クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (31) 章: 包まる者章
وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةٗۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنٗا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ
Биз тозок сакчыларын периштелерден гана кылдык. Адамзаттын аларга күчү жетпейт. Биз, алардын санын Аллахка каапыр болгондорду сыноо үчүн ушундай кылдык. Биз, алар айтар сөзүн айтып, азаптары эселеп көбөйүүсү үчүн, Тоорот берилген жөөттөр менен Инжил берилген христиандар, алардын китептеринде айтылганды тастыктаган Куран түшкөн кезде айкын билүүлөрү үчүн, Китеп ээлеринин (кабары ыймандуулардын ишенимине) дал келгенде ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн, жөөттөр да, христиандар да, ыймандуулар да шектенбөөсү үчүн, ыйманга кирүүдө эки анжы болгондор жана каапырлар: «Аллах бул таң калыштуу сан менен эмнени каалап жатат?» – деп айтуулары үчүн ушундай кылдык. Бул санды жокко чыгаргандарды адаштыруу жана ага ишенгендерди туура жолго салган сыяктуу, Аллах каалаганын адаштырып, каалаганын туура жолго салат. Раббиңдин аскерлери көп болгондуктан, алардын санын Өзүнөн башка эч ким билбейт. Тозок адамзатка эскертүү гана, ал аркылуу адамдар Аллах тааланын улуктугун билишет.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• خطورة الكبر حيث صرف الوليد بن المغيرة عن الإيمان بعدما تبين له الحق.
Текеберликтин коркунучу, анткени ал Валид ибн аль-Мугийрага чындык ачык болгондон кийин ыймандан баш тартуусуна себеп болду.

• مسؤولية الإنسان عن أعماله في الدنيا والآخرة.
Адамдын кылган иш-аракеттери үчүн дүйнөдөгү жана акыреттеги жоопкерчилиги.

• عدم إطعام المحتاج سبب من أسباب دخول النار.
Муктаждарга тамак-аш бербестик тозокко кирүүнүн себептеринен.

 
対訳 節: (31) 章: 包まる者章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる