Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: نازعات   آیت:
ٱذۡهَبۡ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ
Ал ага Өз сөзүндө мындай деди: «Фараонго баргын! Чындыгында ал зулумдукта жана текеберликте чектен чыгып кетти».
عربي تفسیرونه:
فَقُلۡ هَل لَّكَ إِلَىٰٓ أَن تَزَكَّىٰ
Ага айт: «Эй, Фараон! Сен каапырлыктан жана күнөөлөрдөн тазаланбайсыңбы?
عربي تفسیرونه:
وَأَهۡدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخۡشَىٰ
Мен сени жараткан жана сага камкордук кылган Раббиңе карай жол көргөзөм, ошондо сен Андан коркосуң, Ал ыраазы болгон иштерди кыласың жана Анын ачуусун келтирген иштерден алыстайсың».
عربي تفسیرونه:
فَأَرَىٰهُ ٱلۡأٓيَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰ
Муса ага Раббиси тараптан келген элчи экенине далил болгон улуу аят-белгини көргөздү. Ал кол жана таян болчу.
عربي تفسیرونه:
فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ
Ошондо Фараон бул белгини жалган деп, Муса буйруган нерсеге баш ийбей койду.
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ أَدۡبَرَ يَسۡعَىٰ
Анан Муса пайгамбар алып келген динге ыйман келирүүдөн баш тартып күнөөгө жана чындыкты четке кагуу берилди.
عربي تفسیرونه:
فَحَشَرَ فَنَادَىٰ
Мусага үстөмдүк кылуу үчүн коомун жана өзүнө ээрчигендерин чогултуп мындай деди...
عربي تفسیرونه:
فَقَالَ أَنَا۠ رَبُّكُمُ ٱلۡأَعۡلَىٰ
«Мен силердин улуу Раббиңермин. Силер үчүн менден башкага баш ийүү жок».
عربي تفسیرونه:
فَأَخَذَهُ ٱللَّهُ نَكَالَ ٱلۡأٓخِرَةِ وَٱلۡأُولَىٰٓ
Анан Аллах аны кармап, дүйнөдө деңизге чөктүрүп, ал эми акыретте эң катаал азапка киргизип жазалайт.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّمَن يَخۡشَىٰٓ
Чындыгында Фараонду дүйнөдө жана акыретте жазалаганыбыз – Аллахтан корккондор үчүн сабак. Ошолор насааттардан пайда алышат.
عربي تفسیرونه:
ءَأَنتُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُۚ بَنَىٰهَا
Эй, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар! Аллах үчүн силерди жаратуу кыйынбы же куруп койгон асманды жаратуубу?
عربي تفسیرونه:
رَفَعَ سَمۡكَهَا فَسَوَّىٰهَا
Ал анын шыбын жогору карай бийик жана тегиз кылды. Анда эч кандай жылчык, жарака жана кемчилик жок.
عربي تفسیرونه:
وَأَغۡطَشَ لَيۡلَهَا وَأَخۡرَجَ ضُحَىٰهَا
Ал анын түнүн күн баткан кезде караңгы кылды жана күн чыккан кезде жарык кылды.
عربي تفسیرونه:
وَٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ
Ал асманды жараткандан кийин жерди жайык кылды жана ага пайдалуу нерселерди жайгаштырды.
عربي تفسیرونه:
أَخۡرَجَ مِنۡهَا مَآءَهَا وَمَرۡعَىٰهَا
Ал андан булак болуп аккан сууларды чыгарды жана мал-жандыктар оттогон өсүмдүктөрдү өстүрдү.
عربي تفسیرونه:
وَٱلۡجِبَالَ أَرۡسَىٰهَا
Тоолорду жерге бекем орнотту.
عربي تفسیرونه:
مَتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ
Оо, адамдар! Бул пайдалардын баарысы силер үчүн жана силердин мал-жандыгыңар үчүн. Мунун баарын жараткан Зат аларды кайра жаңыдан жаратуудан алсыз эмес.
عربي تفسیرونه:
فَإِذَا جَآءَتِ ٱلطَّآمَّةُ ٱلۡكُبۡرَىٰ
Коркунучу менен бүт баарысын өзүнө камтып алган экинчи жолку сурнай үйлөө кези келгенде.
عربي تفسیرونه:
يَوۡمَ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا سَعَىٰ
Ал күнү инсан жакшылык болобу, жамандык болобу кылган иш-аракеттерин эстеп келет.
عربي تفسیرونه:
وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِمَن يَرَىٰ
Тозок алып келинет жана ал көрө тургандарга ачык көрүнөт.
عربي تفسیرونه:
فَأَمَّا مَن طَغَىٰ
Кимде-ким адашууда чектен чыкса,
عربي تفسیرونه:
وَءَاثَرَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا
өткөөл дүйнө жашоосун түбөлүктүү тигил жашоодон артык көрсө,
عربي تفسیرونه:
فَإِنَّ ٱلۡجَحِيمَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ
анда анын баш калкалап, турукташкан жайы тозок болот.
عربي تفسیرونه:
وَأَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ وَنَهَى ٱلنَّفۡسَ عَنِ ٱلۡهَوَىٰ
Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот.
عربي تفسیرونه:
فَإِنَّ ٱلۡجَنَّةَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ
Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот.
عربي تفسیرونه:
يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرۡسَىٰهَا
Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар сенден: «Кыямат качан болот?» – деп сурашат.
عربي تفسیرونه:
فِيمَ أَنتَ مِن ذِكۡرَىٰهَآ
Сен аны аларга айткыдай ал тууралуу билбейсиң жана бул сенин ишиң да эмес. Чындыгында сенин ишиң – ага даярдык көрүү гана.
عربي تفسیرونه:
إِلَىٰ رَبِّكَ مُنتَهَىٰهَآ
Кыяматты билүү Раббиңе гана келип токтойт.
عربي تفسیرونه:
إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخۡشَىٰهَا
Чындыгында сен кыяматтан корккондорду эскертүүчүсүң. Анткени ошолор сенин эскертмеңден пайда алышат.
عربي تفسیرونه:
كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَهَا لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا عَشِيَّةً أَوۡ ضُحَىٰهَا
Алар кыяматты ачык көрүшкөн күнү, алар дүйнө жашоосунда бир күн же түшкө чейин жашагандай эле болуп калат.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• وجوب الرفق عند خطاب المدعوّ.
Даават кылынган адамга сүйлөгөн кезде жумшактык кылуунун милдеттүүлүгү.

• الخوف من الله وكفّ النفس عن الهوى من أسباب دخول الجنة.
Аллахтан коркуу жана өзүн напси каалоолорунан тыюу – бейишке кирүүнүн себептеринен.

• علم الساعة من الغيب الذي لا يعلمه إلا الله.
Кыяматтын илими – Аллах гана билген кайыптардан.

• بيان الله لتفاصيل خلق السماء والأرض.
Аллах асман менен жердин жаралуусун майда-чүйдөсүнө чейин баяндады.

 
د معناګانو ژباړه سورت: نازعات
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول