Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Baqarah   Ayah:
۞ وَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ فِيٓ أَيَّامٖ مَّعۡدُودَٰتٖۚ فَمَن تَعَجَّلَ فِي يَوۡمَيۡنِ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِ وَمَن تَأَخَّرَ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِۖ لِمَنِ ٱتَّقَىٰۗ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ
Саналуу күндөр болгон Зулхижжанын 11-12-13-күндөрүндө Аллахты улуктоо жана келме сөздөрүн айтуу менен эстегиле. Ким шашылыш түрдө 12-күнү таш аткандан кийин Минадан чыгып кетсе, бул ага уруксат жана ал күнөөкөр эмес. Анткени Аллах ага жеңилдик кылган. Ал эми ким таш атуу үчүн 13-күнгө чейин калып кетсе, бул ага уруксат жана ал күнөөкөр эмес. Анткени ал эң толук деңгээлде аткарды жана пайгамбардын жолун жолдоду. Мунун баары ажылык учурунда Аллахтан корккон жана Ал буйругандай деңгээлде аткаргандар үчүн. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен Андан корккула жана акыры Ага гана кайтып барарыңарды анык билгиле. Ошондо Ал иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُعۡجِبُكَ قَوۡلُهُۥ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَيُشۡهِدُ ٱللَّهَ عَلَىٰ مَا فِي قَلۡبِهِۦ وَهُوَ أَلَدُّ ٱلۡخِصَامِ
Оо, пайгамбар! Адамдардын арасында сүйлөгөн сөздөрү менен сени таң калтырган эки жүздүү бар. Сен анын кооз сүйлөгөнүн көрүп, аны чын сүйлөп, туура насаат берип жатат деп ойлойсуң. Бирок анын максаты – өз жанын жана мал-мүлкүн гана сактап калуу. Аллах анын жүрөгүндөгү ыйман менен жакшылыктын жалган экенине күбөлүк берет. Ал мусулмандарга катуу душмандык жана кастык кылат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذَا تَوَلَّىٰ سَعَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيُفۡسِدَ فِيهَا وَيُهۡلِكَ ٱلۡحَرۡثَ وَٱلنَّسۡلَۚ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلۡفَسَادَ
Ал сенден бурулуп, алыстап кеткенде, жер бетин күнөөлөр аркылуу бузуу, эгиндерди жок кылуу жана малдарды кыруу үчүн болушунча аракет кылат. Аллах жер бетиндеги бузукулукту жана аны кылгандарды да жакшы көрбөйт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذَا قِيلَ لَهُ ٱتَّقِ ٱللَّهَ أَخَذَتۡهُ ٱلۡعِزَّةُ بِٱلۡإِثۡمِۚ فَحَسۡبُهُۥ جَهَنَّمُۖ وَلَبِئۡسَ ٱلۡمِهَادُ
Ал эми ошол бузукуга насаат иретинде: «Аллахтын чектерин сыйлап жана тыйгандарын таштап Андан корк» – деп айтылса, анын текеберлиги жана менменсинүүсү аны акыйкатка кайтуудан тосту жана ал күнөөсүн уланта берди. Эми анын жазасы тозокко кирүү үчүн жетиштүү. Ал андагы адамдар үчүн кандай жаман турак-жай!
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَشۡرِي نَفۡسَهُ ٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ ٱللَّهِۚ وَٱللَّهُ رَءُوفُۢ بِٱلۡعِبَادِ
Адамдардын арасында өз жанын сатып, аны Раббисине моюн сунууга, Анын жолунда согушууга жана Анын ыраазылыгын табууга арнаган ыймандуусу да бар. Аллах пенделерине чексиз ырайымдуу жана аларга боорукер.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱدۡخُلُواْ فِي ٱلسِّلۡمِ كَآفَّةٗ وَلَا تَتَّبِعُواْ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ إِنَّهُۥ لَكُمۡ عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Исламга толугу менен киргиле жана китеп ээлери китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүнө каапыр болгону сыяктуу, анын эч бир нерсесин таштабагыла. Ошондой эле шайтандын жолдорун жолдобогула. Анткени ал силерге душмандыгын ачык көрсөткөн анык душман.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَإِن زَلَلۡتُم مِّنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡكُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Эгер силерге эч кандай шек-күмөнү жок ачык-айкын далилдер келгенден кийин катачылык кетирип, четтеп кетсеңер, анда билгиле, Аллах кудуреттүүлүгүндө жана үстөмдүүлүгүндө Каардуу, башкаруусунда жана шариятында Даанышман. Андыктан Андан корккула жана Аны улуктагыла.
Ang mga Tafsir na Arabe:
هَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن يَأۡتِيَهُمُ ٱللَّهُ فِي ظُلَلٖ مِّنَ ٱلۡغَمَامِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَقُضِيَ ٱلۡأَمۡرُۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ
Шайтандын жолдорун жолдоп, акыйкат жолдон тайгандар кыямат күнү Аллах Өзүнүн улуктугуна ылайыктуу абалда алардын ортосунда өкүм чыгаруу үчүн булуттардын көлөкөсүндө келерин жана периштелер да аларды туш тараптан тегеректеп келишерин гана күтүп жатышабы? Ошондо аларга Аллахтын буйругу менен өкүм кылынат, ал жыйынтыкталат жана бардык макулуктардын иштери жалгыз Ага кайтарылат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• التقوى حقيقة لا تكون بكثرة الأعمال فقط، وإنما بمتابعة هدي الشريعة والالتزام بها.
Чыныгы такыбалык – иш-аракеттердин көптүгү менен эле эмес, ал шарияттын жол-жоболорун ээрчүү жана аны бекем кармануу менен болот.

• الحكم على الناس لا يكون بمجرد أشكالهم وأقوالهم، بل بحقيقة أفعالهم الدالة على ما أخفته صدورهم.
Адамдарга сырткы көрүнүшүнө жана сөздөрүнө карап өкүм берилбейт, алардын көкүрөгүндөгү жашырылган нерселерди айгинелеп турган иш-аракеттеринин чындыгына карап өкүм берилет.

• الإفساد في الأرض بكل صوره من صفات المتكبرين التي تلازمهم، والله تعالى لا يحب الفساد وأهله.
Жер бетинде бузукулуктун бардык түрүн кылуу – текеберлердин ажырагыс сыпаттарынан. Аллах таала бузукулукту жана аны кылгандарды жакшы көрбөйт.

• لا يكون المرء مسلمًا حقيقة لله تعالى حتى يُسَلِّم لهذا الدين كله، ويقبله ظاهرًا وباطنًا.
Адам бул динге толук моюн сунмайынча жана аны сыртынан да, ичинен да кабыл алмайынча Аллах тааланын алдында чыныгы мусулман боло албайт.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara