Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 食卓章   節:
مِنۡ أَجۡلِ ذَٰلِكَ كَتَبۡنَا عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَنَّهُۥ مَن قَتَلَ نَفۡسَۢا بِغَيۡرِ نَفۡسٍ أَوۡ فَسَادٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ ٱلنَّاسَ جَمِيعٗا وَمَنۡ أَحۡيَاهَا فَكَأَنَّمَآ أَحۡيَا ٱلنَّاسَ جَمِيعٗاۚ وَلَقَدۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ ثُمَّ إِنَّ كَثِيرٗا مِّنۡهُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡأَرۡضِ لَمُسۡرِفُونَ
Кабыл агасын өлтүргөн окуя аркылуу кимде-ким бирөөнү өч алуу үчүн эмес, же болбосо, согушуп же каапырлыгы себептүү да эмес, жөндөн-жөн эле өлтүрсө, адамдардын баарын өлтүргөндөй болорун, Исраил урпактарына билдирдик. Анткени, мындай адам өлтүрүүчүгө таза киши менен кылмышкер кишинин айырмасы жок. Ал эми кимде-ким Аллах Таала өлтүрүүгө тыюу салган адамды ошол тыюу салынгандыгы үчүн өзүн тыйып өлтүрбөсө, бардык адамдарга жан бергендей болот. Анткени, ал баарына тынчтык алып келет. Чынында биздин элчилерибиз Исраил урпактарына ачык-айкын далилдерди алып келди. Ошентсе да, алардын көбү күнөөгө берилип жана элчилерге каршы чыгып Аллахтын чегининен чыгып кетишти
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّمَا جَزَٰٓؤُاْ ٱلَّذِينَ يُحَارِبُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَسۡعَوۡنَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَسَادًا أَن يُقَتَّلُوٓاْ أَوۡ يُصَلَّبُوٓاْ أَوۡ تُقَطَّعَ أَيۡدِيهِمۡ وَأَرۡجُلُهُم مِّنۡ خِلَٰفٍ أَوۡ يُنفَوۡاْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِۚ ذَٰلِكَ لَهُمۡ خِزۡيٞ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Аллах жана Анын элчилерине каршы согушуп, адамдарды өлтүрүү, мал-мүлкүн тартып алуу, жол тосуп каракчылык кылуу менен жерде душмандыкты күчөтүп, бүлгүн салгандардын акыбет жазасы - аларды асып же башка жол менен өлтүрүү же оң кол сол бутун кесүү, кийин кылмышын дагы кайталаса, сол кол оң бутун кесүү же жашаган жеринен сүргүн кылуу; алардын бул дүйнөдөгү жазасы ушундай, а акыретте аларга катуу азап бар.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ مِن قَبۡلِ أَن تَقۡدِرُواْ عَلَيۡهِمۡۖ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, жол башчылар, эгер тиги кылмышкерлер силер аларды кармаганга чейин тообо кылышса, Аллах Таала аларды Кечирүүчү жана Ырайымдуу экенин билип алгыла. Аллах Таала ырайымы менен аларды жазадан куткарат.
アラビア語 クルアーン注釈:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱبۡتَغُوٓاْ إِلَيۡهِ ٱلۡوَسِيلَةَ وَجَٰهِدُواْ فِي سَبِيلِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ
Оо, ыймандуулар, буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылып Аллахка такыба болгула. Анын буйругун аткаруу аркылуу Ага жакындоонун жолун издегиле жана тыюуларынан сактангыла. Аллахтын ыраазылыгын талап кылып, каапырларга каршы жихад кылгыла; ошондо издегениңерге жетип, тыюулардан сак болушуңар мүмкүн
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ أَنَّ لَهُم مَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا وَمِثۡلَهُۥ مَعَهُۥ لِيَفۡتَدُواْ بِهِۦ مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَا تُقُبِّلَ مِنۡهُمۡۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондор, эгер алардын ар биринде жер бетиндеги мүлктөн эки эсе болсо жана ошол мүлктөрүн кыямат күндөгү азаптан кутулуу үчүн жумшаса, баары бир кабыл кылынбайт, аларга жан чыдагыс катуу азап болот.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• حرمة النفس البشرية، وأن من صانها وأحياها فكأنما فعل ذلك بجميع البشر، وأن من أتلف نفسًا بشرية أو آذاها من غير حق فكأنما فعل ذلك بالناس جميعًا.
Адамдын жаны кымбат, ким аны сактаса, муну бардык адам баласына кылгандай болот. Ким эч себепсиз эле аны өлтүрсө же ага зыянын тийгизсе, муну бардык адам баласына жасагандай болот.

• عقوبة الذين يحاربون الله ورسوله ممن يفسدون بالقتل وانتهاب الأموال وقطع الطرق هي: القتل بلا صلب، أو مع الصلب، أو قطع الأطرف من خلاف، أو بتغريبهم من البلاد؛ وهذا على حسب ما صدر منهم.
Адам өлтүрүү, мал-мүлктү тартып алуу, жол тосуп каракчылык кылуу сыяктуу кылмыштар менен Аллахка жана Анын элчисине каршы чыккандардын жазасы - аларды асып же асбастан өлтүрүү, же буту-колун каршы-терши кесүү же жашаган жеринен сүргүн кылуу; бул алардын кылганына жараша болот.

• توبة المفسدين من المحاربين وقاطعي الطريق قبل قدرة السلطان عليهم توجب العفو.
Жол тоскон же согушкан бузукулар колго түшүп, жоопко тартылганга чейин тообо кылып, жаман ишин таштаса, кечирилет

 
対訳 章: 食卓章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる