《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 法莱格   段:

Фалак

قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلۡفَلَقِ
Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:[1]
[1] Ушул жана мындан кийинки - “Ан-Нас” сүрөлөрүнүн түшүүсүнө төмөнкү окуя себеп болгон: Лабид деген бир жөөт сыйкырчысы көралбастыктын айынан он бир даана түйүнчөккө дем салып, пайгамбарыбызды сыйкырлап койот. Мунун натыйжасында пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам бир аз унутчаак болуп калганда, Аллах таала “Фалак” жана “Ан-Нас” сүрөлөрүн түшүрүп, алар менен өзүнө дем салууга буюрат. Пайгамбарыбыз ар бир аятты окуган сайын бирден түйүн чечилип, сыйкырдан кутулат. Бул эки сүрөнү пайгамбарыбыз ар кандай жамандыктардан сактанууга жана ооруганда шыпаа болуу үчүн окуганы белгилүү.
阿拉伯语经注:
مِن شَرِّ مَا خَلَقَ
(Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,
阿拉伯语经注:
وَمِن شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ
Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,[1]
[1] Караңгы кирээри менен жин-шайтандар жайылып, ар кандай жамандыктар көбөйөт.
阿拉伯语经注:
وَمِن شَرِّ ٱلنَّفَّٰثَٰتِ فِي ٱلۡعُقَدِ
Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,
阿拉伯语经注:
وَمِن شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ
Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.[1]
[1] Эгер мусулман пенде кимдир бирөөнүн сук назарынан шектенсе, ушул сүрөнү окуйт. Анткени, кээ бир адамдардын сук назары адамга зыян кылышы мүмкүн. Муну эл арасында «көз тийди» деп коюшат. Бул аят көз тийиши акыйкат экенине далил. Пайгамбарыбыздын таалими боюнча, өзүн таң калтырган нерсени көргөн адам “ма шаа Аллаху, табаарак Аллаху” (Аллахтын каалаганы болот, Аллах эң Ыйык) деген дубаны окушу керек. Ошондо анын назары өзүн кызыктырган нерсеге (же адамга) зыян кылбайт.
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 法莱格
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية - 译解目录

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

关闭