Check out the new design

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ


ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಮುಲ್ಕ್   ಶ್ಲೋಕ:
فَلَمَّا رَأَوۡهُ زُلۡفَةٗ سِيٓـَٔتۡ وُجُوهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَقِيلَ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تَدَّعُونَ
Качан алардын башына убада кылынган нерсе түшкөндө жана алар кыяматта азаптын жакындаганын көрүшкөндө, Аллахка каапырлык кылгандардын жүздөрү өзгөрүп, карайып кетет. Аларга: «Силер дүйнөдө ушул нерсени талап кылып шаштыргансыңар» – деп айтылат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَهۡلَكَنِيَ ٱللَّهُ وَمَن مَّعِيَ أَوۡ رَحِمَنَا فَمَن يُجِيرُ ٱلۡكَٰفِرِينَ مِنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ
О, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерди жекирип: «Айткылачы, эгер Аллах мени жана мени менен бирге болгон ыймандууларды өлтүрсө, же бизге ырайым кылып, ажалыбызды кечиктирсе, анда каапырларды кыйноочу азаптан ким куткарат. Аларды эч ким куткарбайт» - дегин.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُلۡ هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ءَامَنَّا بِهِۦ وَعَلَيۡهِ تَوَكَّلۡنَاۖ فَسَتَعۡلَمُونَ مَنۡ هُوَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: «Ал – Ырайымдуу. Ал силерди жалгыз Өзүнө сыйынууга чакырат. Биз бардык иштерибизде Ага гана таянабыз. Жакында силер ким анык адашууда жана ким туура жолдо экенин сөзсүз билесиңер».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَصۡبَحَ مَآؤُكُمۡ غَوۡرٗا فَمَن يَأۡتِيكُم بِمَآءٖ مَّعِينِۭ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: «Айткылачы, эгер силердин ичип жаткан сууңар, силер жетпегендей абалда жерге сиңип кетсе, анда силерге аккан мол сууну ким алып келет? Аллахтан башка эч ким алып келе албайт».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• اتصاف الرسول صلى الله عليه وسلم بأخلاق القرآن.
Пайгамбардын Курандагы адеп-ахлактар менен сыпатталуусу.

• صفات الكفار صفات ذميمة يجب على المؤمن الابتعاد عنها، وعن طاعة أهلها.
Каапырлардын сыпаттары – жаман сыпаттар. Ыймандуу адам андан жана ошондой сыпаттары адамдарга баш ийүүдөн алыс болуусу керек.

• من أكثر الحلف هان على الرحمن، ونزلت مرتبته عند الناس.
Көп касам ичкен адам Ырайымдууга жеңил карап калат жана адамдардын алдында кадыр-баркы түшөт.

 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಮುಲ್ಕ್
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಪ್ರಕಾಶನ - ಕುರ್‌ಆನ್ ತಫ್ಸೀರ್ ಸ್ಟಡಿ ಸೆಂಟರ್

ಮುಚ್ಚಿ