የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ሱረቱ አል ቂያማህ   አንቀጽ:

Кыямат

ከመዕራፉ ዓላማዎች:
إظهار قدرة الله على بعث الخلق وجمعهم يوم القيامة.
Калайыкты кайра тирилтүүдөгү жана Кыямат күнү аларды бир жерге топтоодогу Аллахтын кудуретин ачык билдирүү.

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ
Аллах кыямат күнү менен ант берди. Ал күнү адамдар ааламдардын Раббиси үчүн турушат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ
Жана жакшылык иштерди кылууда кемчиликтерди кетирген жана күнөөлөрдү кылган адамды жемелеген жакшы жан менен ант берди. Ал адамдарды суракка алуу, сыйлыгын же жазасын берүү максатта аларды кайра тирилтүү үчүн бул эки нерсе менен ант берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ
Инсан өлгөндөн кийин Биз аны кайра тирилтүү үчүн сөөктөрүн чогулта албайбыз деп ойлоп жатабы?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ
Албетте! Биз аны чогултуу менен бирге анын манжаларынын учтарын мурдагыдай кемчиликсиз жаралган калыбына кайрадан келтире алабыз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ
Бирок инсан кайра тирилүүнү четке кагуу менен бузукулугун токтотпостон улантууну каалайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَسۡـَٔلُ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلۡقِيَٰمَةِ
Ал кыямат күн болушу мүмкүн эмес дегендей: «Ал качан болот?» – деп сурайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَإِذَا بَرِقَ ٱلۡبَصَرُ
Качан ал жалган деп айткан нерсени көргөн кезде көздөрү алаңдап, нес болуп калат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَخَسَفَ ٱلۡقَمَرُ
Айдын нуру өчөт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَجُمِعَ ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ
Күн менен Ай биригет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذٍ أَيۡنَ ٱلۡمَفَرُّ
Ошол күнү бузуку адам: «Кай жакка качам?» – деп айтат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَلَّا لَا وَزَرَ
Ал күнү качып кутулуу жок, бузуку адам баш калкалоочу жер жок, ал коргонуучу жай жок.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمُسۡتَقَرُّ
Оо, пайгамбар! Ал күнү сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн Раббиңе гана кайтуу бар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يُنَبَّؤُاْ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذِۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ
Ал күнү инсанга мурунку жана кийинки кылган иштери тууралуу кабар берилет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
بَلِ ٱلۡإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ بَصِيرَةٞ
Бирок инсан өзүнө каршы күбөгө өтөт. Анткени анын дене мүчөлөрү кылган күнөө иштери тууралуу ага каршы күбө болушат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَوۡ أَلۡقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ
Эгерде ал жамандык иш кылбадым деп өз таламын талашып, ар кандай шылтоолорду айтса да, ага пайда келтирбейт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
لَا تُحَرِّكۡ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعۡجَلَ بِهِۦٓ
Оо, пайгамбар! Куранды эсиңден чыгып кетпесин деп шашылып тилиңди кыймылдата бербе!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ عَلَيۡنَا جَمۡعَهُۥ وَقُرۡءَانَهُۥ
Чындыгында аны көкүрөгүңө топтоо жана кыраатын тилиңе жатык кылуу – Биздин милдетибиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَإِذَا قَرَأۡنَٰهُ فَٱتَّبِعۡ قُرۡءَانَهُۥ
Сага Биздин элчи Жебирейил (Курандан) окуганда, аны унчукпай ук.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا بَيَانَهُۥ
Андан соң аны сага чечмелеп берүү да – Биздин милдетибиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• مشيئة العبد مُقَيَّدة بمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна гана байланыштуу.

• حرص رسول الله صلى الله عليه وسلم على حفظ ما يوحى إليه من القرآن، وتكفّل الله له بجمعه في صدره وحفظه كاملًا فلا ينسى منه شيئًا.
Аллахтын элчисинин ага вахий кылынган Куранды жаттап калууга болгон аракеттенүүсү. Аллах аны көкүрөгүнө топтоп, эч нерсесин унутпастан толук жаттоосун Өз кепилдигине алды.

كَلَّا بَلۡ تُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ
Жок! Бул нерсе силердин кайра тирилүү мүмкүн эмес деп айтканыңардай эмес. Анткени силер билесиңер, силерди абалдатан жаратууга кудуреттүү Зат, силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө алсыз эмес. Бирок силердин кайра тирилүүнү жалганга чыгарганыңардын себеби – тез өтүүчү дүйнө жашоосуна болгон сүйүүңөр.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَتَذَرُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ
Жана акырет жашоосун таштооңор. Анын жолу – Аллах буйруган ибадаттарды аткарып, Ал тыйган арам нерселерди таштаганыңар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاضِرَةٌ
Ал күнү ыймандуу жана бактылуу адамдардын жүздөрү нурдуу болуп, жаркырап турат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٞ
Ырахаттануу менен Раббисине карап турат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذِۭ بَاسِرَةٞ
Ал эми ал күнү каапыр жана бактысыз адамдардын жүздөрү үңүрөйүп турат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
تَظُنُّ أَن يُفۡعَلَ بِهَا فَاقِرَةٞ
Аларга чоң жаза жана кыйноочу азап түшөрүн билип турушат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِيَ
Бул жерде абал мушриктер өлгөндөн кийин азапталбайбыз деп элестеткендей эмес. Качан алардын биринин жаны көкүрөгүнүн жогору жагына жеткенде.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَقِيلَ مَنۡۜ رَاقٖ
Адамдар бири-бирине: «Ким буга дем салат, балким айыгып кетер» – айтышат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلۡفِرَاقُ
Ошол кезде жан алакетке түшкөн адам өлүм аркылуу дүйнө менен кош айтышып жатканын анык билет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَٱلۡتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ
Дүйнөнүн бүтүшүндө жана акыреттин башталышында кыйынчылыктар биригет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمَسَاقُ
Ошол нерсе болгондо, өлгөн адам Раббисине жеткирилет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ
Каапыр адам Анын элчиси алып келгенге ишенген жок, Аллах үчүн намаз да окуган жок.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ
Бирок ал Анын элчиси алып келгенди жалганга чыгарды жана андан жүз бурду.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ
Андан соң бул каапыр текеберликтен бой көтөрүп басып үй-бүлөсүнө барды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰ
Аллах каапырга азабы жакын калганын эскертти.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰٓ
Андан соң тастыктоо максатта сүйлөмдү дагы бир ирет кайталап, мындай деди: «Андан соң дагы сага өлүм болсун, өлүм болсун!».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَن يُتۡرَكَ سُدًى
Инсан Аллах ага шарият милдеттерин жүктөбөстөн, жөн эле таштап коёт деп ойлоп жатабы?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَلَمۡ يَكُ نُطۡفَةٗ مِّن مَّنِيّٖ يُمۡنَىٰ
Ошол инсан бир кездерде жатынга куюлган бир тамчы бел суусу эмес беле?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ كَانَ عَلَقَةٗ فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ
Ошондон кийин ал бир бүртүк коюу кан болду, кийин Аллах аны жаратып, ага түз келбет берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَجَعَلَ مِنۡهُ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ
Ошентип ал анын жынысын эркек жана аял кылып эки түрдө кылды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَلَيۡسَ ذَٰلِكَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰ
Инсанды бел суудан, кийин коюу кандан жараткан Зат сурак алуу, сыйлык же жаза берүү үчүн өлүктөрдү жаңыдан тирилтүүгө кудуреттүү эмес бекен? Албетте, кудуреттүү!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• خطر حب الدنيا والإعراض عن الآخرة.
Дүйнөнү сүйүүнүн жана акыреттен жүз буруунун коркунучу.

• ثبوت الاختيار للإنسان، وهذا من تكريم الله له.
Адамда ыктыяр бар экенин тастыктоо. Бул Аллахтын ага көргөзгөн сый-урматы.

• النظر لوجه الله الكريم من أعظم النعيم.
Аллахтын асыл Жүзүн көрүү – эң улуу жакшылык.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ሱረቱ አል ቂያማህ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት