Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 奈智姆   段:
إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ تَسۡمِيَةَ ٱلۡأُنثَىٰ
Акыреттеги тирилүүгө ыйман келтирбегендер периштелерди Аллахтын кыздары деген ишенимден улам аларды аялдардын аттары менен аташат. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн жогору турат.
阿拉伯语经注:
وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّۖ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغۡنِي مِنَ ٱلۡحَقِّ شَيۡـٔٗا
Периштелерди аялдардын аттары менен атоодо алардын таянар илими жок. Алар бул нерседе божомол жана күмөнгө гана ээрчишет. Чындыгында күмөн акыйкаттын ордун баскыдай эч кандай пайда келтире албайт.
阿拉伯语经注:
فَأَعۡرِضۡ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكۡرِنَا وَلَمۡ يُرِدۡ إِلَّا ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا
Оо, пайгамбар! Аллахты эстөөдөн баш тарткан, ага маани бербеген жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдан жүз бур. Ал акырети үчүн аракет кылбайт. Себеби ал ага ишенбейт.
阿拉伯语经注:
ذَٰلِكَ مَبۡلَغُهُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱهۡتَدَىٰ
Мушриктердин периштелерди аялдардын аттары менен атап айткан бул сөздөрү — алар жеткен илимдин чеги. Анткени алар сабатсыз, алар терең ишенимге жетишкен эмес. Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң акыйкат жолдон четтегендерди жакшы билет жана Анын жолуна түшкөндөрдү да жакшы билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
阿拉伯语经注:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ بِمَا عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ بِٱلۡحُسۡنَى
Ээлик кылууда, жаратууда жана башкарууда асмандардагы жана жердеги нерселер жалгыз Аллахка таандык. Ошон үчүн Ал дүйнөдө жамандык иштерди кылгандарды азап менен татыктуу жазасын берет жана жакшылык кылган ыймандууларга бейишти сыйлык кылат.
阿拉伯语经注:
ٱلَّذِينَ يَجۡتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلۡمَغۡفِرَةِۚ هُوَ أَعۡلَمُ بِكُمۡ إِذۡ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَإِذۡ أَنتُمۡ أَجِنَّةٞ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡۖ فَلَا تُزَكُّوٓاْ أَنفُسَكُمۡۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ
Чоң күнөөлөрдөн жана бузуку иштерден сактангандардын кичине күнөөлөрү, чоң күнөөдөн сактанып, көп ибадат кылганы себептүү кечирилет. О, пайгамбар! Чынында, Раббиңдин кечиримдүүлүгү чексиз. Ал пенделери тобо кылса, күнөөлөрүн кечирет. Ал силерди атаңар Адамды топурактан жараткандан (баштап) энеңердин ичинде улам өөрчүгөн түйүлдүк кездеги абалыңарды жана (кийинки) жасаган иштериңерди жакшы билет. Ага ч нерсе жашыруун эмес. Андыктан, өзүңөрдү такыбамын деп мактабагыла. Аллах Тала анын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылган такыбаларды жакшы билет.
阿拉伯语经注:
أَفَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي تَوَلَّىٰ
Исламга жакындагандан кийин жүз бурган адамдын жийиркеничтүү абалын көрбөдүңбү?
阿拉伯语经注:
وَأَعۡطَىٰ قَلِيلٗا وَأَكۡدَىٰٓ
Ал болбогон мал-мүлк берди, кийин токтотту. Анткени сараңдык анын табияты. Бирок ал ага карабастан өзүн мактайт.
阿拉伯语经注:
أَعِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلۡغَيۡبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ
Ал көрүп же сүйлөп бергидей анда кайып илими барбы?
阿拉伯语经注:
أَمۡ لَمۡ يُنَبَّأۡ بِمَا فِي صُحُفِ مُوسَىٰ
Же ал Аллахка жалаа жабуучубу? Же бул жалакорго Аллах Мусага түшүргөн байыркы баракчалар тууралуу кабар берилген жок беле?
阿拉伯语经注:
وَإِبۡرَٰهِيمَ ٱلَّذِي وَفَّىٰٓ
Жана Ибрахимдин баракчаларычы, ал Раббиси тапшырган нерселердин баарын аткарып, аны аягына чыгарды.
阿拉伯语经注:
أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰ
Эч бир инсан башканын күнөөсүн көтөрбөйт.
阿拉伯语经注:
وَأَن لَّيۡسَ لِلۡإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ
Жана инсан өзү кылган иш-аракетинин сыйлыгын гана алат.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّ سَعۡيَهُۥ سَوۡفَ يُرَىٰ
Ал кыямат күнү иш-аракеттерин өз көзү менен көрөт.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ يُجۡزَىٰهُ ٱلۡجَزَآءَ ٱلۡأَوۡفَىٰ
Кийин анын иштеринин сыйлыгын кемитпестен толук берет.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلۡمُنتَهَىٰ
Оо, пайгамбар! Пенделер өлүмдөн кийин Раббиңе кайтышат.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضۡحَكَ وَأَبۡكَىٰ
Ал Өзү каалаганын кубандырып күлдүрөт жана Өзү каалаганын кайгыга салып ыйлатат.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحۡيَا
Ал дүйнөдө тирүүлөрдү өлтүрөт жана өлүктөрдү кайра тирилтет.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• انقسام الذنوب إلى كبائر وصغائر.
Күнөөлөрдүн чоң жана кичине болуп бөлүнүшү.

• خطورة التقوُّل على الله بغير علم.
Илимсиздиктен Аллахка жалаа айтуунун коркунучу.

• النهي عن تزكية النفس.
Өзүн-өзү мактоодон тыюу.

 
含义的翻译 章: 奈智姆
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭