Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 勝利章   節:

Фатх

本章の趣旨:
تبشير النبي والمؤمنين بالفتح والتمكين.
Пайгамбарды жана ыймандуу мусулмандарды жеңиш жана туруктуулук менен сүйүнчүлөө (айтылган).

إِنَّا فَتَحۡنَا لَكَ فَتۡحٗا مُّبِينٗا
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сага Худайбия тынчтык келишими аркылуу анык жеңиш бердик.
アラビア語 クルアーン注釈:
لِّيَغۡفِرَ لَكَ ٱللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِن ذَنۢبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكَ وَيَهۡدِيَكَ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا
Аллах сенин бул жеңишке чейинки жана андан кийинки күнөөлөрүңдү кечирип, диниңди колдоо менен сага Өз жакшылыгын толук берип, эч кандай бурмалануусу жок туура жол болгон Ислам жолуна салыш үчүн.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَيَنصُرَكَ ٱللَّهُ نَصۡرًا عَزِيزًا
Ошондой эле Аллах сени душмандарыңдын үстүнөн эч ким токтото албагандай уулу жеңишке жеткириш үчүн.
アラビア語 クルアーン注釈:
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ ٱلسَّكِينَةَ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ لِيَزۡدَادُوٓاْ إِيمَٰنٗا مَّعَ إِيمَٰنِهِمۡۗ وَلِلَّهِ جُنُودُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Аллах момундардын ыйманына ыйман кошулуусу үчүн алардын жүрөктөрүнө бекемдикти жана бейпилдикти түшүрдү. Асмандар менен жердин аскери жалгыз Аллахка таандык. Ал аны менен Өзү каалаган пенделерин колдойт. Чындыгында Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, жеңиш жана жардам берүүдө Даанышман.
アラビア語 クルアーン注釈:
لِّيُدۡخِلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا وَيُكَفِّرَ عَنۡهُمۡ سَيِّـَٔاتِهِمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عِندَ ٱللَّهِ فَوۡزًا عَظِيمٗا
Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген эркектер менен аялдарды хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейишке киргизиш үчүн жана аларды жазалабастан күнөөлөрүн кечириш үчүн. Көздөгөн бейишке жетүү жана күнөөлөр себептүү коркунучка салган жазадан кутулуу сыяктуу бул айтылган нерселер Аллахтын алдында эч бир нерсе тең келбегендей улуу жеңиш.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ ٱلظَّآنِّينَ بِٱللَّهِ ظَنَّ ٱلسَّوۡءِۚ عَلَيۡهِمۡ دَآئِرَةُ ٱلسَّوۡءِۖ وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَلَعَنَهُمۡ وَأَعَدَّ لَهُمۡ جَهَنَّمَۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرٗا
Жана Аллах эки жүздүү эркектер менен аялдарды, Ага ширк кылган эркектер менен аялдарды жана Ал Өзүнүн динин колдобойт, Өзүнүн сөзүн бийик кылбайт деп Ал тууралуу жаман ойлогондорду азапташ үчүн. Алардын башына азап балээси келди. Аллах аларга каапырлыктары жана жаман ойлогондору себептүү каарданды, аларды Өз ырайымынан алыстатты жана аларга акыретте түбөлүк кала турган тозокту даярдап койду. Алардын Ага кайтып баруучу жайы болгон тозок кандай жаман жай!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَلِلَّهِ جُنُودُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Асмандар менен жердин аскерлери Аллахка гана таандык. Ал аны менен Өзү каалаган пенделерине жардам берет. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ شَٰهِدٗا وَمُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا
Оо, пайгамбар! Биз сени кыямат күнү үммөтүңө күбө болуучу, ыймандууларга алар үчүн даярдалган дүйнөдөгү жеңишти, бийлик жүргүзүүнү жана алар үчүн даярдалган акыреттеги жыргалчылыкты сүйүнчүлөөчү жана каапырларга алар үчүн даярдалган дүйнөдөгү кордукту, ыймандуулардын кол алдында жеңилүүнү жана алар үчүн даярдалып, аларды күткөн акыреттеги кыйноочу азап менен коркутуучу кылып жибердик.
アラビア語 クルアーン注釈:
لِّتُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُعَزِّرُوهُ وَتُوَقِّرُوهُۚ وَتُسَبِّحُوهُ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلًا
Силерди Аллахка ыйман келтирет, Анын элчисине ыйман келтирет, аны улуктайт жана урматтайт, ошондой эле Аллахты күндүн башталышында жана акырында аруулайт деген үмүттө.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• صلح الحديبية بداية فتح عظيم على الإسلام والمسلمين.
Худайбия келишими Ислам жана мусулмандар үчүн улуу жеңиштин башталышы.

• السكينة أثر من آثار الإيمان تبعث على الطمأنينة والثبات.
Бейпилдик – тынчтанууга жана бекемдикке түрткү берген ыймандын белгилеринен.

• خطر ظن السوء بالله، فإن الله يعامل الناس حسب ظنهم به سبحانه.
Аллах тууралуу жаман ойлоонун коркунучу. Чындыгында Аллах адамдарга алардын Ал тууралуу ойлоруна жараша мамиле кылат.

• وجوب تعظيم وتوقير رسول الله صلى الله عليه وسلم.
Аллахтын элчисин улуктоонун жана урматтоонун милдеттүүлүгү.

 
対訳 章: 勝利章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる