Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 穆阿智姆   段:
يُبَصَّرُونَهُمۡۚ يَوَدُّ ٱلۡمُجۡرِمُ لَوۡ يَفۡتَدِي مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِئِذِۭ بِبَنِيهِ
Ар бир адам өз жакынын көрөт, ал ага жашыруун болбойт. Ага карабастан ал жердеги коркунучтан улам эч ким эч кимди сурабайт. Тозокко татыктуу адам өзүнүн ордуна балдарын берүүнү каалайт.
阿拉伯语经注:
وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ
Аялын жана ага-инилерин садага чапкысы келет.
阿拉伯语经注:
وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِي تُـٔۡوِيهِ
Кыйынчылыктарда аны менен бирге турган жакын туугандарын өзүнүн атынан садага чапкысы келет.
阿拉伯语经注:
وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ يُنجِيهِ
Жер бетиндеги бүткүл адамзат жана жиндерди садага чапкысы келет. Анан ошол садагасын берип, өзүн тозок азабынан куткарууну каалайт.
阿拉伯语经注:
كَلَّآۖ إِنَّهَا لَظَىٰ
Абал ал күнөөкөр эңсегендей эмес! Ал акыреттин алоолонуп жалындаган тозогу.
阿拉伯语经注:
نَزَّاعَةٗ لِّلشَّوَىٰ
Анын катуу ысыктыгынан жана жалынынан баш териси шылынып түшөт.
阿拉伯语经注:
تَدۡعُواْ مَنۡ أَدۡبَرَ وَتَوَلَّىٰ
Ал акыйкаттан баш тарткандарды, андан алыстаткандарды, ага ыйман келтирбегендерди жана аны иш жүзүндө аткарбагандарды чакырат.
阿拉伯语经注:
وَجَمَعَ فَأَوۡعَىٰٓ
Жана байлык жыйнап, андан Аллах жолуна сарптоого сараңдык кылгандарды чакырат.
阿拉伯语经注:
۞ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا
Чындыгында инсан өтө ачкөз болуп жаратылган.
阿拉伯语经注:
إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعٗا
Эгер ал оорудан же кедейликтен зыян тартса, аз сабыр кылат.
阿拉伯语经注:
وَإِذَا مَسَّهُ ٱلۡخَيۡرُ مَنُوعًا
Эгер ал түшүмдүүлүк же байлык сыяктуу ага жаккан нерсеге жетсе, аны Аллах жолуна сарптагысы келбей катуулук кылат.
阿拉伯语经注:
إِلَّا ٱلۡمُصَلِّينَ
Намаз окугандар гана андай эмес. Алар мындай айыптуу сыпаттардан таза.
阿拉伯语经注:
ٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ دَآئِمُونَ
Алар намаздарын такай окушат, андан алаксышпайт жана аны белгиленген убактысында аткарышат.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ فِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ مَّعۡلُومٞ
Алардын мал-мүлкүндө парз болгон белгилүү өлчөмдөгү үлүш бар.
阿拉伯语经注:
لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ
Алар аны кандай себеп болбосун, ырыскыдан куру калып сурагандарга жана сурабагандарга беришет.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ
Алар кыямат күнүн чындык деп тастыкташат. Ал күнү Аллах ар бир адамга өзүнө татыктуу сыйлыкты же жазаны берет.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ
Алар кылган жакшылык иштерине карабастан, Раббисинин азабынан коркушат.
阿拉伯语经注:
إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمۡ غَيۡرُ مَأۡمُونٖ
Чындыгында Раббиңдин азабы коркунучтуу, андан эч бир акылдуу коопсуз боло албайт.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ
Алар жыныс мүчөлөрүн жабуу жана бузукулуктан алыс кылуу менен сакташат.
阿拉伯语经注:
إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ
Аялдарынан же кол астындагы күңдөрүнөн гана сакташпайт. Алар менен жыныстык мамиле же башка нерселерди кылып ырахат алууда айыптуу эмес.
阿拉伯语经注:
فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ
Ким жогоруда айтылгандай аялдары менен күндөрүнөн башкадан ырахат алууну кааласа, мына ошолор Аллахтын чектеринен чыккандар.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ
Алар өздөрүнө аманат кылынган мал-мүлктү жана сырларды, ошондой эле адамдар менен түзгөн келишимдерди бекем сактагандар. Алар аманаттарына кыянаттык кылыштпайт жана келишимдерин бузушпайт.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمۡ قَآئِمُونَ
Алар берген күбөлүктөрүн талаптагыдай аткаргандар. Күбө болууга туугандык да, душмандык да таасир берген эмес.
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ
Алар намаздарын өз убагында окуп, даарат жана бейпилдик менен сактагандар. Аларды андан эч нерсе алаксытпайт.
阿拉伯语经注:
أُوْلَٰٓئِكَ فِي جَنَّٰتٖ مُّكۡرَمُونَ
Мына ушундай сыпаттардагы адамдар – бейиштерде түбөлүк жыргалчылыкка туш болуп жана Аллахтын асыл Жүзүн көрүп сыйга бөлөнгөндөр.
阿拉伯语经注:
فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قِبَلَكَ مُهۡطِعِينَ
Оо, пайгамбар! Сени жалганга чыгарууга далбастаган коомуңдагы мушриктерди сенин айланаңа чогулууга эмне түрткү берди?
阿拉伯语经注:
عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ
Алар сени оң тарабыңдан, сол тарабыңдан топ-топ болуп тегеректеп алышкан.
阿拉伯语经注:
أَيَطۡمَعُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُدۡخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٖ
Алар каапырлыкта болуп туруп, Аллахтан ар бирин түбөлүктүү жыргалчылыкта ырахаттанган жыргалчылык бейишине киргизүүнү үмүт кылышабы?
阿拉伯语经注:
كَلَّآۖ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّمَّا يَعۡلَمُونَ
Абал алар элестеткендей эмес. Биз аларды өздөрү билген нерседен жараттык. Аларды жийиркеничтүү суудан жаратканбыз. Алар өздөрүнө пайда да, зыян да келтире албагандай алсыз эле. Эми кандайча текеберленип жатышат?
阿拉伯语经注:
فَلَآ أُقۡسِمُ بِرَبِّ ٱلۡمَشَٰرِقِ وَٱلۡمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ
Чыгыштын, батыштын, Күндүн, Айдын жана башка планеталардын Раббиси болгон Аллах Өзү менен касам ичип: Биз Кудуреттүүбүз...
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• شدة عذاب النار حيث يود أهل النار أن ينجوا منها بكل وسيلة مما كانوا يعرفونه من وسائل الدنيا.
Тозок азабынын катаалдыгы. Анткени тозоктогулар дүйнөдөгү билген бардык каражаттар менен андан кутулууну каалашат.

• الصلاة من أعظم ما تكفَّر به السيئات في الدنيا، ويتوقى بها من نار الآخرة.
Намаз – бул дүйнөдө күнөөлөрдүн кечирилүүсүнүн жана акырет азабынан коргонуунун эң чоң себептеринен.

• الخوف من عذاب الله دافع للعمل الصالح.
Аллахтын азабынан коркуу – жакшылык иш кылууга түрткү берет.

 
含义的翻译 章: 穆阿智姆
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭