Жана “Бизге бүлгүн (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллах алардын тооболорун кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур, дүлөй болуп алышты. Аллах алардын кылмыштарын көрүүчү.
“Аллах – бул Марямдын уулу Иса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Иса-Масих аларга: “О, Исраил урпактары! Менин да, силердин да Раббиңер Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах аны бейишке киргизбейт жана анын жайы тозок болот. Өзүнө залым кылуучуларга жардамчы болбойт!
“Аллах – үчөөнүн үчүнчүсү”[1] дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, аларга окшогон каапырларды жан ооруткан азап кармайт!
[1] Христиандардын дагы бир жамааты “Аллах үчөөнүн (Аллах, Иса, Ыйык Рух) үчүнчүсү”, алардын үчөөндө тең кудайлык касиети бар” - деп ишенишет.
Марямдын уулу Иса болгону, пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (илимдүү, таза, ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн.[1] Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллах жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун.
[1] Бул алардын кудай эмес экенине эң чоң далил. Анткени, Кудай деген эч нерсеге муктаж болбогондой, тамак-ашка да муктаж болбойт. Кээ бир христиан жамааттары Марямды пайгамбар деп да ишенишет. Муну кайдан алышты. Марям болгону бир сиддика – таза, ибадаттуу, такыба кыз эле. Ал эми, Аллах таала: { وَمَا أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًا نُّوحِي إِلَيْهِمْ ْ} «Биз (Оо, Мухаммад), сенден мурда жалаң эркектерден гана пайгамбар жиберип, аларга вахий кылганбыз» деген аятта аял затынан пайгамбар жибербегенин айткан.
Айткын: “О, китеп берилгендер! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен элдин каалоолоруна ээрчип кетпегиле.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
සෙවීමේ ප්රතිඵල:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".