Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Fassarar Ma'anoni Sura: Suratu Al'ma'arij   Aya:

Маариж

سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٖ وَاقِعٖ
(Мушриктерден) бир суроочу[1] собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -
[1] Бул каапыр Назр бин Хаарис деген киши эле. Ал пайгамбарыбызды шылдыңдап: “Бизге азап качан келет?” деп сурады жана «Эй Аллах! Эгер ушул Куранды Мухаммадга Өзүң түшүргөнүң чын болсо, биздин үстүбүзгө таш жаадырып жибер!» деп дуба кылды. (Ибн Касир)
Tafsiran larabci:
لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٞ
– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!
Tafsiran larabci:
مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ
(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин[1] ээси Аллах тарабынан (келет).
[1] Бул жерде жети кабат асманды тепкичтерге окшотуу бар.
Tafsiran larabci:
تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٖ
Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.[1]
[1] Бул аяттагы Рух менен периштелердин Аллах таалага көтөрүлүшү дагы Аллах тааланын бийикте экенине далил.
Tafsiran larabci:
فَٱصۡبِرۡ صَبۡرٗا جَمِيلًا
(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!
Tafsiran larabci:
إِنَّهُمۡ يَرَوۡنَهُۥ بَعِيدٗا
Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.
Tafsiran larabci:
وَنَرَىٰهُ قَرِيبٗا
Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.
Tafsiran larabci:
يَوۡمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلۡمُهۡلِ
Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,
Tafsiran larabci:
وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ
Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.
Tafsiran larabci:
وَلَا يَسۡـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمٗا
(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!
Tafsiran larabci:
يُبَصَّرُونَهُمۡۚ يَوَدُّ ٱلۡمُجۡرِمُ لَوۡ يَفۡتَدِي مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِئِذِۭ بِبَنِيهِ
Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,
Tafsiran larabci:
وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ
аялын жана ага-инилерин,
Tafsiran larabci:
وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِي تُـٔۡوِيهِ
өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,
Tafsiran larabci:
وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ يُنجِيهِ
жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.
Tafsiran larabci:
كَلَّآۖ إِنَّهَا لَظَىٰ
Жок! Ал (тозок) – алоолонгон от,
Tafsiran larabci:
نَزَّاعَةٗ لِّلشَّوَىٰ
терилерди шылып алуучу!
Tafsiran larabci:
تَدۡعُواْ مَنۡ أَدۡبَرَ وَتَوَلَّىٰ
Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди
Tafsiran larabci:
وَجَمَعَ فَأَوۡعَىٰٓ
жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!
Tafsiran larabci:
۞ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا
Чынында инсан чыдамсыз жаратылган.
Tafsiran larabci:
إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعٗا
Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.
Tafsiran larabci:
وَإِذَا مَسَّهُ ٱلۡخَيۡرُ مَنُوعًا
Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.
Tafsiran larabci:
إِلَّا ٱلۡمُصَلِّينَ
Намаз окуучулар гана андай эмес.
Tafsiran larabci:
ٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ دَآئِمُونَ
Алар намаздарын дайым окушат.
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ فِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ مَّعۡلُومٞ
Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,
Tafsiran larabci:
لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ
муктаждар жана сурагандар үчүн.
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ
Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ
Алар Раббисинин азабынан коркушат…
Tafsiran larabci:
إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمۡ غَيۡرُ مَأۡمُونٖ
Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ
Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.
Tafsiran larabci:
إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ
Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.
Tafsiran larabci:
فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ
Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ
Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمۡ قَآئِمُونَ
Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ
Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…
Tafsiran larabci:
أُوْلَٰٓئِكَ فِي جَنَّٰتٖ مُّكۡرَمُونَ
Алар – бейиштерде сыйлануучулар!
Tafsiran larabci:
فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قِبَلَكَ مُهۡطِعِينَ
(Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?
Tafsiran larabci:
عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ
Оң каптал жана сол капталдан топурап?[1]
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Куран окуганда каапырлар топурап келишип, “Мухаммад дагы эмне дээр экен” деп аңдып турушчу. Анан сахабаларды мыскылдап, “Биз ак сөөкпүз. Силерден өйдө таптагы адамдарбыз. Ошондуктан, биз силерден мурун бейишке киребиз” дешчү.
Tafsiran larabci:
أَيَطۡمَعُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُدۡخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٖ
Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?
Tafsiran larabci:
كَلَّآۖ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّمَّا يَعۡلَمُونَ
Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.
Tafsiran larabci:
فَلَآ أُقۡسِمُ بِرَبِّ ٱلۡمَشَٰرِقِ وَٱلۡمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ
Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:
Tafsiran larabci:
عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ خَيۡرٗا مِّنۡهُمۡ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ
аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз![1]
[1] Эгер кааласа Аллах таала көз ирмемде жер менен жексен кылууга жана алардын ордуна башка, ыймандуу адамдарды жашатып коюуга кудуреттүү. Бирок, Аллах таала аларга тозок отуна дагы да ылайыктуурак болуш үчүн мөөнөт берди.
Tafsiran larabci:
فَذَرۡهُمۡ يَخُوضُواْ وَيَلۡعَبُواْ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوۡمَهُمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ
(Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!
Tafsiran larabci:
يَوۡمَ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ سِرَاعٗا كَأَنَّهُمۡ إِلَىٰ نُصُبٖ يُوفِضُونَ
(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.
Tafsiran larabci:
خَٰشِعَةً أَبۡصَٰرُهُمۡ تَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٞۚ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلَّذِي كَانُواْ يُوعَدُونَ
Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!
Tafsiran larabci:
 
Fassarar Ma'anoni Sura: Suratu Al'ma'arij
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - الترجمة القيرغيزية - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Rufewa