Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: At-Tawbah   Ayah:
ٱنفِرُواْ خِفَافٗا وَثِقَالٗا وَجَٰهِدُواْ بِأَمۡوَٰلِكُمۡ وَأَنفُسِكُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Оо, ыймандуулар! Кыйынчылык жана бакубатчылыкта, жаштык жана карылыкта Аллах жолунда согушууга баргыла жана өз жаныңар жана мал-мүлкүңөр менен согушкула. Мына ошол силердин согушка барууңар жана мал-жаныңар менен согушканыңар бул дүйнөдө да, акыретте да силердин барбай койгонуңарга жана мал-жаныңардын амандыгын ойлогонуңарга караганда силерге көбүрөөк пайда алып келет. Эгерде муну билсеңер анда ага умтулгула.
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَوۡ كَانَ عَرَضٗا قَرِيبٗا وَسَفَرٗا قَاصِدٗا لَّٱتَّبَعُوكَ وَلَٰكِنۢ بَعُدَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلشُّقَّةُۚ وَسَيَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ لَوِ ٱسۡتَطَعۡنَا لَخَرَجۡنَا مَعَكُمۡ يُهۡلِكُونَ أَنفُسَهُمۡ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Оо, пайгамбар! Сенден согушка барбай эле коёлу деп уруксат сураган эки жүздүүлөргө силер чакырган нерседе оңой олжолор жана машакатсыз жол жүрүү болгондо алар сени сөзсүз ээрчишмек. Бирок силер душманга карай басып өтө турган аралык аларга алыс көрүнгөнү үчүн согушка барбай коюшту. Согушка барбай эле коёлу деп уруксат сураган мына ошол эки жүздүүлөр сен кайтып келгенде касам ичишип: «Эгерде биз дагы силер менен согушка барууга чамабыз жеткенде сөзсүз бармакпыз» – деп айтышат. Алар согушка барышпаганы жана ушундай жалган анттары себептүү өздөрүн Аллахтын жазасына дуушар кылып кыйратышты. Аллах алар айткан сөздөрүндө жана ушул анттарында жалганчылар экенин билет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
عَفَا ٱللَّهُ عَنكَ لِمَ أَذِنتَ لَهُمۡ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكَ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْ وَتَعۡلَمَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга согушка барбай коюуга уруксат берүү тууралуу сенин кылган чечимиңди Аллах кечирди. Эмнеге сен аларга бул нерседе уруксат бердиң? Мындай кылганыңдын себеби алардын айткан шылтоолорунда кимиси чынчыл, кимиси жалганчы экенин ачык билип, анан ошого жараша алардын чынчылдарына уруксат берип, жалганчыларына уруксат бербейин дедиңби?
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَا يَسۡتَـٔۡذِنُكَ ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ أَن يُجَٰهِدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلۡمُتَّقِينَ
Оо, пайгамбар! Аллахка жана кыямат күнүнө чындап ыйман келтиргендер үчүн мал-жандары менен Аллах жолунда согушка барбай коюуга уруксат суроо алардын кылар иши эмес. Тескерисинче аларды согушка чакырган кезде алар мал-жандары менен чыгып согушуулары керек. Аллах такыба пенделерин жакшы билет. Алар сени менен согушка барууга тоскоол болгон кечиримдүү себептер болгондо гана сенден уруксат сурап келишет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّمَا يَسۡتَـٔۡذِنُكَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَٱرۡتَابَتۡ قُلُوبُهُمۡ فَهُمۡ فِي رَيۡبِهِمۡ يَتَرَدَّدُونَ
Оо, пайгамбар! Сенден согушка барбай коюуга уруксат сурагандар – Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирбеген эки жүздүүлөр. Алардын жүрөктөрүндө Аллахтын дини тууралуу шек бар. Алар өз шектеринде акыйкат жолго түшүшпөй темселеп адашып жүрүшөт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
۞ وَلَوۡ أَرَادُواْ ٱلۡخُرُوجَ لَأَعَدُّواْ لَهُۥ عُدَّةٗ وَلَٰكِن كَرِهَ ٱللَّهُ ٱنۢبِعَاثَهُمۡ فَثَبَّطَهُمۡ وَقِيلَ ٱقۡعُدُواْ مَعَ ٱلۡقَٰعِدِينَ
Эгерде алар силер менен Аллах жолунда согушка чыгууну каалайбыз деген сөздөрүндө чынчыл болушканда, анда алар сөзсүз согушка даярдык көрүшмөк. Бирок Аллах алардын сени менен баруусун жек көрдү. Ошондуктан алар үчүн согушка баруу оор болуп, үйлөрүндө калууну ыраа көрүштү.
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَوۡ خَرَجُواْ فِيكُم مَّا زَادُوكُمۡ إِلَّا خَبَالٗا وَلَأَوۡضَعُواْ خِلَٰلَكُمۡ يَبۡغُونَكُمُ ٱلۡفِتۡنَةَ وَفِيكُمۡ سَمَّٰعُونَ لَهُمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلظَّٰلِمِينَ
Ошол эки жүздүүлөрдүн силер менен барышпаганы да жакшы. Эгер силер менен барышса, анда силерди бузуп, жардамсыз ташташат, шек салышат жана силерди бөлүп жарыш үчүн араңарга кирип ушак-айыңдарды таркатууга аракет жасашат. Эй, ыймандуулар! Араңарда алар таркаткан жалгандарга кулак салгандар бар. Алар аны туура кабыл алып, башкаларга айтышса, араңарда талаш-тартыштар жаралат. Аллах ыймандуулардын арасына шектерди, арам ойлорду таштаган эки жүздүүлөрдөн болгон залымдарды билет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• وجوب الجهاد بالنفس والمال كلما دعت الحاجة.
Зарылдык болгондо мал-жаны менен күрөшүүнүн милдеттиги.

• الأيمان الكاذبة توجب الهلاك.
Жалган ант берүү кыйроого учуратат.

• وجوب الاحتراز من العجلة، ووجوب التثبت والتأني، وترك الاغترار بظواهر الأمور، والمبالغة في التفحص والتريث.
Шашкалактыктан сак болуунун жана шашылбастан такташтыруунун милдетттиги. Ошондой эле сырткы көрүнүшүнө карап алданбоо жана шашылбастан дыккат текшерүү.

• من عناية الله بالمؤمنين تثبيطه المنافقين ومنعهم من الخروج مع عباده المؤمنين، رحمة بالمؤمنين ولطفًا من أن يداخلهم من لا ينفعهم بل يضرهم.
Эки жүздүүлөрдү ыймандуулар менен бирге баруусунан тосуп койгону – Аллахтын ыймандууларга болгон камкордугу. Ыймандууларга пайда бербестен, аларга зыян бергендерди аларга аралашууларынан тыюусу – Аллахтын ыймандууларга болгон мээримдүүлүгү жана ырайымдуулугу.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: At-Tawbah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara