クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (26) 章: 勝利章
إِذۡ جَعَلَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلۡحَمِيَّةَ حَمِيَّةَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ فَأَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَعَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَأَلۡزَمَهُمۡ كَلِمَةَ ٱلتَّقۡوَىٰ وَكَانُوٓاْ أَحَقَّ بِهَا وَأَهۡلَهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا
Ошондо Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар жүрөктөрүндө акыйкатты таанууга эмес, өз каалоолоруна байланышкан караңгылык доордогу текеберликти пайда кылышты жана Аллахтын элчиси аларды жеңиптир деген айып сөздөн коркуп, аны Худайбия жылында аларга кирүүдөн тыйышты. Аллах болсо Өз элчисине жана ыймандууларга Өз алдынан бейпилдикти түшүрдү жана алардын кыжырдануусу мушриктерге өздөрүндөй кылып жооп берүүгө жеткирген жок. Аллах ыймандууларга «Лаа илааха иллаллах (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)» акыйкат сөзүн жана анын шарттарын аткарууну милдет кылды, алар аны аткарышты. Качан Аллах ыймандуулардын жүрөгүндөгү жакшылыкты билгенде алар башкаларга караганда бул сөзгө көбүрөөк акылуу жана татыктуу болушту. Аллах бардык нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• الصد عن سبيل الله جريمة يستحق أصحابها العذاب الأليم.
Аллахтын жолунан тосуу – кылмыш. Аны кылган адамдар кыйноочу азаптка татыктуу.

• تدبير الله لمصالح عباده فوق مستوى علمهم المحدود.
Аллахтын пенделеринин пайдасына карап башкаруусу алардын чектелген билим деңгээлинен жогору турат.

• التحذير من استبدال رابطة الدين بحمية النسب أو الجاهلية.
Тектүүлүктөн же караңгылык доордогудай текеберликтен улам дин байланышын өзгөртүүдөн эскертүү.

• ظهور دين الإسلام سُنَّة ووعد إلهي تحقق.
Ислам дининин жеңишке жетүүсү – Аллахтын чындыкка ашуучу жолу жана убадасы.

 
対訳 節: (26) 章: 勝利章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる