Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Baqarah   Ayah:
۞ مَا نَنسَخۡ مِنۡ ءَايَةٍ أَوۡ نُنسِهَا نَأۡتِ بِخَيۡرٖ مِّنۡهَآ أَوۡ مِثۡلِهَآۗ أَلَمۡ تَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Аллах таала Курандагы кайсы бир аяттын өкүмүн жокко чыгарса, же анын сөздөрүн өчүрүп, адамдар аны унутса, анда эртеби-кечпи Аллах андан да пайдалуусун же ошого окшогонун алып келерин баяндайт. Бул Аллахтын илими жана даанышмандыгы менен болот. Оо, пайгамбар! Сен Аллах бардык нерсеге кудуреттүү экенин билесиң. Ошондуктан Ал Өзү каалаганын кылат жана Өзү каалагандай өкүм чыгарат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَلَمۡ تَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٍ
Оо, пайгамбар! Сен Аллах асмандардын жана жердин Падышасы экенин, каалаганды өкүм кыларын, пенделерин каалаган нерсеге буйруп, каалаган нерседен тыярын, шариятына каалаганын бекитип, каалаганын жокко чыгарарын билесиң. Силерге Аллахтан кийин ишиңерди башкара турган эч бир колдоочу жок жана силерди зыяндан куткарган жардамчы да жок. Аллах гана ошонун баарысын жөнгө салуучу жана ага кудуреттүү.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَمۡ تُرِيدُونَ أَن تَسۡـَٔلُواْ رَسُولَكُمۡ كَمَا سُئِلَ مُوسَىٰ مِن قَبۡلُۗ وَمَن يَتَبَدَّلِ ٱلۡكُفۡرَ بِٱلۡإِيمَٰنِ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ
Оо, мусулмандар! Мурда Мусанын коому каяша жана каршылык иретинде өз пайгамбарынан: «Бизге Аллахты ачык көрсөт» (ниса, 153) деп сурашканы сыяктуу силер дагы пайгамбарыңардан ошентип сураганыңар туура эмес. Кимде-ким каапырлыкты ыйманга алмаштырса, анда ал туура жол болгон ортолук жоктон адашкан болот.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَدَّ كَثِيرٞ مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ لَوۡ يَرُدُّونَكُم مِّنۢ بَعۡدِ إِيمَٰنِكُمۡ كُفَّارًا حَسَدٗا مِّنۡ عِندِ أَنفُسِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلۡحَقُّۖ فَٱعۡفُواْ وَٱصۡفَحُواْ حَتَّىٰ يَأۡتِيَ ٱللَّهُ بِأَمۡرِهِۦٓۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Көпчүлүк жөөттөр жана христиандар өздөрүндөгү көрө албастыктан улам, силерди ыйман келтиргениңерден кийин мурда кудайларга сыйынган каапыр абалыңарга кайтарууну эңсешет. Алар муну пайгамбар Аллахтан алып келген нерсе акыйкат экени анык болгондон кийин каалашат. Оо, ыймандуулар! Эми аларга Аллахтын өкүмү келгенге чейин, алардын кылгандарын кечиргиле, наадандыктарына жана жан дүйнөсүндөгү жамандыктарга көз жумуп койгула. Аллахтын бул буйругу жана өкүмү келди. Каапырга Исламды кабыл алууга же салык төлөөгө же согушууга тандоо берилди. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, силер Аны алсырата албайсыңар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَۚ وَمَا تُقَدِّمُواْ لِأَنفُسِكُم مِّنۡ خَيۡرٖ تَجِدُوهُ عِندَ ٱللَّهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Намазды өзүнүн парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткаргыла, тиешелүү адамдарга мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле. Жашоодо кандай жакшылык иш кылсаңар да, аны өлүмдөн алдын өзүңөр үчүн камылга катары кылгыла. Мына ошондо кыямат күнү анын сообун Раббиңердин алдынан табасыңар, Ал силерге анын сыйлыгын берет. Чындыгында Аллах эмне кылып жатканыңарды көрүп турат жана ар бирине кылган иштерине жараша сыйлыгы берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالُواْ لَن يَدۡخُلَ ٱلۡجَنَّةَ إِلَّا مَن كَانَ هُودًا أَوۡ نَصَٰرَىٰۗ تِلۡكَ أَمَانِيُّهُمۡۗ قُلۡ هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Жөөттөр менен христиандардын бардык топтору: «Бейиш аларга гана таандык» – дешет. Жөөттөр: «Бейишке жөөттөр гана кирет» – дешсе, христиандар: «Бейишке христиандар гана кирет» – дешет. Бул алардын куру кыялдары жана бузуку элестери. Оо, пайгамбар! Аларга жооп катары: «Эгерде айтып жатканыңар чын болсо, ошол ойлоп жаткан нерсеңерге далил алып келгилечи?!» – деп айт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
بَلَىٰۚ مَنۡ أَسۡلَمَ وَجۡهَهُۥ لِلَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ فَلَهُۥٓ أَجۡرُهُۥ عِندَ رَبِّهِۦ وَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Чындыгында бейишке Аллахка чын ыклас менен бет алгандар гана кирет. Ал ыкластуулугу менен бирге пайгамбар алып келгенди ээрчип, ибадатты жакшы деңгээлде аткарат. Ал кайсы топтон болсо да бейишке кирет, анын сообу Раббисинин алдында, алар үчүн келечекте болуучу акыреттеги нерселерден эч кандай коркунуч жок жана алар дүйнөдө өткөрүп жиберген нерселер үчүн да өкүнүшпөйт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• أن الأمر كله لله، فيبدل ما يشاء من أحكامه وشرائعه، ويبقي ما يشاء منها، وكل ذلك بعلمه وحكمته.
Бардык иштер Аллахка таандык. Ошондуктан Ал өкүмдөрдүн жана шарияттардын каалаганын өзгөртүп, каалаганын калтырат. Мурун баары Анын илими жана даанышмандыгы менен болот.

• حَسَدُ كثيرٍ من أهل الكتاب هذه الأمة، لما خصَّها الله من الإيمان واتباع الرسول، حتى تمنوا رجوعها إلى الكفر كما كانت.
Китеп ээлеринин көпчүлүгү Аллах бул үммөткө ыйманды жана пайгамбарды ээрчүүнү ыйгарганы үчүн аларга көрө албастык кылышты. Жадагалса аларды мурунку каапырлыгына кайтууларын каалашты.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara