратпадым.
阿拉伯语经注:
مَآ أُرِيدُ مِنۡهُم مِّن رِّزۡقٖ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطۡعِمُونِ
Алардан ырыскы да Мени тамактандырууларын да каалабаймын.
阿拉伯语经注:
إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلۡقُوَّةِ ٱلۡمَتِينُ
Чынында, Аллах пенделерине ырыскы берүүчү, жаралгандын баары Анын ырыскысына муктаж. Ал эч ким жана эч нерсе үстөм боло албаган бекем кубат ээси. Жин жана инсандардын баары Анын кубатына баш ийишет.
阿拉伯语经注:
فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذَنُوبٗا مِّثۡلَ ذَنُوبِ أَصۡحَٰبِهِمۡ فَلَا يَسۡتَعۡجِلُونِ
Оо, элчи, сени жалганчыга чыгарып, өз жандарына зулумдук кылгандарга өздөрүнөн мурдакы шериктеринин үлүшүндөй азаптан болгон үлүштөрү бар. Анын белгиленген убактысы бар. Убактысы келмейинче аны Менден эртелетүүнү талап кылышпасын!
阿拉伯语经注:
فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن يَوۡمِهِمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ
Аллахка каапыр болуп, элчилерин жалганга чыгарган адамдарга аларга азап түшүүсү убада кылынган Кыямат Күндө өлүм, зыянга учуроо болсун!
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الكفر ملة واحدة وإن اختلفت وسائله وتنوع أهله ومكانه وزمانه.
Каапырлыктын себептери, эли, орду жана убактысы башка-башка болгонуна карабай, ал бир эле нерсе.

• شهادة الله لرسوله صلى الله عليه وسلم بتبليغ الرسالة.
Аллахтын, элчисинин динди жеткиргендигине күбөлүккө өтүүсү.

• الحكمة من خلق الجن والإنس تحقيق عبادة الله بكل مظاهرها.
Жин жана инсанды жаратуунун хикматы (максаты, себеби) Аллахка сыйынууну ишке ашыруу.

• سوف تتغير أحوال الكون يوم القيامة.
Кыямат күнү бул ааламдын абалы өзгөрөт.

 
含义的翻译 章: 扎勒亚提
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭