Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: ユースフ章   節:
وَمَا تَسۡـَٔلُهُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۚ إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ
Оо, пайгамбар! Эгерде алар акыл жүгүртүшкөндө анда сага ыйман келтиришмек. Анткени сен алардан Куран үчүн жана аларды чакырган нерсең үчүн акы сураган жоксуң. Куран жалпы адамдар үчүн эскертүү гана.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَكَأَيِّن مِّنۡ ءَايَةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ يَمُرُّونَ عَلَيۡهَا وَهُمۡ عَنۡهَا مُعۡرِضُونَ
Асмандар менен жерде Аллахтын жалгыздыгын тастыктап билдирген көптөгөн аят-белгилер бар. Алар анын үстүндө басып жүрүшөт, бирок алар тууралуу ой-жүгүртүүдөн жана ибарат алуудан баш тартышат жана аларга көңүл да бурушпайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَا يُؤۡمِنُ أَكۡثَرُهُم بِٱللَّهِ إِلَّا وَهُم مُّشۡرِكُونَ
Адамдардын көпчүлүгү Аллахты Жаратуучу, ырыскы Берүүчү, Өлтүрүүчү, Тирилтүүчү деп ишенишет, бирок Аны менен катар башка кудайларга жана айкелдерге сыйынышат. Алар Анын баласы бар деп айтышат. Ал андан Аруу.
アラビア語 クルアーン注釈:
أَفَأَمِنُوٓاْ أَن تَأۡتِيَهُمۡ غَٰشِيَةٞ مِّنۡ عَذَابِ ٱللَّهِ أَوۡ تَأۡتِيَهُمُ ٱلسَّاعَةُ بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Мушриктер бул дүйнөдө коргоно албай тургандай жаза аларды каптап басып келишинен, же болбосо кыямат келет деп ага даярдык көрүшпөй, анын келишин сезбей турушканда капыстан аларга кыямат келип калуусунан көңүлдөрү тынчпы?! Мына ошондуктан алар ыйман келтиришпейт.
アラビア語 クルアーン注釈:
قُلۡ هَٰذِهِۦ سَبِيلِيٓ أَدۡعُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِۚ عَلَىٰ بَصِيرَةٍ أَنَا۠ وَمَنِ ٱتَّبَعَنِيۖ وَسُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
О, пайгамбар! Сен даават кылгандарга минтип айт: «Ушул менин жолум. Мен адамдарды ушул жолго чакырам. Бул жолго мен жана мени ээрчигендер, туура жолума түшкөндөр, сүннөтүмдү кармангандар ачык-айкын далилдер менен чакырабыз. Мен Аллахка шерик кылгандардан эмесмин. Тескерисинче, жалгыз Ага гана ибадат кылуучуларданмын».
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ إِلَّا رِجَالٗا نُّوحِيٓ إِلَيۡهِم مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡقُرَىٰٓۗ أَفَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۗ وَلَدَارُ ٱلۡأٓخِرَةِ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сага чейин периштелерден эмес, адамзаттан эркектерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз. Сага кабар түшүргөндөй аларга да кабар түшүргөнбүз. Алар чөл элинен эмес, шаар элинен эле. Аларды элдери жалганга чыгарышканда Биз аларды кыйратып жок кылдык. Сени жалганга чыгаргандар да жер бетин кыдырып, аларга чейинки жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонуна ой жүгүртүп сабак алышпайбы?! Бул дүйнөдө Аллахтан корккондор үчүн акырет жайындагы жыргалчылыктар жакшыраак. Бул нерсе жакшы экендигине акыл жүгүртпөйсүңөрбү, Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?! Буйруктардын эң улугу – ыйман келтирүү. Ал эми тыйгандардын эң чоңу – Аллахка шерик кошуу.
アラビア語 クルアーン注釈:
حَتَّىٰٓ إِذَا ٱسۡتَيۡـَٔسَ ٱلرُّسُلُ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُمۡ قَدۡ كُذِبُواْ جَآءَهُمۡ نَصۡرُنَا فَنُجِّيَ مَن نَّشَآءُۖ وَلَا يُرَدُّ بَأۡسُنَا عَنِ ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Биз жиберген пайгамбарлардын душмандарына мөөнөт беребиз, аларды алдап кызыктырыш үчүн жазалоого шашылбайбыз. Анткени алардын кыйрашы кечеңдегенде, пайгамбарлар алардын кыйроосунан үмүт үзүп калышканда жана пайгамбарлардын «жалганга чыгаргандарга азап келет, ыймандуулар аман калышат» деп берген убадаларын каапырлар жалган экен деп ойлоп калышканда пайгамбарларыбызга Биздин жеңишибиз келет жана Биз пайгамбарлар менен ыймандууларды жалганчылар кабылган кыйроодон сактап калабыз. Күнөөкөр коомго түшкөн азабыбыз эч качан кайтарылбайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
لَقَدۡ كَانَ فِي قَصَصِهِمۡ عِبۡرَةٞ لِّأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِۗ مَا كَانَ حَدِيثٗا يُفۡتَرَىٰ وَلَٰكِن تَصۡدِيقَ ٱلَّذِي بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَتَفۡصِيلَ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Пайгамбарлар менен алардын элдери тууралуу окуяларда жана Юсуф менен бир туугандары тууралуу окуяда акылы тунук адамдар үчүн сабактар бар. Мына ушуларды өзүнө камтыган Куран – ойлоп чыгарылып Аллахка карата айтылган жалган сөз эмес. Бирок ал – Аллахтын алдынан көктөн түшкөн китептерди тастыктоочу, кеңири чечмелөөнү талап кылган шарияттарды жана өкүмдөрдү чечмелөөчү, бардык жакшылыктарга багыттоочу жана ага ыйман келтирген адамдар үчүн ырайым. Мына ошолор андагы нерселерден пайда алышат.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• أن الداعية لا يملك تصريف قلوب العباد وحملها على الطاعات، وأن أكثر الخلق ليسوا من أهل الهداية.
Даават кылган адам пенделердин жүрөктөрүн башкарууга ээлик кыла албайт жана ибадат кылууга да түртө албайт. Адамдардын көпчулүгү туура жолго түшкөн адамдардан эмес.

• ذم المعرضين عن آيات الله الكونية ودلائل توحيده المبثوثة في صفحات الكون.
Аллахтын табияттагы аят-белгилеринен жана аалам мейкиндигиндеги Анын жалгыздыгын тастыктап билдирген далилдерден жүз бургандарды жемелөө.

• شملت هذه الآية ﴿ قُل هَذِهِ سَبِيلِي...﴾ ذكر بعض أركان الدعوة، ومنها: أ- وجود منهج:﴿ أَدعُواْ إِلَى اللهِ ﴾. ب - ويقوم المنهج على العلم: ﴿ عَلَى بَصِيرَةٍ﴾. ج - وجود داعية: ﴿ أَدعُواْ ﴾ ﴿أَنَا﴾. د - وجود مَدْعُوِّين: ﴿ وَمَنِ اتَّبَعَنِي ﴾.
«Айткын: «Бул менин жолум» деген аят өзүнө дааваттын кээ бир негиздерин камтыган: а) жолдун барлыгы – «Аллахка даават кыламын»; б) бул жол илимге негизделгендиги – «илим менен…»; в) даават кылган адамдын барлыгы – «мен даават кыламын»; г) даават айтылган адамдардын барлыгы – «жана мени ээрчигендер».

 
対訳 章: ユースフ章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる