Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 勝利章   節:
قُل لِّلۡمُخَلَّفِينَ مِنَ ٱلۡأَعۡرَابِ سَتُدۡعَوۡنَ إِلَىٰ قَوۡمٍ أُوْلِي بَأۡسٖ شَدِيدٖ تُقَٰتِلُونَهُمۡ أَوۡ يُسۡلِمُونَۖ فَإِن تُطِيعُواْ يُؤۡتِكُمُ ٱللَّهُ أَجۡرًا حَسَنٗاۖ وَإِن تَتَوَلَّوۡاْ كَمَا تَوَلَّيۡتُم مِّن قَبۡلُ يُعَذِّبۡكُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا
Оо, пайгамбар! Сени менен бирге Меккеге барбаган арабдарды сынап мындай деп айт: «Жакында силер согушта күч-кубаттуулукка ээ болгон элдер менен согушууга чакырыласыңар. Алар менен Аллах жолунда согушасыңар же болбосо алар Исламды согушсуз кабыл алышат. Эгерде силер Аллахтын согуш тууралуу чакырыгына моюн сунсаңар, Ал силерге бейиш болгон улуу сыйлыкты берет. А эгер пайгамбар менен бирге Меккеге барбай койгонуңар сыяктуу Ага моюн сунуудан баш тартсаңар, анда кыйноочу азап менен азаптайт».
アラビア語 クルアーン注釈:
لَّيۡسَ عَلَى ٱلۡأَعۡمَىٰ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡأَعۡرَجِ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡمَرِيضِ حَرَجٞۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدۡخِلۡهُ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَمَن يَتَوَلَّ يُعَذِّبۡهُ عَذَابًا أَلِيمٗا
Көзү сокур же чолок же оорулуу сыяктуу үзүрү барлар Аллах жолунда согушууга барбай калса күнөөкөр болушпайт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, анда аны хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Ал эми ким ал экөөсүнө моюн сунуудан баш тартса, анда Аллах аны кыйноочу азап менен азаптайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
۞ لَّقَدۡ رَضِيَ ٱللَّهُ عَنِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ إِذۡ يُبَايِعُونَكَ تَحۡتَ ٱلشَّجَرَةِ فَعَلِمَ مَا فِي قُلُوبِهِمۡ فَأَنزَلَ ٱلسَّكِينَةَ عَلَيۡهِمۡ وَأَثَٰبَهُمۡ فَتۡحٗا قَرِيبٗا
Аллах Худайбиядагы дарактын астында Ризван антын берип антташкан ыймандуулардан ыраазы болду. Ал алардын жүрөгүндөгү ыйманды, ыкластуулукту жана чынчылдыкты билип, алардын жүрөктөрүнө бейпилдик орнотту жана анын сыйлыгы катары аларга Хайбарды багынтуу болгон жакынкы жеңишти берди.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَغَانِمَ كَثِيرَةٗ يَأۡخُذُونَهَاۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمٗا
Жана аларга Хайбардын жашоочуларынан алына турган көптөгөн олжолорду берди. Аллах эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَعَدَكُمُ ٱللَّهُ مَغَانِمَ كَثِيرَةٗ تَأۡخُذُونَهَا فَعَجَّلَ لَكُمۡ هَٰذِهِۦ وَكَفَّ أَيۡدِيَ ٱلنَّاسِ عَنكُمۡ وَلِتَكُونَ ءَايَةٗ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ وَيَهۡدِيَكُمۡ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا
Оо, ыймандуулар! Аллах силерге келечекте Ислам жеңиштеринде ала турган көптөгөн олжолорду убада кылды. Ошентип Ал силерге Хайбар олжолорун тездетти жана бул тездетилген олжолор Аллахтын силерге болгон жардамы менен коргоосунун белгиси болсун үчүн жана Аллах силерди эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салуусу үчүн Ал силердин артыңардагы үй-бүлөңөрдү жөөттөрдүн кол салуусунан коргоду.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَأُخۡرَىٰ لَمۡ تَقۡدِرُواْ عَلَيۡهَا قَدۡ أَحَاطَ ٱللَّهُ بِهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٗا
Ошондой эле Аллах силерге азыркы учурда кудуретиңер жетпеген башка дагы олжолорду убада кылды. Бир гана Аллах ага кудуреттүү. Ал Анын илиминде жана башкаруусунда. Аллах бүткүл нерсеге кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсырата албайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَلَوۡ قَٰتَلَكُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوَلَّوُاْ ٱلۡأَدۡبَٰرَ ثُمَّ لَا يَجِدُونَ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Оо, ыймандуулар! Эгерде Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар силер менен согушкан болсо, анда алар көз алдыңарда жеңилген абалда качып жөнөшмөк. Андан соң алардын ишин колго алган эч бир колдоочу табышмак эмес жана аларга согушууга жардам берген эч бир жардамчы табышмак эмес.
アラビア語 クルアーン注釈:
سُنَّةَ ٱللَّهِ ٱلَّتِي قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلُۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ ٱللَّهِ تَبۡدِيلٗا
Ыймандуулардын жеңишке жетүүсү жана каапырлардын жеңилүүсү бүткүл заманда жана бардык жерде ишке ашары анык. Бул нерсе жалганчылардан мурун өткөн коомдордон бери келе жаткан Аллахтын жолу. Оо, пайгамбар! Сен Аллахтын жолун өзгөртө турган эч бир нерсе таппайсың.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• إخبار القرآن بمغيبات تحققت فيما بعد - مثل الفتوح الإسلامية - دليل قاطع على أن القرآن الكريم من عند الله.
Ислам жеңиштери сыяктуу кийин ишке ашкан кайып нерселер тууралуу Курандын кабар берүүсү – ыйык Курандын Аллах тараптан экендигине анык далил болот.

• تقوم أحكام الشريعة على الرفق واليسر.
Шарият өкүмдөрү жумшактыкка жана жеңилдикке негизделген.

• جزاء أهل بيعة الرضوان منه ما هو معجل، ومنه ما هو مدَّخر لهم في الآخرة.
Ризван антташуусуна катышкандардын кээ бирлеринин сыйлыгы эрте берилген, кээ бирлериники акыретке калтырылган.

• غلبة الحق وأهله على الباطل وأهله سُنَّة إلهية.
Акыйкаттын жана аны кармангандардын жалгандын жана аны кармандардын үстүнөн жеңишке жетүүсү Аллахтын белгилеген жолу.

 
対訳 章: 勝利章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる