Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 夜の旅章   節:
مَّن كَانَ يُرِيدُ ٱلۡعَاجِلَةَ عَجَّلۡنَا لَهُۥ فِيهَا مَا نَشَآءُ لِمَن نُّرِيدُ ثُمَّ جَعَلۡنَا لَهُۥ جَهَنَّمَ يَصۡلَىٰهَا مَذۡمُومٗا مَّدۡحُورٗا
Кимде-ким жакшылык иштерди дүйнө жашоосун максат кылып аткарса жана Акыретке ыйман келтирбесе, ага көңүл бурбаса, анда Биз ага бул дүйнөдө ал каалаган нерсени эмес, Өзүбүз каалагандарга берчү жакшылыкты эртелетип беребиз. Андан соң Биз ага тозокту даярдайбыз, кыямат күнү ал тозокко кирип оттун ысыгына азапталат. Бул Анын акыретке ишенбей, бул дүйнөнү тандап Аллахтын ырайымынан куулгандыгы үчүн.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَنۡ أَرَادَ ٱلۡأٓخِرَةَ وَسَعَىٰ لَهَا سَعۡيَهَا وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ كَانَ سَعۡيُهُم مَّشۡكُورٗا
Ал эми кимде-ким жакшылык иштерди кылуу менен Акыреттин сообун кааласа жана эл көрсүн, эл уксун дегенден алыс болуп аткарган болсо жана Аллах ыйман келтирүүгө буйруган нерсеге ыйман келтирген болсо, анда мына ушул сыпаттар менен сыпатталган адамдардын кылган иштери Аллахтын алдында кабыл болот. Аллах алардын сыйлыктарын берет
アラビア語 クルアーン注釈:
كُلّٗا نُّمِدُّ هَٰٓؤُلَآءِ وَهَٰٓؤُلَآءِ مِنۡ عَطَآءِ رَبِّكَۚ وَمَا كَانَ عَطَآءُ رَبِّكَ مَحۡظُورًا
Оо, пайгамбар! Жакшылык кылуучу адам болобу же бузуку адам болобу, бул эки топко тең Раббиңдин ырыскысынан токтотпостон көбөйтүп бере беребиз. Ал жакшылык кылуучу адам болсун же бузуку адам болсун бул дүйнөдө Раббиңдин ырыскысы эч кимден тыйылбайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
ٱنظُرۡ كَيۡفَ فَضَّلۡنَا بَعۡضَهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ وَلَلۡأٓخِرَةُ أَكۡبَرُ دَرَجَٰتٖ وَأَكۡبَرُ تَفۡضِيلٗا
Оо, пайгамбар, ой жүгүртүп көрчү! Бул дүйнөдө ырыскы берүүдө жана даражаларды көтөрүүдө аларды биринен экинчисин артык кылдык. акыреттеги жыргалчылык даражалары жана жакшылыктары бул дүйнөгө салыштырмалуу айырмасы өтө чоң. Ошондуктан ыймандуу адам аларга аракет кылып умтулсун.
アラビア語 クルアーン注釈:
لَّا تَجۡعَلۡ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتَقۡعُدَ مَذۡمُومٗا مَّخۡذُولٗا
Оо, пенде! Аллах менен бирге башка кудайга сыйынба. Эгерде ошондой кылсаң, анда сен Аллахтын алдында жана Анын жакшы пенделеринин жанында жек көрүлүп каласын жана сени эч ким жактырбайт. Аллахтын жардамынан куру каласың жана сага эч ким жардам бербей калат.
アラビア語 クルアーン注釈:
۞ وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنًاۚ إِمَّا يَبۡلُغَنَّ عِندَكَ ٱلۡكِبَرَ أَحَدُهُمَآ أَوۡ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُل لَّهُمَآ أُفّٖ وَلَا تَنۡهَرۡهُمَا وَقُل لَّهُمَا قَوۡلٗا كَرِيمٗا
Оо, пенде! Раббиң Өзүнөн башкага сыйынбоону кескин түрдө буйруду. Ата-энеге жакшылык кылууну буйруду, айрыкча алар карылык жашына жеткен болушса. Эгерде ал экөөнүн бирөөсү же экөөсү тең сенин алдыңда карылык жашка жеткен болушса, анда сөз же ушугуа окшогон нерсе менен тажаганыңды билдирбе. Аларга кыйкырба, катуу сүйлөп оройлонбо. Аларга сылык жана жумшак сөздөрдү гана айткын.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَٱخۡفِضۡ لَهُمَا جَنَاحَ ٱلذُّلِّ مِنَ ٱلرَّحۡمَةِ وَقُل رَّبِّ ٱرۡحَمۡهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرٗا
Ата-энеңе жумшак болуп жана аларга ырайым кылып жөнөкөй бол. Жана мындай деп айт: "Оо, Раббим! Мага кичинемде тарбия бергендиктери үчүн аларга ырайым кыл".
アラビア語 クルアーン注釈:
رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَا فِي نُفُوسِكُمۡۚ إِن تَكُونُواْ صَٰلِحِينَ فَإِنَّهُۥ كَانَ لِلۡأَوَّٰبِينَ غَفُورٗا
Оо, адамдар! Раббиңер Ага ибадат жана жакшы иштерди кылууда ошондой эле ата-энеге жакшылык кылууда силердин ичиңердеги Ага болгон ыкласыңарды жакшы билет. Эгерде ибадатыңарда, ата-энеңерге кылган мамилеңерде жана дагы экөөнөн башка иштерде силердин ниетиңер туура болсо, анда айып-кемчиликтерден аруу Аллах Ага тообо кылып кайткандарды кечирет. Кимде-ким Раббисине ибадат кылууда мурда кемчилик кылгандыгы үчүн же ата-энесин нааразы кылгандыгы үчүн кийин тообо кылса, анда Аллах аны кечирет.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَءَاتِ ذَا ٱلۡقُرۡبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلۡمِسۡكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِ وَلَا تُبَذِّرۡ تَبۡذِيرًا
Оо, ыймандуу адам! Туугандын туугандык акысын бер. Муктаж болгон кедейге садака бер. Сапарда акчасы калбай калган адамга жардам бер. Байлыгыңды күнөөгө же ысырапчылыкка жумшаба.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّ ٱلۡمُبَذِّرِينَ كَانُوٓاْ إِخۡوَٰنَ ٱلشَّيَٰطِينِۖ وَكَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ لِرَبِّهِۦ كَفُورٗا
Чындыгында өзүнүн мал-мүлктөрүн күнөө иштерге жумшагандар жана ысырапкорлор мал-мүлктөрүн сарптоодо шайтандардын бир туугандары болуп саналат. Шайтандар аларды ысырапкорлукка буйруса, аларга баш ийишет. Ал эми шайтан Өз Раббисине каапыр болгон. Ал күнөө ишти гана кылат. Ал Раббисин ачууланткан нерсеге гана буйруйт.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• ينبغي للإنسان أن يفعل ما يقدر عليه من الخير وينوي فعل ما لم يقدر عليه؛ ليُثاب على ذلك.
Адам колунан келген жакшылык ишти кыла берүүсү керек жана колунан келбеген ишке сооп алыш үчүн ниет кылып коюусу керек.

• أن النعم في الدنيا لا ينبغي أن يُسْتَدل بها على رضا الله تعالى؛ لأنها قد تحصل لغير المؤمن، وتكون عاقبته المصير إلى عذاب الله.
Чынында, бул дүйнөдөгү жакшылыктарды Аллахтын ыраазы болгондугуна далил деп эсептөө туура эмес. Анткени, дүйнө жакшылыктары ыймансыздарга бериле берет да, кийин аларды Аллахтын азабына алып барат.

• الإحسان إلى الوالدين فرض لازم واجب، وقد قرن الله شكرهما بشكره لعظيم فضلهما.
Ата-энеге жакшылык кылуу – бул парз жана моюндагы милдет. Аллах аларга жакшылык кылууну Өзүнө шүгүр кылуу менен бирге айтты. Анткени ал экөөнүн кадыры чоң.

• يحرّم الإسلام التبذير، والتبذير إنفاق المال في غير حقه.
Ислам дини ысырапкорлукту арам кылат. Ысырапкорлук – бул акчаны керексиз жакка сарптоо.

 
対訳 章: 夜の旅章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる