Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-A‘lā   Ayah:

Аьaла

Purposes of the Surah:
تذكير النفس بالحياة الأخروية، وتخليصها من التعلقات الدنيوية.
Напсиге акыреттик жашоону эскертүү жана дүйнө азгырыктарынан ажыратуу.

سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى
Жараткандарынан бийик болгон Раббиңди эскерип, Аны улуктаган кезде Анын ысымын айтып аруула!
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ
Ал инсанды түз турпатта жаратты жана тулку боюн тең салмакта кылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ
Ал макулуктардын түрлөрүн, түркүмдөрүн жана сыпаттарын белгилеп, алардын ар бирин өзүнө ылайыктуу жана шайкеш келген нерсеге багыттады.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ
Ал жерден силердин мал-жандыктарыңар оттогон жайыттарды чыгарды.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ
Кийин аны жапжашыл болгондон кийин кургаган бозомтук кара чөпкө айлантты.
Arabic explanations of the Qur’an:
سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ
Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды окутабыз, аны көкүрөгүңө эч унутпай тургандай кылып топтойбуз. Сен эми буга чейин унутпай жаттап калайын деп аракет кылган сыяктуу Жебреил менен жарышып окуба.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ
Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандык себептүү андан унуттурууну каалаган нерселерди гана унутасың. Чындыгында Ал ачыкты да, жашыруунду да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ
Жана Биз сага Аллах ыраазы болгон, сени бейишке киргизген иш-аракеттерди кылууңду жеңил кылабыз.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ
Андыктан сен Курандагы вахий кылынган нерселер менен адамдарга насаат айт жана эскертмеге кулак салуу мүмкүн болсо эле аларга эскерте бер.
Arabic explanations of the Qur’an:
سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ
Аллахтан корккон адамдар насааттарыңдан сабак алышат. Анткени ошолор насыйкаттан пайда алышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• تحفظ الملائكة الإنسان وأعماله خيرها وشرها ليحاسب عليها.
Периштелер адамды жана анын жакшы жана жаман иш-аракеттерин сурак берүүсү үчүн коргошот.

• ضعف كيد الكفار إذا قوبل بكيد الله سبحانه.
Аллахтын айла-амалынын жанында каапырлардын айла-амалынын алсыздыгы.

• خشية الله تبعث على الاتعاظ.
Аллахтан коркуу насааттан пайда алууга түрткү берет.

وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى
Каапыр адам болсо насааттан алыстап, андан качат. Анткени ал акыретте тозокко киргени үчүн эң бактысыз адамдардан болот.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ
Ал эбегейсиз чоң отко кирип, анын ысыктык азабын түбөлүк тартат.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ
Кийин ал тозокто түбөлүк калат. Ал жакта тарткан азаптан эс алыш үчүн өлбөйт жана татыктуу жакшы жашоодо да жашабайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ
Ким ширктен жана күнөөлөрдөн тазаланса, анда ал максатына ийгиликтүү жетти.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ
Ошондой эле шариятта келген түрлүү зикирлер менен Раббисин зикир кылса жана намазды талаптагыдай көрүнүштө толук аткарса (ийгиликке жетти).
Arabic explanations of the Qur’an:
بَلۡ تُؤۡثِرُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا
Бирок силер дүйнө жашоосун акыреттен алдын коёсуңар жана ал экөөсүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктан улам дүйнөнү андан артык көрөсүңөр.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓ
Бирок акырет дүйнөдөн жана андагы жыргалчылыктардан жана ырахаттардан жакшыраак, артыгыраак жана түбөлүктүү. Анткени андагы жыргалчылыктар эч качан түгөнбөйт.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ هَٰذَا لَفِي ٱلصُّحُفِ ٱلۡأُولَىٰ
Чынында, Биз силерге айткан бул буйруктар жана кабарлар Курандан мурун түшкөн баракчаларда бар.
Arabic explanations of the Qur’an:
صُحُفِ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ
Ал Ибрахим менен Мусага түшүрүлгөн баракчалар.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• أهمية تطهير النفس من الخبائث الظاهرة والباطنة.
Жан дүйнөнү ички жана сырткы жамандыктардан тазалоонун маанилүүлүгү.

• الاستدلال بالمخلوقات على وجود الخالق وعظمته.
Жаратуучунун бар экенине жана Анын улуктугуна макулуктарды далил кылуу.

• مهمة الداعية الدعوة، لا حمل الناس على الهداية؛ لأن الهداية بيد الله.
Даават кылуучунун милдети – адамдарды туура жолго салуу эмес, аларга даават кылуу. Анткени туура жолго салуу Аллахтын колунда.

 
Translation of the meanings Surah: Al-A‘lā
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close