ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಸೂರ ಅರ್‍ರಹ್ಮಾನ್   ಶ್ಲೋಕ:

Ар-Рахман

ٱلرَّحۡمَٰنُ
Ар-Рахман.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
عَلَّمَ ٱلۡقُرۡءَانَ
Куранды таалим берди,
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ
Инсанды жаратты,
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
عَلَّمَهُ ٱلۡبَيَانَ
(Жана) ага баянды – сөздү үйрөттү.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ بِحُسۡبَانٖ
Күн дагы, Ай дагы (Аллах койгон) эсеп менен (айланат).
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَٱلنَّجۡمُ وَٱلشَّجَرُ يَسۡجُدَانِ
Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَٱلسَّمَآءَ رَفَعَهَا وَوَضَعَ ٱلۡمِيزَانَ
(Аллах) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
أَلَّا تَطۡغَوۡاْ فِي ٱلۡمِيزَانِ
Таразада кыянат кылбагыла деп.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَأَقِيمُواْ ٱلۡوَزۡنَ بِٱلۡقِسۡطِ وَلَا تُخۡسِرُواْ ٱلۡمِيزَانَ
Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَٱلۡأَرۡضَ وَضَعَهَا لِلۡأَنَامِ
Ал жерди калк-калайык[1] үчүн (мекен) кылды.
[1] «Калк-калайык» деген сөз инсандарга гана чектелбейт.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فِيهَا فَٰكِهَةٞ وَٱلنَّخۡلُ ذَاتُ ٱلۡأَكۡمَامِ
Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар,
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَٱلۡحَبُّ ذُو ٱلۡعَصۡفِ وَٱلرَّيۡحَانُ
Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٖ كَٱلۡفَخَّارِ
Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты.[1]
[1] Аллах таала Өз периштеси аркылуу жердин ар кайсы жеринен ылай алдыртып, Адам алейхи саламды жасаганда, ага Өзүнүн Рухунан үйлөп жан киргизгенге чейин, черткенде добуш чыгарган чопо сыяктуу кургак болуп турган. (Бухарий, Муслим. Абу Дауд: 2/525, Термизий: «Тафсийру суратил Бакара», Ибнул Касир, Ахмад: 5/338)
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَخَلَقَ ٱلۡجَآنَّ مِن مَّارِجٖ مِّن نَّارٖ
Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты.[1]
[1] Демек, инсан өзүнүнн табиятын сактап, чыныдай таза жана ыйман-ишенимде жердей салмактуу болсо, оттой ойт берме, жеңил шайтандан сактана алат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
رَبُّ ٱلۡمَشۡرِقَيۡنِ وَرَبُّ ٱلۡمَغۡرِبَيۡنِ
Ал эки чыгыш менен эки батыштын[1] Раббиси.
[1] Күндүн чыгыш жана батыш орду жаз-жай айларында башка, күз-кыш айларында башка болот. Бул аятта эки чыгыш, эки батыш делгенинин себеби ушул болсо ажеп эмес.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ يَلۡتَقِيَانِ
Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٞ لَّا يَبۡغِيَانِ
(Бирок), ортосунда (Аллах койгон) тосмо бар: өтүшпөйт.[1]
[1] Жер шарынын кээ бир жеринде деңиз менен дайра суусу аралашып турат. Бирок, Аллахтын кудурети менен деңиз суусунун шору дайра суусуна, дайра суусунун шириндиги деңиз суусуна таасир этпейт. Дагы караңыз: 25-сүрө, 53-аят.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
يَخۡرُجُ مِنۡهُمَا ٱللُّؤۡلُؤُ وَٱلۡمَرۡجَانُ
Алардан (Аллах) берметтерди, шуруларды чыгарат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَلَهُ ٱلۡجَوَارِ ٱلۡمُنشَـَٔاتُ فِي ٱلۡبَحۡرِ كَٱلۡأَعۡلَٰمِ
(Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
كُلُّ مَنۡ عَلَيۡهَا فَانٖ
Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَيَبۡقَىٰ وَجۡهُ رَبِّكَ ذُو ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ
Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
يَسۡـَٔلُهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ كُلَّ يَوۡمٍ هُوَ فِي شَأۡنٖ
Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
سَنَفۡرُغُ لَكُمۡ أَيُّهَ ٱلثَّقَلَانِ
Эй, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз![1]
[1] Анткени ушул эки макулук гана Кыяматта сот-суракка тартылат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ إِنِ ٱسۡتَطَعۡتُمۡ أَن تَنفُذُواْ مِنۡ أَقۡطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ فَٱنفُذُواْۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلۡطَٰنٖ
Эй, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар – кете бергиле. (Аллахтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
يُرۡسَلُ عَلَيۡكُمَا شُوَاظٞ مِّن نَّارٖ وَنُحَاسٞ فَلَا تَنتَصِرَانِ
Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَإِذَا ٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ وَرۡدَةٗ كَٱلدِّهَانِ
Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُسۡـَٔلُ عَن ذَنۢبِهِۦٓ إِنسٞ وَلَا جَآنّٞ
Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт.[1]
[1] ففي ذلك اليوم لا تسأل الملائكة المجرمين من الإنس والجن عن ذنوبهم. (Тафсийрул Муяссар)
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
يُعۡرَفُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ بِسِيمَٰهُمۡ فَيُؤۡخَذُ بِٱلنَّوَٰصِي وَٱلۡأَقۡدَامِ
Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат).
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
هَٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِي يُكَذِّبُ بِهَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Күнөөлүүлөр жалган деген тозок – ушул.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
يَطُوفُونَ بَيۡنَهَا وَبَيۡنَ حَمِيمٍ ءَانٖ
Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат.[1]
[1] Токтоосуз күйгүзүлүп, суусаганда «хамим» деп аталган кайнак суу ичирилет.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَلِمَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ جَنَّتَانِ
Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет.[1]
[1] Бири сооп иш жасаганы үчүн, экинчиси Раббисинин алдындагы сурактан коркуп жаман ишти таштаганы үчүн.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ذَوَاتَآ أَفۡنَانٖ
Эки бак тең бутактуу.[1]
[1] Б. а. мөмөлүү бутактары көп.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فِيهِمَا عَيۡنَانِ تَجۡرِيَانِ
Экөөндө тең агып турган булактар!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فِيهِمَا مِن كُلِّ فَٰكِهَةٖ زَوۡجَانِ
Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ فُرُشِۭ بَطَآئِنُهَا مِنۡ إِسۡتَبۡرَقٖۚ وَجَنَى ٱلۡجَنَّتَيۡنِ دَانٖ
(Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки бейиштин тең мөмөлөрү ийилген.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فِيهِنَّ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٞ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنّٞ
Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
كَأَنَّهُنَّ ٱلۡيَاقُوتُ وَٱلۡمَرۡجَانُ
Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
هَلۡ جَزَآءُ ٱلۡإِحۡسَٰنِ إِلَّا ٱلۡإِحۡسَٰنُ
Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَمِن دُونِهِمَا جَنَّتَانِ
Эки бейиштен ылдыйраакта дагы эки бейиш бар.[1]
[1] Өйдөңкүсү алтын эле мунусу накта күмүштөн! (Садий).
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
مُدۡهَآمَّتَانِ
Эки (күмүш) бейиш тең жашыл түстө.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فِيهِمَا عَيۡنَانِ نَضَّاخَتَانِ
Экөөндө тең атырылган булактар!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فِيهِمَا فَٰكِهَةٞ وَنَخۡلٞ وَرُمَّانٞ
Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فِيهِنَّ خَيۡرَٰتٌ حِسَانٞ
Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
حُورٞ مَّقۡصُورَٰتٞ فِي ٱلۡخِيَامِ
Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٞ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنّٞ
Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ رَفۡرَفٍ خُضۡرٖ وَعَبۡقَرِيٍّ حِسَانٖ
Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Раббиңердин дагы кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
تَبَٰرَكَ ٱسۡمُ رَبِّكَ ذِي ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ
Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси – Раббиңдин ысымы таберик!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಸೂರ ಅರ್‍ರಹ್ಮಾನ್
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್ ಅಬ್ದುಲ್ ಖಾಲಿಕ್. ರುವ್ವಾದ್ ಅನುವಾದ ಕೇಂದ್ರದ ವತಿಯಿಂದ ಇದರ ಪರಿಶೀಲನೆ ಮುಗಿದಿದೆ

ಮುಚ್ಚಿ