Check out the new design

ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - කිර්ගිස්තානු පරිවර්තනය - ෂම්සුද් දීන් හකිමූෆ් * - පරිවර්තන පටුන

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: අල් මාඉදා   වාක්‍යය:
سَمَّٰعُونَ لِلۡكَذِبِ أَكَّٰلُونَ لِلسُّحۡتِۚ فَإِن جَآءُوكَ فَٱحۡكُم بَيۡنَهُمۡ أَوۡ أَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡۖ وَإِن تُعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ فَلَن يَضُرُّوكَ شَيۡـٔٗاۖ وَإِنۡ حَكَمۡتَ فَٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِٱلۡقِسۡطِۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُقۡسِطِينَ
Алар жалганга кулак салуучулар, арамды жечүлөр. Эгер алар сага (өкүм сурап) келсе, кааласаң - өкүм кыл, кааласаң - жүз бур. Жүз бурсаң деле, сага эч кандай зыян тийгизе алышпайт. Эгер өкүм кылчу болсоң, алардын арасында (ким болуусуна карабай) адилеттик менен өкүм кыл. Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَكَيۡفَ يُحَكِّمُونَكَ وَعِندَهُمُ ٱلتَّوۡرَىٰةُ فِيهَا حُكۡمُ ٱللَّهِ ثُمَّ يَتَوَلَّوۡنَ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَۚ وَمَآ أُوْلَٰٓئِكَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Алар эмне үчүн сенден өкүм сурап жатышат?! Аларда Тоорат бар го! Анда Аллахтын өкүмдөрү бар эле го?![1] Кийин... ушундан кийин деле, тескери карап (өкүмдү аткарбай) кетишет. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес!
[1] Алар өз каалоолоруна ылайык келбегени себептүү Тоорат өкүмдөрүнө кулак салбай, "биздин каалообузга ылайык өкүм айтып берээр бекен" деген үмүт менен Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын алдына келишүүдө. Пайгамбарыбыз аларга Аллахтын өкүмүн кандай болсо, ошондой айтып берген.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
إِنَّآ أَنزَلۡنَا ٱلتَّوۡرَىٰةَ فِيهَا هُدٗى وَنُورٞۚ يَحۡكُمُ بِهَا ٱلنَّبِيُّونَ ٱلَّذِينَ أَسۡلَمُواْ لِلَّذِينَ هَادُواْ وَٱلرَّبَّٰنِيُّونَ وَٱلۡأَحۡبَارُ بِمَا ٱسۡتُحۡفِظُواْ مِن كِتَٰبِ ٱللَّهِ وَكَانُواْ عَلَيۡهِ شُهَدَآءَۚ فَلَا تَخۡشَوُاْ ٱلنَّاسَ وَٱخۡشَوۡنِ وَلَا تَشۡتَرُواْ بِـَٔايَٰتِي ثَمَنٗا قَلِيلٗاۚ وَمَن لَّمۡ يَحۡكُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Биз (Муса пайгамбарга) ичинде Нур жана туура жол болгон Тооратты түшүрдүк. Аны менен яхудилерге, Аллахка моюн сунган пайгамбарлар, раббанийлер (элдерди Шарият боюнча тарбиялагандар) жана чоң аалымдар өкүм кылышты. Себеби, Аллахтын китеби аларга аманат коюлган жана алар ал Китепке күбө болуучулар эле. (О, дин жетекчилери!) Адамдардан коркпогула! Менден гана корккула! Менин аяттарымды арзан баага сатып жибербегиле! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар анык каапырлар!
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَكَتَبۡنَا عَلَيۡهِمۡ فِيهَآ أَنَّ ٱلنَّفۡسَ بِٱلنَّفۡسِ وَٱلۡعَيۡنَ بِٱلۡعَيۡنِ وَٱلۡأَنفَ بِٱلۡأَنفِ وَٱلۡأُذُنَ بِٱلۡأُذُنِ وَٱلسِّنَّ بِٱلسِّنِّ وَٱلۡجُرُوحَ قِصَاصٞۚ فَمَن تَصَدَّقَ بِهِۦ فَهُوَ كَفَّارَةٞ لَّهُۥۚ وَمَن لَّمۡ يَحۡكُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Биз аларга (яхудилерге) анда (Тооратта): “Жанга-жан, көзгө-көз, мурунга-мурун, кулакка-кулак, тишке-тиш жана (башка) жарааттарга өч (алынат)” деп жазып койдук.[1] Ал эми, кимде-ким өчүн (албай) кечирип жиберсе, бул (жакшылыгы) ал (кылмышкер) үчүн толук актоо болот. Жана кимде-ким Аллах түшүргөн (ушул) нерселер менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык залымдар.[2]
[1] Курани Карим бул өкүмдөрдү жокко чыгарбады. Ошондуктан, Исламда да ушул сыяктуу өч алынат. Өч алуу кандай зыян тарткан болсо дал ошондой зыян менен жооп берүү менен аткарылат.
[2] Ибн Аббас “залымдар” деген сөздү, “зулумдун үстүнө зулум, каапырчылыктын үстүнө каапырчылык кылгандар, башкача айтканда “ашынган каапырлар” деп тафсир кылган.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
 
අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: අල් මාඉදා
සූරා පටුන පිටු අංක
 
ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - කිර්ගිස්තානු පරිවර්තනය - ෂම්සුද් දීන් හකිමූෆ් - පරිවර්තන පටුන

ශම්ස් අල්දීන් හකීමොෆ් අබ්දුල්ඛාලික් විසින් පරිවර්තනය කර ඇත, රුව්වාද් පරිවර්තන මධ්‍යස්ථානයේ අධීක්ෂණය යටතේ වැඩි දියුණු කර ඇත.

වසන්න