Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (22) Sourate: ACH-CHOURÂ
تَرَى ٱلظَّٰلِمِينَ مُشۡفِقِينَ مِمَّا كَسَبُواْ وَهُوَ وَاقِعُۢ بِهِمۡۗ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِي رَوۡضَاتِ ٱلۡجَنَّاتِۖ لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمۡۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَضۡلُ ٱلۡكَبِيرُ
Оо, пайгамбар! Сен ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарды күнөөлөрү себептүү жазалануудан жана сөзсүз ишке ашуучу жазадан коркушкандарын көрөсүң. Аларга тообосуз коркунуч эч пайда бербейт. Ал эми булардан айырмаланып Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар ырахаттанган абалда бейиш бакчаларында болушат. Алар үчүн Раббисинин алдында алар каалагандай түгөнбөс жакшылыктын түрлөрү болот. Мына ушул эч бир жакшылык тең келбегендей улуу жакшылык.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• خوف المؤمن من أهوال يوم القيامة يعين على الاستعداد لها.
Ыймандуунун кыяматтагы үрөй учурган нерселерден коркуусу анын ага даярдык көрүүсүнө түрткү берет.

• لطف الله بعباده حيث يوسع الرزق على من يكون خيرًا له، ويضيّق على من يكون التضييق خيرًا له.
Аллахтын пенделерине болгон боорукерлиги. Анткени кимге ырыскынын көптүгү жакшы болсо, ага аны кенен кылат, кимге ырыскынын тардыгы жакшы болсо, ага аны тар кылат.

• خطر إيثار الدنيا على الآخرة.
Дүйнөнү акыреттен артык көрүүнүн коркунучу.

 
Traduction des sens Verset: (22) Sourate: ACH-CHOURÂ
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture