Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ વાકિઆ   આયત:
يَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ
Аларга кызмат кылуу үчүн картайбаган жана жок болуп кетпеген жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт.
અરબી તફસીરો:
بِأَكۡوَابٖ وَأَبَارِيقَ وَكَأۡسٖ مِّن مَّعِينٖ
Алар кармоочсуз чөйчөктөр, кармоочу бар кумуралар жана бейиште токтобой агып турган шараптар куюлган чынылар менен айланып турушат.
અરબી તફસીરો:
لَّا يُصَدَّعُونَ عَنۡهَا وَلَا يُنزِفُونَ
Ал дүйнөнүн шарабына окшош эмес, анын ичкен адамдын башы оорубайт жана акылын да жоготуп койбойт.
અરબી તફસીરો:
وَفَٰكِهَةٖ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ
Ал жаш жигиттер алар каалагандай мөмө-жемиштер менен аларды тегеренип жүрүшөт.
અરબી તફસીરો:
وَلَحۡمِ طَيۡرٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ
Жана алар каалагандай куштардын эттери менен айланып жүрүшөт.
અરબી તફસીરો:
وَحُورٌ عِينٞ
Бейиште алар үчүн бакыраң көз сулуу аялдар бар.
અરબી તફસીરો:
كَأَمۡثَٰلِ ٱللُّؤۡلُوِٕ ٱلۡمَكۡنُونِ
Алар седепте жашырылган берметтер сыяктуу.
અરબી તફસીરો:
جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Бул алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы.
અરબી તફસીરો:
لَا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا تَأۡثِيمًا
Алар бейиште уят сөздөрдү жана адамды күнөөгө түрткөн нерселерди угушпайт.
અરબી તફસીરો:
إِلَّا قِيلٗا سَلَٰمٗا سَلَٰمٗا
Алар периштелердин аларга айткан саламдарын жана алардын өз ара саламдашуусун гана угушат.
અરબી તફસીરો:
وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ
Амал китептери оң тарабынан берилгендердин Аллахтын алдындагы абалы жана кадыры кандай улуу.
અરબી તફસીરો:
فِي سِدۡرٖ مَّخۡضُودٖ
Алар тикенектери кесилген, зыянсыз Сидрдын арасында.
અરબી તફસીરો:
وَطَلۡحٖ مَّنضُودٖ
Үстү-үстүнө тизилген банандардын астында.
અરબી તફસીરો:
وَظِلّٖ مَّمۡدُودٖ
Үзүлбөстөн узакка созулган көлөкөлөрдө.
અરબી તફસીરો:
وَمَآءٖ مَّسۡكُوبٖ
Токтобой аккан суулардын боюнда.
અરબી તફસીરો:
وَفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ
Сансыз көп мөмө-жемиштер ичинде.
અરબી તફસીરો:
لَّا مَقۡطُوعَةٖ وَلَا مَمۡنُوعَةٖ
Алар эч качан түгөнбөйт, анын мезгили да болбойт жана алар аны кайсы убакта кааласа, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбайт.
અરબી તફસીરો:
وَفُرُشٖ مَّرۡفُوعَةٍ
Алар сөрүлөргө коюлган бийик көтөрүлгөн төшөктөрдө.
અરબી તફસીરો:
إِنَّآ أَنشَأۡنَٰهُنَّ إِنشَآءٗ
Чындыгында Биз жогоруда айтылган Хур кыздарды адаттан тыш кылып жараттык.
અરબી તફસીરો:
فَجَعَلۡنَٰهُنَّ أَبۡكَارًا
Аларды буга чейин эч бир кол тийбеген кыздар кылдык.
અરબી તફસીરો:
عُرُبًا أَتۡرَابٗا
Алар күйөөлөрүнө сүйүктүү жана жаштары бирдей.
અરબી તફસીરો:
لِّأَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ
Биз аларды бактысынын белгиси катары оң тарап алынып кеткен оң тарап ээлери үчүн жараттык.
અરબી તફસીરો:
ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ
Алар абалкы пайгамбарлардын үммөттөрүнөн болгон жамааттар.
અરબી તફસીરો:
وَثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ
Жана акыркы үммөт болгон Мухаммаддын үммөтүнөн болгон жамааттар.
અરબી તફસીરો:
وَأَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ
Амал китеби сол тарабынан берилгендердин абалы жана бара турган жайы кандай жаман.
અરબી તફસીરો:
فِي سَمُومٖ وَحَمِيمٖ
Алар өтө ысык шамалда жана өтө ысык сууда.
અરબી તફસીરો:
وَظِلّٖ مِّن يَحۡمُومٖ
Капкара түтүндүн көлөкөсүндө.
અરબી તફસીરો:
لَّا بَارِدٖ وَلَا كَرِيمٍ
Соккон жели да жагымсыз, көрүнүшү да жагымсыз.
અરબી તફસીરો:
إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُتۡرَفِينَ
Алар азапка келерден мурун дүйнөдө кумардан башка эч нерсени ойлобостон жыргап жашашкан.
અરબી તફસીરો:
وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلۡحِنثِ ٱلۡعَظِيمِ
Алар Аллахка каапырлык кылуудан жана Андан башка кудайларга сыйынуудан баш таштышкан жок.
અરબી તફસીરો:
وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ
Алар кайра тирилүүнү четке кагышты жана аны мүмкүн эмес дегендей шылдыңдап мындай деп айтышты: «Биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилет бекенбиз?
અરબી તફસીરો:
أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ
Же бизден мурун өлгөн абалкы ата-бабаларыбыз кайрадан тирилишет бекен?».
અરબી તફસીરો:
قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَوَّلِينَ وَٱلۡأٓخِرِينَ
Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү четкен каккандарга айт: «Чындыгында адамдардын абалкылары да, акыркылары да,
અરબી તફસીરો:
لَمَجۡمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ
Кыямат күнү сурак берүү жана сыйлык-жаза алуу үчүн сөзсүз түрдө чогултулат.
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• العمل الصالح سبب لنيل النعيم في الآخرة.
Жакшылык иш акыретте жыргалчылыкка жетүүгө себеп болот.

• الترف والتنعم من أسباب الوقوع في المعاصي.
Ашкере барчылыкта жана жыргалчылыкта жашоо күнөөгө батуунун себептеринен.

• خطر الإصرار على الذنب.
Күнөөдөн баш тартпай жүрүүнүн коркунучу.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ વાકિઆ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો