Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: نازعات   آیت:

Назиат

د سورت د مقصدونو څخه:
التذكير بالله واليوم الآخر.
Аллахты жана акырет күнүн эскуертүү.

وَٱلنَّٰزِعَٰتِ غَرۡقٗا
Аллах каапырлардын жандарын катаалдык жана оройлук менен жулуп алуучу периштелер менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
وَٱلنَّٰشِطَٰتِ نَشۡطٗا
Ыймандуулардын жандарын жеңилдик менен сууруп алуучу периштелер менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
وَٱلسَّٰبِحَٰتِ سَبۡحٗا
Аллахтын буйругу менен асмандан жерге сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
فَٱلسَّٰبِقَٰتِ سَبۡقٗا
Аллахтын буйругун аткарууда бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
فَٱلۡمُدَبِّرَٰتِ أَمۡرٗا
Пенделердин иштерине жоопкер периштелер сыяктуу Аллахтын тагдырына байланыштуу буйруктарын иш жүзүнө ашыруучу периштелер менен ант берди. Ал мунун баары менен аларды кайрадан тирилтип, суракка алуу жана сыйлык же жаза берүү үчүн ант берди.
عربي تفسیرونه:
يَوۡمَ تَرۡجُفُ ٱلرَّاجِفَةُ
Керней биринчи жолу тартылган күнү жер титирейт.
عربي تفسیرونه:
تَتۡبَعُهَا ٱلرَّادِفَةُ
Мунун артынан эле экинчи жолкусу тартылат.
عربي تفسیرونه:
قُلُوبٞ يَوۡمَئِذٖ وَاجِفَةٌ
Ал күнү каапырлардын жана пасык-бузукулардын жүрөгү коркунучта болот.
عربي تفسیرونه:
أَبۡصَٰرُهَا خَٰشِعَةٞ
Алардын көздөрүнөн кордуктун белгилери көрүнүп турат.
عربي تفسیرونه:
يَقُولُونَ أَءِنَّا لَمَرۡدُودُونَ فِي ٱلۡحَافِرَةِ
Алар мындай деп айтышат эле: «Биз өлгөндөн кийин кайра жашоого кайтып келебизби?
عربي تفسیرونه:
أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا نَّخِرَةٗ
Биз курулай чирик сөөк болгондон кийин ушуга кайтып келебизби?».
عربي تفسیرونه:
قَالُواْ تِلۡكَ إِذٗا كَرَّةٌ خَاسِرَةٞ
Алар: «Эгерде кайтып келсек, анда ал кайтуу адамды кайгыга салган жоготуу болот» – деп айтышат.
عربي تفسیرونه:
فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ
Кайра тирилтүү иши оңой. Чындыгында ал үйлөөгө жоопкер болгон периштерин бир гана кыйкырыгы.
عربي تفسیرونه:
فَإِذَا هُم بِٱلسَّاهِرَةِ
Анан тирүүлөрдүн баарысы жер койнунда өлүк болгон абалдан кийин жер үстүндө болуп калышат.
عربي تفسیرونه:
هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ
Оо, пайгамбар! Сага Мусанын Раббиси менен жана душманы Фараон менен болгон кабары келдиби?
عربي تفسیرونه:
إِذۡ نَادَىٰهُ رَبُّهُۥ بِٱلۡوَادِ ٱلۡمُقَدَّسِ طُوًى
Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүнөн чакырык салды.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• التقوى سبب دخول الجنة.
Такыбалык – бейишке кирүүгө себеп болот.

• تذكر أهوال القيامة دافع للعمل الصالح.
Кыямат коркунучтарын эстөө – жакшылык иштерге түрткү берет.

• قبض روح الكافر بشدّة وعنف، وقبض روح المؤمن برفق ولين.
Каапырдын жаны катаалдык жана оройлук менен алынат. Ал эми ыймандуунун жаны жеңилдик жана жумшактык менен алынат.

 
د معناګانو ژباړه سورت: نازعات
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول