የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ሱረቱ አድ ዱኻን   አንቀጽ:

Духан

ከመዕራፉ ዓላማዎች:
تهديد المشركين ببيان ما ينتظرهم من العقوبة العاجلة والآجلة.
Мушриктерди учурдагы жана келечектеги күтүп турган азапты баяндап коркутуу

حمٓ
Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ
Аллах Туура Жолду баяндоочу Куранга ант берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةٖ مُّبَٰرَكَةٍۚ إِنَّا كُنَّا مُنذِرِينَ
Биз Куранды Кадыр түндө түшүрдүк. Ал жакшылыктарга толгон түн. Чындыгында Биз бул Куран менен коркутуп эскертебиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فِيهَا يُفۡرَقُ كُلُّ أَمۡرٍ حَكِيمٍ
Бул түндө Аллах ошол жылы ишке ашыра турган ырыскы, ажал жана башка нерселерге байланыштуу өкүм кылынган бүткүл иштер чечилет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَمۡرٗا مِّنۡ عِندِنَآۚ إِنَّا كُنَّا مُرۡسِلِينَ
Биз Өзүбүз тараптан өкүм кылынган ар бир ишти чечебиз. Чындыгында Биз пайгамбарларды жиберебиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар! Биз Раббиң тараптан пайгамбар жибериле тургандарга ырайым катары пайгамбарларды жиберебиз. Чындыгында Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин жана ниеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ
Ал асмандар менен жердин жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси. Эгерде силер буга терең ишенсеңер, анда Менин элчиме ыйман келтиргиле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ رَبُّكُمۡ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Андан башка тирилтүүчү жана өлтүрүүчү жок. Ал силердин жана мурунку ата-бабаларыңардын Раббиси.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
بَلۡ هُمۡ فِي شَكّٖ يَلۡعَبُونَ
Ал мушриктер буга ишенишпейт. Тескерисинче, алар жалган жолдо болгону себептүү бул нерседен шектенишет жана көңүл да бурушпайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَٱرۡتَقِبۡ يَوۡمَ تَأۡتِي ٱلسَّمَآءُ بِدُخَانٖ مُّبِينٖ
О, пайгамбар! Сен элиңе жакындап калган азапты күт. Ал азап асманды түтүн каптаган күнү болот, алар аны катуу коркунучта өз көзү менен көрөт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَغۡشَى ٱلنَّاسَۖ هَٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٞ
Ал элиңдин баарын ороп алат. Аларга айтылат: «Силердин башыңарга түшкөн бул азап – кыйноочу азап».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
رَّبَّنَا ٱكۡشِفۡ عَنَّا ٱلۡعَذَابَ إِنَّا مُؤۡمِنُونَ
Ошондо алар Раббисине жалбарып: «Раббибиз! Сен бизге жиберген азапты бизден кетир. Эгер Сен аны бизден кетирсең, биз Сага жана пайгамбарыңа ыйман келтиребиз» – деп дуба кылышат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَنَّىٰ لَهُمُ ٱلذِّكۡرَىٰ وَقَدۡ جَآءَهُمۡ رَسُولٞ مُّبِينٞ
Алар кантип эсине келип, Раббисине кайтышмак эле, анткени аларга чынчылдыгы жана аманаткөйлүгү белгилүү жана пайгамбарлыгы анык элчи келди?!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ تَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ وَقَالُواْ مُعَلَّمٞ مَّجۡنُونٌ
Кийин алар ага ишенүүдөн баш тартышты жана ал тууралуу: «Ага башка бирөөлөр үйрөтөт, ал пайгамбар эмес» – дешти. Ошондой эле аны жинди деп да айтышты.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّا كَاشِفُواْ ٱلۡعَذَابِ قَلِيلًاۚ إِنَّكُمۡ عَآئِدُونَ
Чындыгында Биз силерден азапты бир аз кетирген болсок, силер кайра эле каапырлыгыңарга жана жалганыңарга кайтасыңар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَوۡمَ نَبۡطِشُ ٱلۡبَطۡشَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ إِنَّا مُنتَقِمُونَ
Оо, пайгамбар! Биз коомуңдагы каапырларды күч менен катуу кармаган Бадр күнүн күт. Биз алардан Аллахка кылган каапырлыктары жана пайгамбарды жалганга чыгаргандары үчүн өз алабыз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
۞ وَلَقَدۡ فَتَنَّا قَبۡلَهُمۡ قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ وَجَآءَهُمۡ رَسُولٞ كَرِيمٌ
Биз алардан мурун Фараондун коомун сынаганбыз. Аларга Аллах тараптан сыйлуу пайгамбар Муса келип, аларды Аллахты жалгыздоого жана Ага сыйынууга чакырды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَنۡ أَدُّوٓاْ إِلَيَّ عِبَادَ ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ
Муса Фараон менен анын коомуна айтты: «Аллахтын пенделери болгон Исраилдин урпактарын мага таштагыла. Аларды кул кылууга силердин укугуңар жок. Чындыгында мен силерге Аллах тараптан келген элчимин, Ал мага буйруган нерсени жеткирүүгө ишеничтүүмүн, андан эч бир нерсени кемитпейм жана кошпойм.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• نزول القرآن في ليلة القدر التي هي كثيرة الخيرات دلالة على عظم قدره.
Көптөгөн жакшылыктарга толгон Кадыр түнү Курандын түшүүсү анын орду бийик экендигин билдирет.

• بعثة الرسل ونزول القرآن من مظاهر رحمة الله بعباده.
Пайгамбарлардын жиберилиши жана Куранды түшүүсү –Аллахтын пенделерине кылган ырайым көрүнүштөрүнөн болуп эсептелет.

• رسالات الأنبياء تحرير للمستضعفين من قبضة المتكبرين.
Алсыздарды заалымдардын эзүүсүнөн куткаруу – пайгамбарлардын милдеттемелеринен.

وَأَن لَّا تَعۡلُواْ عَلَى ٱللَّهِۖ إِنِّيٓ ءَاتِيكُم بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ
Жана силер Аллахка сыйынуудан баш тартып жана пенделерине бой көтөрүп текеберлик кылбагыла. Чындыгында мен силерге ачык-айкын далилди алып келем.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَإِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمۡ أَن تَرۡجُمُونِ
Силер мени ташбараңга алып өлтүрүп коюуңардан менин жана силердин Раббиңерден коргоо сураймын.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَإِن لَّمۡ تُؤۡمِنُواْ لِي فَٱعۡتَزِلُونِ
Эгер силер мен алып келген нерсеге ишенбесеңер, анда мени тынч койгула жана мага зыян берип жакын жолобогула».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنَّ هَٰٓؤُلَآءِ قَوۡمٞ مُّجۡرِمُونَ
Анан Муса Раббисине: «Фараон жана анын жан жөкөрлөрү – тезинен жаза алууга татыктуу күнөөкөр коом» – деп дуба кылды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَأَسۡرِ بِعِبَادِي لَيۡلًا إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ
Ошондо Аллах Мусага өз элиң менен түн жамынып жолго чык деп буйруду жана Фараон менен анын коому силердин артыңардан түшөт деп кабар берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَٱتۡرُكِ ٱلۡبَحۡرَ رَهۡوًاۖ إِنَّهُمۡ جُندٞ مُّغۡرَقُونَ
Ага Исраилдин урпактары менен бирге деңизден өткөндө аны өз калыбында тынч таштап кетүүнү буйруду. Чындыгында Фараон жана анын аскери деңизге чөктүрүлүп жок болушат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَمۡ تَرَكُواْ مِن جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ
Фараон менен анын коому артында канчалаган бактарды жана аккан булактарды калтырып кетишти.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَزُرُوعٖ وَمَقَامٖ كَرِيمٖ
Канчалаган эгинзарларды жана кооз отурум жайларды калтырып кетишти.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَنَعۡمَةٖ كَانُواْ فِيهَا فَٰكِهِينَ
Канчалаган жыргалчылыкка толгон жашоону таштап кетишти.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَذَٰلِكَۖ وَأَوۡرَثۡنَٰهَا قَوۡمًا ءَاخَرِينَ
Силерге сыпаттап айтылган мына ушул нерселер алардын башына түштү. Биз алардын бакчаларын, булактарын, эгинзарларын жана орундуктарын башка коом болгон Исраилдин урпактарына мурас кылдык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَمَا بَكَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلسَّمَآءُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَا كَانُواْ مُنظَرِينَ
Фараон менен коому сууга чөккөндө алар үчүн асман да, жер да ыйлаган жок жана аларга тообо кылууга мөөнөт да берилген жок.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَقَدۡ نَجَّيۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مِنَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡمُهِينِ
Биз Исраилдин урпактарын кордоочу азаптан куткардык. Анткени Фараон менен коому алардын бала-чакаларын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырышчу.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
مِن فِرۡعَوۡنَۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَالِيٗا مِّنَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ
Биз аларды Фараондун азабынан сактадык. Чындыгында ал Аллахтын буйруктары менен дининин чегинен чыгып текеберлик кылгандардан болчу.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَقَدِ ٱخۡتَرۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ عِلۡمٍ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
Биз Өзүбүз билип Исраил урпактарын ал замандагы ааламдардан пайгамбарларынын көптүгү себептүү тандап алганбыз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَءَاتَيۡنَٰهُم مِّنَ ٱلۡأٓيَٰتِ مَا فِيهِ بَلَٰٓؤٞاْ مُّبِينٌ
Биз аларга Мусаны колдоо максатта берген манна шириндиги, бөдөнө жана башка ушулар сыяктуу ачык жакшылыктарды камтыган далилдерди бердик.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَيَقُولُونَ
Чындыгында ал жалганчы мушриктер кайра тирилүүнү четке кагып мындай деп айтышат:
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنۡ هِيَ إِلَّا مَوۡتَتُنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُنشَرِينَ
«Биз үчүн бир гана өлүм бар, андан кийин эч кандай жашоо жок. Бул өлүмдөн кийин биз кайра тирилбейбиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَأۡتُواْ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Эй, Мухаммад! Сен жана сени ээрчигендер Аллах өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилтет деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда өлгөн ата-бабаларыбызды тирилтип алып келгилечи?!».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَهُمۡ خَيۡرٌ أَمۡ قَوۡمُ تُبَّعٖ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ مُجۡرِمِينَ
Оо, пайгамбар! Күч-кубаттуулук жактан сени жалганга чыгарган мушриктер артыкпы же алардан мурунку Аад жана Самуд сыяктуу Тубба коому артыкпы? Биз алардын баарысын жок кылдык. Чындыгында алар күнөөкөрлөр эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا لَٰعِبِينَ
Биз асмандар менен жерди жана алардын ортосундагы нерселерди ойноп жараткан жокпуз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
مَا خَلَقۡنَٰهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Биз асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жараттык. Бирок көпчүлүк мушриктер муну билишпейт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• وجوب لجوء المؤمن إلى ربه أن يحفظه من كيد عدوّه.
Ыймандуу адам үчүн душмандын айла-амалынан коргоодо болуш үчүн Раббисине качуу милдет.

• مشروعية الدعاء على الكفار عندما لا يستجيبون للدعوة، وعندما يحاربون أهلها.
Каапырлар чакырыкка жооп беришпесе жана аны кылган адамдарга каршы согушса, анда аларга каршы дуба кылуу шариятта уруксат.

• الكون لا يحزن لموت الكافر لهوانه على الله.
Каапыр адам Аллахтын алдында төмөн болгону үчүн ал өлгөндө аалам ал үчүн кайгырбайт.

• خلق السماوات والأرض لحكمة بالغة يجهلها الملحدون.
Асмандар менен жер улуу даанышмандык үчүн жаратылганын атеисттер билишпейт.

إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ مِيقَٰتُهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кыла турган кыямат күн – Аллах бүт макулуктарды чогултуу үчүн белгилеген убакыт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَوۡمَ لَا يُغۡنِي مَوۡلًى عَن مَّوۡلٗى شَيۡـٔٗا وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Ал күндө жакын жакынына, дос досуна пайда келтире албайт жана алар өздөрүн Аллахтын азабынан коргой алышпайт. Анткени ал күндө бийлик Аллахка гана таандык болот. Эч ким ага ээ экендигин айтып чыга албайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Аллах ырайым кылган адамдар гана кылган жакшылык иштеринен пайда алышат. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Ырайымдуу.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ
Аллах тозоктун түбүндө өстүргөн Заккум дарагы.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
طَعَامُ ٱلۡأَثِيمِ
Чоң күнөө кылгандын тамак-ашы. Ал каапыр анын жийиркеничтүү мөмөсүнөн жейт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَٱلۡمُهۡلِ يَغۡلِي فِي ٱلۡبُطُونِ
Ал мөмө капкара майдай, ал катуу ысыгандыктан алардын курсагында кайнайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَغَلۡيِ ٱلۡحَمِيمِ
Өтө ысык суунун кайнаганы сыяктуу.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
خُذُوهُ فَٱعۡتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ
Тозоктун сакчыларына айтылат: «Аны кармагыла да, канкордук менен тозоктун ортосуна сүйрөп баргыла.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ صُبُّواْ فَوۡقَ رَأۡسِهِۦ مِنۡ عَذَابِ ٱلۡحَمِيمِ
Анан бул азапталгандын төбөсүнө кайнак суу куйгула. Ал азаптан кутулбайт».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ذُقۡ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡكَرِيمُ
Ага шылдың иретинде айтылат: «Бул кыйноочу азапты тарт! Сен өз элиңде эч кандай зыян тартпаган кадырлуу эмес белең».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ هَٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمۡتَرُونَ
Чындыгында силер кыямат күнү боло турган бул азаптан шектенгенсиңер. Эми силер аны көргөнүңөрдөн кийин шек-күмөнүңөр жоголду.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي مَقَامٍ أَمِينٖ
Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыба адамдар эч кандай жамандык жетпеген бейпил жайларда болушат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ
Бакчаларда жана аккан булактарда.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَلۡبَسُونَ مِن سُندُسٖ وَإِسۡتَبۡرَقٖ مُّتَقَٰبِلِينَ
Алар бейиште жука жана калың жибек кийимдерди кийип, бири экинчисинин артын көрбөгүдөй бет-маңдай олтурушат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَذَٰلِكَ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٖ
Биз аларды бул айтылгандар менен сыйлаганыбыз сыяктуу аларды бейиште көзүнүн карасы капкара, агы аппак болгон бакыраң көз чырайлуу аялдарга үйлөндүрөбүз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَدۡعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ
Алар ал жайда кызматчыларын чакырып, өздөрү каалаган түгөнгүс жана зыянсыз мөмө-жемиштерди алдырышат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلۡمَوۡتَ إِلَّا ٱلۡمَوۡتَةَ ٱلۡأُولَىٰۖ وَوَقَىٰهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ
Ал жакта түбөлүк калышат. Алар дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт. Аллах аларды тозок азабынан коргойт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكَۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Бул Раббиңден болгон айкөлдүк жана жакшылык! Аларды бейишке киргизүү жана тозоктон коргоо сыяктуу бул айтылган нерселер – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَإِنَّمَا يَسَّرۡنَٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды алар эскерме алышар бекен деп сен сүйлөгөн араб тилинде түшүрүп жеңил кылдык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَٱرۡتَقِبۡ إِنَّهُم مُّرۡتَقِبُونَ
Эми сен жеңишиңди жана алардын кыйроосун күт. Алар дагы сенин кыйрооңду күтүп жатышат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الجمع بين العذاب الجسمي والنفسي للكافر.
Дене менен жандын бирдей азапталуусу каапыр үчүн болот.

• الفوز العظيم هو النجاة من النار ودخول الجنة.
Тозоктон кутулуп, бейишке кирүү – улуу жеңиш.

• تيسير الله لفظ القرآن ومعانيه لعباده.
Аллах Курандын сөздөрүн жана маанилерин пенделери үчүн жеңил кылуусу.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ሱረቱ አድ ዱኻን
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት